Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Кыргыз Республикасынын Шайлоо Кодекси


Бишкек шаары
2007-жылдын 23-октябры N 158

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы
редакциясы тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, N 9, 436-ст.) төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасында бийлик жалпыга тең жана тике шайлоо укугунун негизинде такай өткөрүлүүчү демократиялык шайлоолордо жашыруун добуш берүү аркылуу элдин өзүнүн талаптарын эркин билдиришинин принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Жарандардын шайлоо укуктарын, мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоо жана шайлануу укугунун кепилдигин мамлекет камсыз кылат.

I. ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I глава
Жалпы жоболор.
Жарандардын шайлоо укуктары

1-берене. Ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу мамилелер


Бул Кодекс Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

2-берене. Жарандардын шайлоого катышуу принциптери


1. Кыргыз Республикасында шайлоолор жалпыга тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында шайлоолор республиканын жарандары өз шайлоо укугун эркин жана ыктыярдуу ишке ашырышына негизделет. Жарандын шайлоого катышуусуна же катышпасына, ошондой эле өз эркин ыктыярдуу билдиришине мажбурлоого эч кимдин укугу жок.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Кодекске ылайык шайлоо укуктарына ээ. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул Кодексте белгиленген шайлоо укуктарын ишке ашырышына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасында шайлоону өткөрүү учурунда, эркектер менен катар аялдарга мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга укукту турмушка ашырууга теңдеш мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынат.

3-берене. Жалпы шайлоо укугу

1. 18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жараны шайлоого, ал эми Конституция жана ушул Кодекс менен белгиленген куракка жеткенде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары ата-тегине, жынысына, расасына, улутуна, кызматтык жана мүлктүк абалына, кайсы динди тутканына, саясый жана диний ишенимине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.
3. Сот тарабынан иш-аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.
4. Соттолгондугу алып салынбаган же мыйзам тартибинде жокко чыгарылбаган адамдар мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуксуз.

4-берене. Тең шайлоо укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасында шайлоолорго бирдей негиздерде катышат.

5-берене. Тике шайлоо укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлайт.

6-берене. Жашыруун добуш берүү

Кыргыз Республикасындагы шайлоодо добуш берүү жарандын өз пикирин эркин билдирүүсүнө кимдир-бирөөлөрдүн контролдук кылбашы үчүн жашыруун болуп саналат.

7-берене. Шайлоолордун милдеттүүлүгү жана мезгилдүүлүгү

1. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен белгиленет.
2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо милдеттүү болуп саналат жана мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын бир бөлүгүндө киргизилген өзгөчө же согуш абалынын учурунда шайлоолор өткөрүлбөйт.

8-берене. Ушул Кодексте пайдаланылуучу негизги терминдер

Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө жалпыга таркатыла турган, жалпы элге жарыя кылына турган басма, аудиовизуалдык жана башка материалдар;
жарандардын активдүү шайлоо укугу - мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоого Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугу;
кайрымдуулук иши - жарандарга же юридикалык жактарга мүлктөрдү, анын ичинде акчалай каражаттарын (бекер же жеңилдетилген шартта) чын дили менен берүү, иш аткаруу, кызмат көрсөтүү жагынан жасалган ыктыярдуу иш;
кайрымдуулук уюму - мыйзамдарга ылайык түзүлгөн жана ишинин негизги түрү бүтүндөй алганда коомдун же айрым категориядагы адамдардын таламдарында кайрымдуулук ишин жүзөгө ашыруу болуп саналган коммерциялык эмес уюм;
жакын туугандары - күйөөсү (аялы), ата-энеси, балдары, бир туугандары;
жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиги - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;
мамлекеттик кызматчылар - мамлекеттик бюджеттин эсебинен акчалай акы үчүн кызматы боюнча берилген ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча кесиптик иш аткарган жана анын аткарылышы үчүн жооп берген мамлекеттик кызматты ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары;
шайлоочунун ким экендигин тастыктоочу документ - паспорт (ID картасы) же анын ордуна жүрүүчү документ. Паспорт ордуна жүрүүчү документтерге булар кирет: анык аскердик кызматтагы офицердин күбөлүгү, мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети жана пенсиялык күбөлүк;
мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн иш-милдетин жүзөгө ашырган же болбосо мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруу-тескөө, администрациялык-чарбалык иш-милдеттерди аткарган адам;
шайлоочулардын кошумча тизмеси - шайлоочулардын негизги тизмесин алгандан кийин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясы түзүүчү шайлоочулардын тизмеси, ага добуш берүү күнүнөн мурунку күндөн кечиктирбестен өздөрү шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилбегендиги же шайлоочулардын негизги тизмесинде чындыкка ылайык келбеген маалыматтар бар экендиги жөнүндө жарандардын негизделген жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын негизги тизмесинде чындыкка ылайык келбеген маалыматтар бар экендиги жөнүндө жарандардын негизделген жазуу жүзүндөгү арыздарынын, ошондой эле тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн же соттун чечиминин негизинде шайлоочулар жөнүндө маалыматтар киргизилет;
бирдиктүү шайлоо округу - өзүнө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыган шайлоо округу;
шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары;
шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери (негизги, кошумча), мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле шайлоочуларга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана шайлоо участкасынын имаратынан тышкары добуш берүү үчүн берилген бюллетендер, тизмеден чыгуу күбөлүктөрү, шайлоо комиссияларынын протоколдору, шайлоонун маселелери боюнча алардын чечимдери, талапкерди каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар, "Шайлоо" автоматтык тутумуна киргизилген маалыматтардын ылайыктыгынын актылары, шайлоо округдарынын, участкаларынын тизмелери жана схемалары;
шайлоо комиссиялары - шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган жана камсыз кылган коллегиялык органдар;
жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүүгө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүүгө, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышууга укугу:
маалыматтык программа - күндөлүк окуялар менен жаңылыктар жөнүндө маалыматтардан турган мезгил-мезгили менен берилүүчү теле- жана радиопрограмма;
шайлоолорду маалымат жагынан камсыз кылуу - жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна өбөлгө болуучу шайлоочуларды маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт;
шайлоочуларга маалымдоо - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жана жеке жактардын шайлоо кампаниясынын мезгилинде маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча иши, ал шайлоочулардын шайлоого катышуусуна, жарандардын аңдап-түшүнүү менен добуш беришине, шайлоонун маалымдуулугуна түрткү болот, буга талапкерди (талапкерлердин тизмелерин) шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болгон натыйжаларын, тигил же бул талапкерди (талапкерлердин тизмелерин) жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүнү, талапкерлердин кимдир-бирине (талапкерлердин тизмелерине) карата артыкчылык берүүнү билдирүүнү камтыган, талапкерлердин, саясый партиялардын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер аброюн кетирген маалыматтар, ошондой эле талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтары кирбейт;
талапкер - шайлоо аркылуу мамлекеттик бийлик органында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кызмат ордун ээлөөгө талапкер катары ушул Кодексте белгиленген тартипте көрсөтүлгөн адам;
эл аралык байкоочу - мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү укугуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун өкүл адамы;
убактылуу турган жери - мейманкана, санаторий, эс алуу үйү, пансионат, туристтик база, оорукана, башка ушул сыяктуу мекеме, ошондой эле жарандын туруктуу жашаган жери болуп саналбаган турак жай;
жашаган жери - туруктуу же көпчүлүк учурда турган турак үй, квартира, кызматтык турак жай, адистештирилген үйлөр (жатакана, карылар үчүн атайын үй, майыптар, ардагерлер үчүн жатак үйлөр ж.б.), ошондой эле жаран жалдоо (кошумча жалдоо) келишими, аренда келишими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздерде менчик ээси катары турган турак жайлар;
көп мандаттуу шайлоо округу - бир нече депутат шайланып, алардын ар бирине шайлоочулар жекече добуш бере турган шайлоо округу;
муниципалдык кызматчы - муниципалдык кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акы алуу менен туруктуу негизде кесиптик иш-аракеттерди жүргүзгөн жана алардын аткарылышы үчүн жооп берген Кыргыз Республикасынын жараны;
байкоочу - талапкер, саясый партия, коммерциялык эмес уюм тарабынан ушул Кодексте каралган тартипте добуш берүүнүн өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам;
коммерциялык эмес уюм - коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга ылайык түзүлгөн жана ушул Кодексте белгиленген чектерде шайлоого катышкан уюм;
мамлекеттик бийлик органдары - Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана ыйгарым бийлик укуктарын жүргүзүүчү органдар;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - шайлануучу коллегиялуу органдар, алар түздөн-түз жергиликтүү жамаат тарабынан шайлануучу жана жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү кеңештин депутаттарынан турат;
шайлоочулардын негизги тизмеси - шайлоочулардын тизмеси, аны жарандарды каттоо (эсепке алуу) органдарынан алынган жазуу жүзүндөгү маалыматтардын негизинде системалык администратор түзөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери кол коет жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө тиешелүү шайлоо комиссияларына берет;
жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укугу;
туруктуу жашаган жери - адамдын ким экендигин тастыктаган документте каттоо органынын каттоо белгиси бар жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери;
укук коргоо органдары - ички иштер, улуттук коопсуздук, финансылык полиция, прокуратура, бажы инспекциясы, юстиция органдары, ошондой эле баңги заттарга контролдук кылуу боюнча органдар;
шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясый партиялардын шайлоо кампаниясынын мезгилинде маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча иши, ал шайлоочуларды тигил же бул талапкерлерди (талапкерлердин тизмесин) жактап же аларга каршы добуш берүүгө түртүү максатын көздөйт же ага түртөт;
талапкердин өкүлү - шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөсү, ал катталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, байкоочусу;
саясый партиянын өкүлү - шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөсү, ал талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиянын атынан иш алып баруучу ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам, байкоочу;
көпчүлүк убакта жашаган жери - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн жарандын өндүрүштүк, илимий, кызматтык же башка иши менен байланышкан жашаган жери;
системалык администратор - тийиштүү шайлоо комиссиясында "Шайлоо" автоматташтырылган маалымат тутумунун комплексинин иштешин камсыз кылуучу адис;
мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси - шайлоочулардын тизмеси, ал добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн калганда тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт, ага негизделген жазуу жүзүндөгү арыздын жана ушул Кодексте белгиленген тиешелүү документтерди көрсөтүүнүн негизинде мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар жөнүндө маалыматтар киргизилет;
талапкерлердин тизмеси - пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясый партия көрсөткөн талапкерлердин шайлоо комиссиясы тарабынан катталган бирдиктүү тизмеси.

II глава
Шайлоо комиссиялары

9-берене. Шайлоо комиссияларынын тутуму

1. Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы);
2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары (мындан ары - облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары);
3) райондук, шаардык шайлоо комиссиялары;
4) участкалык шайлоо комиссиялары.
3. Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө Мыйзам, ушул Кодекс жана шайлоо жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
4. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көз карандысыз. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, саясый партиялар, башка юридикалык жактар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле айрым жарандар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.
5. Шайлоо комиссиялары өз компетенциясынын чегинде кабыл алган алардын чечимдери жана актылары мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, башка юридикалык жактар, алардын кызмат адамдары, талапкерлер, саясый партиялар, шайлоочулар, ошондой эле өзүнөн төмөнкү шайлоо комиссиялары үчүн милдеттүү.
6. Шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан ашкере кетүү менен кабыл алынган чечимдери жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылууга тийиш.
7. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, атап айтканда, зарыл имарат жайларды, транспорт, байланыш каражаттарын, техникалык жабдууларды, маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына эки календарлык күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн кийинки күнү дароо жооп берүүгө милдеттүү.
8. Шайлоо комиссиялары саясый партияларга, коммерциялык эмес уюмдарга, башка юридикалык жактарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле алардын кызмат адамдарына шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч менен ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө кайрыла алат.

10-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары

1. Борбордук шайлоо комиссиясы:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышына контролдук кылат, алардын бирдей колдонулушун камсыз кылат;
2) шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат, шайлоо комиссияларынын ишине жетекчилик кылат;
3) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген токтомдорду, нускоолорду, жоболорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышына контролдук кылат;
4) төмөн турган шайлоо комиссияларына укуктук, усулдук, уюштуруу-техникалык жактан жардам берет;
5) Президентти шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиясы катары иштейт;
6) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиясы катары иштейт;
7) облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзөт жана алардын курамдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;
8) шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү, шайлоо комиссияларынын ишин жана алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну, алар имарат жайларды, транспортту, байланышты пайдалангандыгы үчүн акыны, башка чыгымдарды финансылык жактан камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын бөлүштүрөт, шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;
9) атайын фонд түзөт жана түшкөн каражаттарды шайлоо өткөрүүгө, шайлоо системасын өнүктүрүүгө, шайлоо комиссияларынын иш аракеттерин камсыз кылууга пайдаланат;
10) шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын жана талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун, атайын фонддордун каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартибин аныктайт, бул каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук кылат;
11) шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндөгү каржы отчетторунун, талапкерлердин, саясый партиялардын, атайын фонддун каржылык отчетторунун формаларын белгилейт;
12) Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын, аларды даярдоо тартибин белгилейт жана текстин бекитет; жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана даярдоо тартибин белгилейт;
13) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарынын протоколдорунун, талапкерлерди колдогон кол коюлуучу барактардын, башка шайлоо документтеринин формаларын; тунук материалдардан жасалууга тийиш болгон добуш берүү үчүн ящиктердин үлгүлөрүн; добуш берүү үчүн кабинанын формасын; шайлоо документтерин сактоо мөөнөтүн жана тартибин белгилейт; шайлоо комиссияларынын мөөрлөрүнүн үлгүлөрүн бекитет, аларды даярдоону камсыз кылат. Ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мөөрлөрү жазуусунун мазмуну жана цифралык номери боюнча бири-биринен айырмаланат. Мында участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрүнүн номери тийиштүү шайлоо участкасынын номерине туура келет;
14) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин, башка шайлоо документтерин даярдоону камсыз кылат;
15) министрликтердин жана мамлекеттик бийликтин бөлөк органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча билдирүүлөрүн угат;
16) шайлоого байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, чет өлкөлүк жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуу тартибин белгилейт, аларды тийиштүү документтер менен камсыз кылат;
17) талапкерлерге, саясый партияларга телерадиоуюмдарынын каналдарында эфир убактысын, мезгилдүү басмасөз беттеринде басма аянтчаларын берүү тартиби жөнүндө нускоолорду же башка ченемдик актыларды чыгарат;
18) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары менен бирдикте шайлоочуларды каттоонун (эсепке алуунун) мамлекеттик тутумун уюштурат;
19) Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттайт;
20) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча саясый партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттайт;
21) Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттайт;
22) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттайт;
23) Президенттин кызмат ордуна катталган талапкерлерге, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;
24) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге, саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;
25) шайлоо алдындагы кампаниянын жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга маалымдайт;
26) төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотуна жиберет, ошондой эле аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт;
27) шайланган Президентти каттайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн, төш белгисин жана Штандартын (Желегин) тапшырат;
28) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт;
29) Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү, төш белгини тапшырат;
30) округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде бүтүндөй алганда республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын белгилейт жана шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;
31) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таба алат;
32) кайра добуш берүүнү, кайталап добуш берүүнү дайындайт жана шайлоо округунда аларды өткөрүүнү округдук шайлоо комиссиясына тапшырат, мында чечимде ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте шайлоону жаңы курамдагы участкалык шайлоо комиссиялары өткөрүшүнүн зарылчылыгын көрсөтө алат;
33) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте кайталап шайлоо өткөрүүнү дайындайт жана уюштурат;
34) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине арызданууларды жана даттанууларды карайт, алар боюнча чечим чыгарат;
35) шайлоону даярдоо жана өткөрүү, Кыргыз Республикасында шайлоо тутумун өнүктүрүү, шайлоочуларды укуктук жактан окутуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын кесиптик жактан даярдоо менен байланышкан максаттуу программаларды ишке ашырууну камсыз кылат.
36) шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди сактоо жана архивге өткөрүү мөөнөттөрүн, тартибин белгилейт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

11-берене. Шайлоо комиссияларынын статусу жана аларды түзүү
тартиби


1. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чечүүчү добуш укугу бар 11 мүчөнүн курамында түзүлөт. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги алар түзүлгөн күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жыл. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары комиссиялардын жаңы курамы түзүлгөн учурдан тартып токтотулат.
Облусттук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук башталыштарда иштейт.
2. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары шайлоо дайындалгандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен облустук, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан төраганын, катчынын жана кеминде 5 мүчөнүн курамында түзүлөт. Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги алар түзүлгөндөн кийин 3 календарлык күндөн кечиктирилбестен облустук, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук башталыштарда иштейт.
3. Участкалык шайлоо комиссиялары жогору турган шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар кеминде 7 мүчөсүнүн курамында түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссияларынын сандык курамы аларды түзгөн тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет.
Участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги алар түзүлгөндөн кийин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жөнөтүлөт, булар аларды өзүнүн жакынкы чыгарылышында жарыялайт.
Участкалык шайлоо комиссиялары өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары болуп шайлана албайт.
Участкалык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук башталыштарда иштейт.
4. Шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар, курагы боюнча улуу мүчөсү ачат жана өткөрөт.
5. Шайлоо комиссияларын саясый партиялардын, шайлоочулардын чогулуштарынын сунушу боюнча жогору турган шайлоо комиссиялары түзөт.
Жогору турган шайлоо комиссиясы сунуш кылынган талапкерлердин ичинен комиссиянын мүчөлөрүн бекитет. Эгерде саясый партиялардан, шайлоочулардын чогулуштарынан өкүлдөрдүн саны комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынан көп болуп чыкса, маселе Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген чүчүкулак кармоо менен чечилет.
Шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан, шайлоочулардын чогулушунан бирден ашык өкүл, ошондой эле бир эле уюмдан (мекемеден, ишканадан) бирден ашык өкүл болушу мүмкүн эмес. Саясый партиялардын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын түзө албайт. Эгерде саясый партиялардан өкүлдөрдүн саны белгиленген сандан көп болуп чыкса, маселе чүчүкулак кармоо менен чечилет.
Эгерде саясый партиялар шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө ушул Кодексте белгиленген сандагы талапкерлерди көрсөтпөсө, алардын орду шайлоочулардын чогулуштары көрсөткөн шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер менен толтурулат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин кызматчылары шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын түзө албайт. Көрсөтүлгөн жоболор ооруканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө жана шайлоочулар убактылуу жүргөн башка жерлерде, жетүүгө кыйын болгон жана алыскы райондордо, тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоо изоляторлорунда, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн аймактарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде участкалык шайлоо комиссияларын түзүү учурунда колдонулбашы мүмкүн.
Тандалган талапкерлер тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет.
Чүчүкулак кармоонун жыйынтыгы боюнча шайланбаган жана (же) шайлоо комиссиясынын курамына киргизилбеген талапкерлер шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар айрым мүчөлөрү чыгып калган учурда аларды шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн резервди түзөт. Резерв жок болгон учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын курамына жаңы талапкерлерди киргизүүгө укуктуу, ал эми шайлоо комиссиясы таркатылган учурда шайлоо комиссиясын саясый партиялардан жана шайлоочулардын чогулуштарынан кайрадан сунуш кылынган талапкерлердин ичинен түзөт.
6. Тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер талапкерлердин тизмеси катталгандан кийин, катталган талапкер же талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партия талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясына, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларына кеңеш берүү добуш укугу менен комиссиянын бирден мүчөсүн дайындоого укуктуу. Катталган талапкер же саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тийиштүү шайлоо комиссиясына расмий документтерди жиберүүгө тийиш, анын төрагасы дайындалган адамдарды кеңеш берүү добуш укугу бар комиссия мүчөлөрүнүн тизмесине киргизет жана аларга күбөлүк берет.
Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, аскер бөлүктөрүндө, аскер уюмдарында, мекемелеринде командалык кызмат ордун ээлеген адамдар, судьялар, прокурорлор, ошондой эле соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жокко чыгарылбаган адамдар комиссиянын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөсү болуп дайындалбайт.
Кеңеш берүү добуш укугу бар комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары комиссиянын бул мүчөсүн дайындаган талапкердин, саясый партиянын чечими менен токтотулушу жана башка адамга берилиши мүмкүн.

12-берене. Шайлоо комиссияларын таратуу тартиби

1. Туруктуу иштеген шайлоо комиссияларын кошпогондо, шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан төмөнкүдөй учурларда таратылышы мүмкүн:
а) шайлоо комиссиялары жарандардын шайлоо укуктарын бузганда, ал жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табышына алып келгенде;
б) ушул Кодекстин талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда;
в) эгерде шайлоо комиссияларынын курамын түзүү учурунда ушул Кодекстин 11-беренесинин талаптары бузулса.
2. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз менен тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясы, ошондой эле талапкер же саясый партия кайрылууга укуктуу.
Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен же кайталап добуш берүүнү жүргүзүү учурунда - бул участкада добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилегенден кийинки мезгилде, бирок кайталап добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз тез арада кароого кабыл алынат жана ал боюнча чечим арыз берилген күндөн тартып 2 календарлык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.
3. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жогору турган шайлоо комиссиясы жаңы курамдагы шайлоо комиссиясын түзөт.
Жаңы курамдагы шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим күчүнө киргенден кийин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө тийиш.
4. Шайлоо комиссиясын таркатуу тиешелүү шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулушуна алып келбейт.

13-берене. Округдук шайлоо комиссиялары жана алардын ыйгарым
укуктары


Округдук шайлоо комиссиясы:
1) тиешелүү аймакта ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына контролдук жүргүзөт жана алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;
2) участкалык шайлоо комиссияларын түзөт;
3) участкалык шайлоо комиссияларынын ишине багыт берет, шайлоо өткөрүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын алардын арасында бөлүштүрөт, бул каражаттар максаттуу пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;
4) тиешелүү аймакта шайлоо өткөрүүнү уюштурат;
5) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемасын иштеп чыгат жана бекитет, шайлоо округдарынын аталыштарын алардын чектерин жана шайлоо комиссияларынын турган жерлерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;
6) шайлоо участкаларында добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, усулдук, уюштуруу-техникалык жардам көрсөтөт;
7) участкалык шайлоо комиссияларын имарат-жайлар, транспорт, байланыш менен камсыз кылууну контролдойт, шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;
8) участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номерлери жөнүндө калкка маалымдайт;
9) шайлоочулардын тизмелерин жалпыга тааныштыруу үчүн сунуш кылууга көзөмөл жүргүзөт;
10) участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракетине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат;
11. шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринин билдирүүлөрүн угат;
12) шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинин текстин бекитет, Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген формага ылайык даярдоону, шайлоо бюллетендерин жана башка документтерди участкалык шайлоо комиссияларына жеткирүүнү камсыз кылат;
13) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын, шайлоо комиссияларынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүн каттайт, аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;
14) талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурат;
15) бардык талапкерлер үчүн шайлоо алдында иш жүргүзүүнүн укуктук бирдей шарттарынын сакталышын камсыз кылат;
16) тиешелүү округу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирет жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду Борбордук шайлоо комиссиясына берет;
17) кайра добуш берүүнү, кайталап добуш берүүнү жана кайталап шайлоону өткөрүүнү уюштурат;
18) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таба алат;
19) жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берет;
20) шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын тескейт, ал каражаттардын бир бөлүгүн участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт, шайлоо округунун аймагында ал каражаттардын максатка ылайык пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;
21) ушул Кодекстин 45-беренесинин 10-пунктунда белгиленген тартипте айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табышы мүмкүн;
22) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди архивге же жогору турган шайлоо комиссиясына берүүнү камсыз кылат;
23) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

14-берене. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары жана алардын
ыйгарым укуктары


1. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиялары катарында иштейт.
2. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары:
1) тиешелүү аймакта шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө контролдук кылат;
2) участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номерлери жөнүндө калкка маалымдайт;
3) тиешелүү аймакта участкалык шайлоо комиссияларынын ишин координациялайт, участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракетине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат;
4) шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт;
5) бардык талапкерлер үчүн шайлоо алдындагы иштин теңдеш укуктук шарттарын сактоону камсыз кылат;
6) шайлоо бюллетендерин жана башка документтерди шайлоо комиссияларына жеткирүүнү уюштурат;
7) шайлоо участкаларында добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык жардам көрсөтөт;
8) тиешелүү аймакта шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду облустук, Бишкек шаардык шайлоо комиссияларына берет;
9) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди архивге же жогору турган шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
10) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

15-берене. Участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары

Участкалык шайлоо комиссиясы:
1) участкалык шайлоо комиссиясынын дареги жана телефон номерлери жөнүндө, анын иш убактысы, ошондой эле добуш берүүчү күн жана анын орду жөнүндө калкка билдирет;
2) шайлоочулардын тизмеси менен шайлоочуларды тааныштырат, шайлоочулардын тизмесиндеги каталыктар жана так эместиктер жөнүндө арыздарды кабыл алат жана карайт, аларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселелерди чечет;
3) шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын жайгаштыруу эрежелеринин сакталышына контролдук кылат;
4) добуш берүү үчүн жайларды, шайлоо ящиктерин жана башка жабдууларды даярдоону камсыз кылат;
5) шайлоо күнү шайлоо участкасында добуш берүүнү уюштурат;
6) шайлоо участкасы боюнча добуштарды эсептейт жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт;
7) ушул Кодекстин бузулганы тууралу арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча чечим кабыл алат;
8) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
9) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

16-берене. Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, талапкерлер, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, башка шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлердин жакын туугандары, талапкерлерге түздөнтүз баш ийүүдө турган адамдар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер кызматчылары, ошондой эле соттуулугу мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салына элек же жоюлбаган адамдар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло алышпайт.
Түздөнтүз баш ийүү деп, ушул Кодексте жетекчи менен ага баш ийген адамдын ортосундагы кызматтык мамилелер эсептелет, бул учурда биринчиси кийинкисине карата ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу, ошондой эле өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде ал милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды, тескемелерди жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, сыйлоо жана тартиптик жаза колдонуу чараларын көрүүгө укуктуу.
2. Бир шайлоо комиссиясынын курамына жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес.
3. Шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы, чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аны түзгөн жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен төмөнкү учурларда бошотулат:
- өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
- Кыргыз Республикасынан тышкары жакка туруктуу жашоо ордуна көчүп кеткенде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же аны жоготкондо;
- аларга карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- иш-аракетке жөндөмсүз, иш-аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, кайтыш болгон же аны дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- кайтыш болгондо;
- ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган негиздер пайда болгондо;
- шайлоо комиссиясынын мүчөсүн бекиткен жогору турган шайлоо комиссиясы чечими менен тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде аны милдеттерин дайыма аткарбайт деп тапканда;
- шайлоо комиссиясы таркатылган учурда.
Төмөн турган шайлоо комиссиясын түзгөн шайлоо комиссиясы жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардан улам чыгып калган шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсүнүн ордуна жаңыларын мурдагылар чыгып калган күндөн баштап үч календардык күндөн кечиктирбестен бекитүүгө (чүчүкулак менен аныктоого) милдеттүү. Мындай учурда жогору турган шайлоо комиссиясы мурда сунуш кылынган жана комиссиянын жыйналышында каралган талапкерликти комиссиянын мүчөсү кылып бекитүүгө укуктуу. Саясый партия тарабынан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын мүчөсү чыгып калган учурда, анын орду, эгерде ошол эле саясый партиянын резервинде башка мүчө бар болсо, ал ээлейт. Андай болбогон учурда анын ордун башка партиянын резервде турган өкүлү ээлейт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы чыгып калган учурда жаңы төрага же катчы тиешелүү шайлоо комиссиясынын жыйналышында комиссиянын өзүнүн курамы тарабынан шайланат.
4. Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде негизги ишинен бошотулган шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги иштеген жери боюнча (менчиктин түрүнө карабастан) орточо эмгек акысын сактап калат. Шайлоо комиссияларынын көрсөтүлгөн мүчөлөрүнө ошондой эле шайлоо өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте сыйлык акы төлөнүшү мүмкүн.
5. Шайлоо комиссияларынын негизги ишинен бошотулбаган чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө узактыгы бир иш жумасы болгон сыйлык акы төлөнүүчү өргүү берилет.
6. Кылмыш жасап жаткан жерде кармалган учурларды кошпогондо, Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоо өткөрүү мезгилинде жогору турган шайлоо комиссиясынын макулдугу болмоюнча, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы жана камакка алынышы, сот тартибинде колдонулуучу администрациялык жаза чараларына кириптер кылынышы мүмкүн эмес.
7. Кылмыш жасап жаткан жерде кармалган учурларды кошпогондо, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана анын мүчөлөрү шайлоону даярдоо жана аларды өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу болмоюнча (түзүү тартиби боюнча) кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы же камакка алынышы мүмкүн эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына жана анын мүчөлөрүнө карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.
8. Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү тийиштүү шайлоо өткөрүү мезгилинде жана шайлоо аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же өздөрүнүн макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу мүмкүн эмес.
9. Тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишин алардын төрагалары уюштурат.
Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү:
- тийиштүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштары жөнүндө күн мурунтан кабарландырылат;
- шайлоо комиссиясынын жыйналышында сөз сүйлөөгө, тийиштүү шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуш киргизүүгө, ал маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүүнү талап кылууга укуктуу;
- шайлоо комиссиясынын жыйналышынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроо берүүгө жана ага тийиштүү жооп алууга укуктуу;
- тийиштүү жана төмөн турган шайлоо комиссиясынын ар кандай документтери жана материалдары менен таанышууга, ал документтер менен материалдардын көчүрмөлөрүн (буга шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендери кирбейт) алууга, ал көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүүнү талап кылууга укуктуу;
- шайлоо комиссиясынын аракетине (аракетсиздигине) жогору турган тийиштүү шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга укуктуу;
- көрсөтүлгөн документ шайлоочунун инсандыгына ылайык келе тургандыгын же жоктугун жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө укуктуу.
10. Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү ошол шайлоо комиссиясы өткөрүүгө катышып жаткан бардык шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, ушул берене менен белгиленген укуктарга ээ.
11. Ушул берененин 9-пунктуна ылайык шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөсү шайлоолорго даярдык көрүү жана аларды өткөрүү маселеси боюнча шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү менен бирдей укукка ээ, ал төмөнкүлөргө укуксуз:
- шайлоо бюллетендерин, тизмеден чыгуу күбөлүктөрүн берүүгө жана аларга кол коюуга;
- шайлоо бюллетендерин сорттоого, жокко чыгарууга жана шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышууга;
- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзүүгө;
- комиссиянын жыйналышында добуш берүүгө катышууга жана шайлоо комиссиясынын чечимине кол коюуга.

17-берене. Шайлоо комиссияларынын ишиндеги маалымдуулук

1. Шайлоо комиссияларынын иши маалымдуу жана ачык жүргүзүлөт.
2. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын өкүлдөрү, же көрсөтүлгөн тизмедеги талапкерлер, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу
3. Тиешелүү шайлоо комиссиясы түздөн-түз жогору турган шайлоо комиссиясына, таламдаш тараптарга шайлоо комиссиясынын жыйналышын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө маалымдоого жана ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына эркин кирүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
4. Ушул Кодекстин 19-беренесинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо комиссияларынын чечимдери ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
5. Добуш берүү күнү участкалык шайлоо комиссиясы иштей баштаган учурдан тартып, жогору турган шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду кабыл алгандыгы тууралу маалымат түшкөнгө чейин, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын шайлоо участкаларында кайталап эсептөөгө ушул берененин экинчи пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ошондой эле байкоочулар, эл аралык байкоочулар катышууга укуктуу.
Мында шайлоо участкасында бир эле учурда ар бир талапкерден, саясый партиядан, коммерциялык эмес уюмдан бирден ашпаган өкүл (байкоочу, ишенимдүү адам же болбосо ыйгарым укуктуу өкүл) катышууга укуктуу. Өкүл (байкоочу, ишенимдүү адам же болбосо ыйгарым укуктуу өкүл) башка өкүл (байкоочу, ишенимдүү адам же болбосо ыйгарым укуктуу өкүл) менен алмаштырылышы мүмкүн. Кайталап добуш берүү жүргүзүлгөн учурда шайлоо участкасында бир эле учурда ар бир талапкерден, саясый партиядан, коммерциялык эмес уюмдан экиден ашпаган өкүл (байкоочу, ишенимдүү адам же болбосо ыйгарым укуктуу өкүл) катышууга укуктуу. Шайлоо участкасында, өздөрүнүн активдүү шайлоо укугун ишке ашырып жаткан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, ошондой эле ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусуна жол берилбейт.
6. Ушул берененин экинчи пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ошондой эле байкоочулар, эл аралык байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө, шайлоонун натыйжаларын чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө тийиштүү протокол түзүү учурунда, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөө учурунда шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.
7. Участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурунда катышкан шайлоо комиссияларынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү - өзүнүн статусун белгилөө жана өзүнүн фамилиясын, аты-жөнүн, шайлоо комиссияларынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүн дайындаган, шайлоо комиссиясына байкоочуну жиберген талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн же саясый партиянын аталышын көрсөтүү менен, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өздөрү өкүлчүлүк кылган уюмдун аталышын көрсөтүү менен шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган төш белгилерин тагынууга укуктуу.
8. Бул Кодексте ушул берененин бешинчи пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун, шайлоо комиссиясынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан башка документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүү каралган учурда, көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүүнү шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы жүргүзөт. Мында күбөлөндүрүлүп жаткан көчүрмөдө "Анык" же "Көчүрмөсү анык" деп жазылып, кол коюлат, фамилиялары жана инициалдары, көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү датасы жана убактысы көрсөтүлөт жана тийиштүү шайлоо комиссиясынын мөөрү басылат.
9. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүнү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүүдө катышкан байкоочулардын, эларалык байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, талапкердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн эсебин жүргүзөт.

18-берене. Байкоочулар, эларалык байкоочулар, жалпыга маалымдоо
каражаттарынын өкүлдөрү

1. Байкоочуларды талапкер, саясый партия, коммерциялык эмес уюм дайындоого укуктуу. Байкоочу аны жөнөткөн жактын жазуу жүзүндөгү жолдомосу тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөндөн кийин ушул Кодексте каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
2. Кыргыз Республикасынын активдүү шайлоо укугуна ээ жарандары байкоочу боло алат.
Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, прокурорлор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер кызматчылары байкоочу боло албайт.
3. Байкоочунун ыйгарым укуктары бул байкоочу таламдарын билдирген талапкер, саясый партия, коммерциялык эмес уюм берген жолдомодо жазуу жүзүндө тастыкталууга тийиш, мында анын фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ошондой эле шайлоо участкасынын номери, ал жөнөтүлүп жаткан шайлоо комиссиясынын аталышы көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин экинчи пунктунда каралган чектөөлөр жок экендиги жөнүндө жазуу жазылат. Бул документ паспортту же аны алмаштырган документти көрсөткөн учурда анык. Байкоочуну жөнөтүү жөнүндө алдын ала билдирүү талап кылынбайт.
4. Байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
а) шайлоочулардын тизмелери, тизмеден чыгуу күбөлүктөрүн берүү реестри, шайлоо комиссиясында болгон тизмеден чыгуу күбөлүктөрү, жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
б) добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайда ушул Кодекстин 17-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде ар кандай убакытта болууга;
в) добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде шайлоочулар добуш берип жаткан учурда катышууга;
г) ушул Кодексте белгиленген добуш берүүнү уюштурууга жана тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине, шайлоочулардын тизмелерине киргизилген жарандардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө ар кандай толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду жана башка документтерди түзүшүнө ушул Кодекстин 17-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде байкоо жүргүзүүгө;
д) добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштары жана сын-пикирлери менен - өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто аны алмаштырган адамга кайрылууга;
е) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу менен, ошондой эле жогору турган шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга; көрсөтүлгөн протоколдордун жана ага тиркелген документтердин, ошондой эле ушул Кодекстин 17-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөн же көрсөтүлгөн комиссиялар тарабынан түзүлгөн документтердин, анын ичинде добуш берүү учурунда катышкан адамдардын тизмесинин көчүрмөлөрүн даярдоого же тиешелүү шайлоо комиссиясынан алууга. Байкоочунун талабы боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү берүүгө же күбөлөндүрүүгө милдеттүү;
ж) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракетине (аракетсиздигине) түздөн-түз жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга;
з) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөө учурунда катышууга.
5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
а) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
б) шайлоо бюллетендерин алгандыгы жөнүндө шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга;
в) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
г) добуш берүүнүн купуялыгын бузган аракеттерди жасоого;
д) шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин эсептөөгө түздөн-түз катышууга аракет кылууга;
е) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылган аракеттерди жасоого;
ж) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
з) тиешелүү шайлоо комиссиясы чечимдерди кабыл алышына катышууга.
6. Эларалык байкоочулар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан киийн Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жөнөткөн чакыруу бар болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Чакырууларды жөнөтүү жөнүндө сунуштарды адам укуктарын коргоо жагынан таанылган кадыр-баркы бар эларалык жана улуттук, коммерциялык эмес уюмдар бере алат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы чакырууларды чет мамлекеттердин шайлоо органдарына, ошондой эле шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча адистешкен эларалык уюмдарга жөнөтөт.
7. Эларалык байкоочулардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
8. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эларалык байкоочуга ал көрсөткөн документтердин (ушул берененин 6-пунктунда көрсөтүлгөн ар кандай органдан же адамдан алынган эларалык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө арыздын, ошондой эле эларалык байкоочунун ким экендигин тастыктаган документтин) негизинде белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет. Күбөлүк эларалык байкоочуга өз ишин ушул берененин 9-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде жүзөгө ашыруу укугун берет.
9. Эларалык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
10. Эларалык байкоочулар добуш берүү убактысы аяктагандан кийин гана шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу, шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин ачык билдирүүгө, пресс-конференцияларды өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга укуктуу.
11. Эларалык байкоочулар өз статусун шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
12. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эларалык байкоочу эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ушул Кодексти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда анын аккредитациясын кайра чакыртууга укуктуу.
13. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалымат жактан чагылдырууга катышуу менен, шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдору менен, ошондой эле шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссияларынын протоколдору, анын ичинде кайра түзүлүүчү протоколдору менен таанышууга, көрсөтүлгөн протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн даярдоого же тиешелүү комиссиядан алууга, маалыматтык берүүлөр үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көрсөткөн жерден, мында добуш берүүчүлөрдүн эрк билдирүүсүнүн купуялыгын бузбастан видеого тартууну жүргүзүүгө укуктуу. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө же шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

19-берене. Шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу

1. Шайлоо комиссияларынын иши коллегиялуу негизде жүргүзүлөт.
2. Шайлоо комиссиясы, эгерде анын курамы белгиленген курамдын кеминде үчтөн экисине түзүлсө, ишке киришүүгө укуктуу.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу маселелери Конституция, ушул Кодекс, Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө Мыйзам, Борбордук шайлоо комиссиясынын Регламенти менен аныкталат.
4. Шайлоо комиссиясынын жыйналышы төрага тарабынан, ошондой эле шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларынын жыйналыштары эки жумада кеминде бир жолу өткөрүлөт.
5. Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоо комиссиясынын бардык жыйналыштарына катышууга милдеттүү.
6. Шайлоо комиссиясынын жыйналышы шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүгү катышса чечим кабыл алууга укуктуу. Шайлоо комиссиясы анын чечүүчү добуш укугу бар ар кандай мүчөсүнүн талабы боюнча өзүнүн компетенциясына кирген жана бекитилген күн тартибине ылайык комиссия жыйналышта карап жаткан ар кандай маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүүгө милдеттүү.
7. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча, талапкерлерди каттоо жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыктары же шайлоонун натыйжалары жөнүндө, шайлоону болбой калды же жараксыз деп таануу, кайра добуш берүүнү, кайталап добуш берүүнү же кайталап шайлоону өткөрүү жөнүндө, шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдери шайлоо комиссиясынын жыйналышында шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
Башка маселелер боюнча шайлоо комиссиясынын чечимдери шайлоо комиссиясынын жыйналышында шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8. Шайлоо комиссиясынын жыйналышка катышып олтурган мүчөлөрүнүн эч кимиси добуш бербей коюуга укуксуз.
9. Шайлоо комиссиясынын чечимдерине шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коет.
10. Шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимге макул болбогон шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал жыйналыштын протоколунда көрсөтүлүүгө, ага тиркелүүгө жана комиссиянын төрагасы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясына (шайлоонун тийиштүү деңгээлине ылайык) эки күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү жана добуш берүүдөн кийинки күнү дароо эле билдирилүүгө тийиш.
11. Шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишими боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тарта алат.
12. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ушул Кодекстин 30-беренесинин 16-пунктунун аракетине туура келген телерадиоуюмдар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын өз каналдарынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү, шайлоочуларга зарыл шайлоо аракеттерин жүргүзүүнүн мөөнөтү жана тартиби, шайлоо кампаниясынын жүрүшү жөнүндө маалымдоо үчүн, ошондой эле шайлоочулардын суроолоруна жооп берүү үчүн кеминде 15 мүнөттүк акысыз эфирдик убакыт берет.
13. Жумасына кеминде бир жолу чыккан, ушул Кодекстин 30-беренесинин 16-пунктунун аракетине туура келген мезгилдүү басылмалардын редакциялары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү, шайлоочуларга зарыл шайлоо аракеттерин жасоонун мөөнөттөрү жана тартиби, шайлоо кампаниясынын жүрүшү жөнүндө түшүндүрүү үчүн, ошондой эле шайлоочулардын суроолоруна жооп берүү үчүн ар жумалык басма аянтынын кеминде жүздөн бир бөлүгүн акысыз берет.

III глава
Шайлоо округдары жана шайлоо участкалары

20-берене. Шайлоо округдарын түзүү


1. Шайлоону өткөрүү үчүн аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген тийиштүү аймакта катталган шайлоочулардын саны жөнүндөгү маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округу жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.
2. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкүдөй талаптар сакталууга тийиш:
- шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен жол берилген оош-кыйыштар 10 пайыздан ашпаган, ал эми барууга кыйын жана алыскы жерлерде 15 пайыздан ашпаган шартта шайлоочуларынын саны боюнча шайлоо округдарынын болжол менен бирдей болушу;
- шайлоо округу бирдиктүү аймак болуп эсептелет, өз ара чектеш эмес аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чегаралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу пункттардын тизмеси (көчөлөр, үйлөр), ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.
Аталган талаптарды сактоодо республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
3. Президентти, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна бекитилген деп эсептелет.
4. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген жоболорду эске алуу менен шайлоону дайындоо күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын иштеп чыгат жана бекитет.
Тиешелүү облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары шайлоо округдарынын чектерин жана шайлоо комиссияларынын даректерин көрсөтүү менен шайлоо округдарынын схемасын шайлоо округдарын бекитүү күнүнө чейин 7 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
5. Ушул берененин 2-пунктунун талаптары бузулган учурда шайлоо округдарынын схемасындагы өзгөртүүлөр, алардын чегараларын жана шайлоо комиссиялары жайгашкан жерлерди аныктоо Борбордук шайлоо комиссиясы же тиешелүү облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан ишке ашырылат.

21-берене. Шайлоо участкаларын түзүү


1. Добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоочуларга мүмкүн болушунча көбүрөөк ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участкалары түзүлөт.
2. Шайлоо участкалары тийиштүү округдук шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо күнүнө кеминде 40 календарлык күн калганга чейин ар бир участкада 2500 шайлоочудан ашпаган эсеп менен түзүлөт. Шайлоо округдарынын чегараларын участкалардын чегаралары кесип өтүшүнө жол берилбейт.
3. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө, алыскы жана барууга кыйын райондордо, алыскы мал-чарба участкаларында, тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоо изоляторлорунда болгон шайлоочулар, эгерде алар өздөрү убактылуу турган жерлер жайгашкан орду боюнча шайлоо округдарынын аймагында туруктуу жашаса, ушул Кодекстин 42-беренесинде белгиленген тартипте өзү убактылуу жүргөн жерде добуш берет. Аталган шайлоочуларды белгилүү шайлоо участкасына таандык кылуунун тартиби тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
4. Аскер кызматчылары жалпы шайлоо участкаларында добуш беришет. Обочо жерде, калктуу пункттардан алыс жайгашкан аскер бөлүктөрүндө аскер кызматчыларына ушул Кодекстин 42-беренесинде белгиленген тартипте өзгөчөлүк тартибинде добуш берүүгө жол берилет. Аталган шайлоочуларды белгилүү шайлоо участкасына таандык кылуунун тартиби тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
5. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет мамлекеттердин аймагында турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт. Шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары чогуу жашаган, жүргөн жерлерде түзүлөт. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоочулардын саны жөнүндөгү талап Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде шайлоо участкаларын түзүүдө колдонулбашы мүмкүн.
6. Шайлоо участкаларынын тизмелери алардын чегараларын жана даректерин көрсөтүү менен алар түзүлгөн күндөн кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбей тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан жарыяланат.

IV глава
Шайлоочулардын тизмелери


22-берене. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү

1. Шайлоолорду өткөрүүдө шайлоочулардын укуктарын жүзөгө ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндөгү маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын негизги, ал эми ушул Кодексте каралган учурда кошумча тизмелери түзүлөт.
2. Шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмелерине, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын добуш берүү күнүндө активдүү шайлоо укугуна ээ жарандары киргизилет.
3. Кыргыз Республикасынын жаранын конкреттүү шайлоо участкасында шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине киргизүү үчүн анын ошол участканын аймагында туруктуу же көпчүлүк учурда жашагандыгынын фактысы, ушул Кодексте каралган башка жүйөлөр негиз болуп саналат.
4. Шайлоочулардын негизги тизмелерин түзүү, каттоого алынган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо жергиликтүү аткаруу бийлик органдары тарабынан шайлоо дайындалган учурдан тартып камсыз кылынат, ал эми аскер бөлүктөрүндө болгон шайлоочулар-аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскер бөлүктөрүнүн аймагында жашаган башка шайлоочулар жагынан аскер бөлүгүнүн командири тарабынан камсыз кылынат.
5. Шайлоочулардын негизги тизмелери ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шайлоочуларды каттоо (эсепке алуу) мамлекеттик тутумун пайдалануу менен алынган шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтардын негизинде түзүлөт.
6. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, аскердик уюмдарда жана мекемелерде чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, эгер ал аскер кызматчылары аскердик кызматка чакырылганга чейин ошол аймакта туруктуу жашабаган болсо, шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана шайлоочулардын санын аныктоодо эске алынбайт.
7. Эс алуу үйлөрүндө, санаторийлерде, стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, алыскы жана барууга кыйын болгон райондордо жайгашкан жерлерде, алыскы мал-чарба участкаларында, тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоо изоляторлорунда убактылуу турган шайлоочулар жөнүндө, ошондой эле чет мамлекеттердин аймактарында жүргөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилери, көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ал эми аскер бөлүктөрүндө аскер бөлүктөрүнүн командирлери тарабынан түзүлөт, кол коюлат жана тийиштүү шайлоо комиссиясына берилет. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана шайлоочулар убактылуу жүргөн жерлердин көрсөтүлгөн ушул бөлүгүндө турган Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде бул жарандар шайлоо округунун аймагында туруктуу жашабаса, шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана шайлоочулардын санын аныктоодо эсепке алынбайт.
Шайлоо дайындалган күнгө чейин паспортуна каттоо эсебин алуу органдары тарабынан коюлган каттоо белгилеринин негизинде жатаканаларда жашап турушкан, күндүз окушкан студенттер жана аспиранттар шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилет жана жатакана турган жерде добуш беришет. Талапкер же анын өкүлү, талапкерлердин тизмесин каттаган саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү студенттин жана аспиранттын жатаканада жашаган фактысын тастыктоочу каттоо белгилеринин негизиндеги бардык керектүү документтери менен таанышып чыгууга укуктуу.
8. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жүргөн жана тизмеден чыгуу күбөлүктөрүн алуу же мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбогон Кыргыз Республикасынын активдүү шайлоо укугуна ээ жараны тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү ага катышуу үчүн өзү турган өлкөдө түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиясына добуш берүү үчүн келгенде жана өзү туруктуу жашаган жер боюнча шайлоочулардын тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз берсе шайлоочулардын кошумча тизмесине кошулат.
9. Кыргыз Республикасынын жараны шайлоочулардын бир гана негизги же кошумча тизмесине кошулат. Шайлоочулардын негизги тизмесинде так эместиктер же каталыктар табылган учурда шайлоочулар жөнүндө маалыматтар шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизилет, мында шайлоочулардын негизги тизмесиндеги ал жөнүндө маалыматтар ушул Кодексте белгиленген тартипте жокко чыгарылат. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы (18 жашка чыккандарга - кошумча түрдө туулган күнү жана айы) жана туруктуу же көпчүлүк учурда жашаган жеринин дареги көрсөтүлөт.
10. Шайлоочулардын негизги тизмеси эки нускада түзүлөт, аларга шайлоочулар жөнүндө маалыматтар алфавиттик тартипте же шайлоочунун туруктуу жашаган жеринин дареги боюнча (калктуу конуштар, көчөлөр, үйлөр, квартиралар боюнча) жайгаштырылат. Ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын негизги тизмелерине айылдарда, поселкаларда, шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилери, башка шаарларда - мэрлер, ал эми Бишкек шаарында - райондук администрациялардын башчылары кол коюшат жана добуш берүү күнүнө чейин кеминде 25 календарлык күн калганда бирден нускасы тийиштүү райондук, шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына берилет. Эс алуу үйлөрүндө, санаторийлерде, стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, алыскы жана барууга кыйын болгон райондордо жайгашкан жерлерде, алыскы малчарба участкаларында, тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоо изоляторлорунда, аскер бөлүктөрүндө убактылуу турган шайлоочулардын тизмелери эки нускада түзүлөт, алардагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар жөнүндө маалыматтар алфавиттик тартипте жайгаштырылып, номер коюлуп, шнур өткөрүлүп жана тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилеринин, жогоруда аталган мекемелердин жетекчилеринин, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүп жана тийиштүү райондук, шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен берилет. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндөгү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар жөнүндө маалыматты тийиштүү шайлоо комиссиясына берүүнүн формасы, түрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
Шайлоо комиссияларына берилген шайлоочулардын негизги тизмелери номер коюлуп, шнур өткөрүлүп жана тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилеринин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Шайлоочулардын негизги тизмеси кол коюлуп жана тийиштүү шайлоо комиссиясы мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн учурдан баштап өзгөрүүсүз калат.
Шайлоочулардын негизги тизмелеринин аныктыгы, толуктугу жана тиешелүү райондук, шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилерине, райондук администрациялардын башчыларына, шаарлардын мэрлерине жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, ушул берене да аталган башка адамдарга жүктөлөт.

23-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу

1. Шайлоочулардын негизги тизмелери жалпы таанышуу жана кошумча тактоолор үчүн добуш берүү күнүнө чейин 25 календарлык күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө түзүлгөн шайлоо участкалары боюнча добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күн калганда райондук, шаардык округдук жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан берилет. Жарандарга тийиштүү шайлоо комиссияларынын имарат-жайында шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, ошондой эле шайлоочу жөнүндө аларга киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
2. Активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын ар бир жараны аны шайлоочулардын негизги тизмесине киргизбей койгондук жөнүндө, шайлоочулардын негизги тизмесиндеги ар кандай каталыктар жана так эместиктер жөнүндө шайлоо комиссияларына жазуу жүзүндө добуш берүү күнүнөн мурдагы күндөн кечиктирбестен, ал эми шайлоочулардын негизги тизмесиндеги каталыктар же так эместиктер жөнүндө добуш берүү күнү билдирүүгө акылуу. Участкалык, округдук шайлоо комиссиялары жазуу жүзүндөгү арыздарды, ошондой эле сунуш кылынган документтерди алар түшкөн учурдан баштап 24 сааттын, ал эми добуш берүү күнү 2 сааттын ичинде, бирок добуш берүү аяктаганга чейин 2 сааттан кечиктирбей текшерүүгө же каталыктарды жана так эместиктерди жоюуга, болбосо арызды четке кагуунун жүйөөлөрүн көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп кайтарууга милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын чечими тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми анын чечими Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн, алар даттанууну эки күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү - дароо кароого милдеттүү.
3. Жарандарды шайлоочулардын негизги тизмесинен чыгаруу шайлоочуларды мамлекеттик каттоону (эсепке алууну) жүргүзгөн тийиштүү органдан же паспортто чагылдырылган маалыматтар менен ошол шайлоо участкасында добуш берүүгө укуксуз экендигин ырастаган шайлоочунун өзүнөн алынган жазуу жүзүндөгү маалыматтардын негизинде гана тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Мында шайлоочулардын негизги тизмесинде жаранды негизги тизмеден чыгарган күн жана анын себеби көрсөтүлөт. Мындай жазуу шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлөт жана ал жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми анын чечими Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн, алар даттанууну эки күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү - дароо кароого милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмелерине киргизүү же киргизбөө жөнүндөгү, шайлоочулардын тизмелериндеги каталар же так эместиктер жөнүндөгү маселени чечүүдө шайлоо комиссияларына зарыл көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
5. Активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны ал шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилбей калгандыгы жөнүндө, добуш берүү күнүнөн мурунку күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясына берилген шайлоочулардын негизги тизмесиндеги ар кандай каталыктар же так эместиктер жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызынын (паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен) жана ошол шайлоо участкасынын аймагында жашагандыгынын белгиси (катталгандыгы) бар паспортун көрсөтүшүнүн негизинде тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен киргизилет. Жаранды добуш берүү күнү шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизүү тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн же соттун чечиминин негизинде, ал эми шайлоочулардын негизги тизмесинде ар кандай каталыктар же так эместиктер болгон учурда тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоочунун жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арызынын (паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен) жана каттоо белгисин (катталгандыгы) көрсөтүшүнүн негизинде жүргүзүлөт. Мындай жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тарабынан жана участкалык шайлоо комиссиянын мөөрү менен, ошондой эле кеңеш берүү добуш укугу бар шайлоо комиссиясынын кеминде эки мүчөсү тарабынан күбөлөндүрүлөт. Шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрү жок болгон учурда талапкердин, саясый партиялардын башка өкүлдөрү же байкоочулар тарабынан күбөлөндүрүлөт.
6. Жарандын аны шайлоочулардын тизмесине киргизүү же киргизбөө жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызы тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан, шнур өткөрүлгөн, номер коюлган өзүнчө журналга катталып, тийиштүү шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.
7. Добуш берүү аяктагандан жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө башталгандан кийин шайлоочулардын тизмесине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

24-берене. Шайлоочуларды мамлекеттик каттоо (эсепке алуу)

1. Активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандары катталат (эсепке алынат).
2. Кыргыз Республикасынын жаранынын тийиштүү аймакта туруктуу жашашынын фактысы шайлоочуну каттоо (эсепке алуу) үчүн негиз болуп саналат, ал калкты каттоого алуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркин жүрүү, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында болуу жана жашоо жерин тандап алуу укугун ишке ашыруу тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жерлерде жашаган же узак мезгил бою чет өлкөдө ишсапарда жүргөн шайлоочуларды каттоо (эсепке алуу) үчүн алардын чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашашынын же узак мөөнөттүү чет өлкөлүк ишсапарда болушунун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери белгилеген фактысы негиз болуп саналат.
4. Шайлоочуларды мамлекеттик каттоого (эсепке) алууда "Шайлоо" автоматташтырылган тутуму колдонулат. Шайлоочуларды мамлекеттик каттоого (эсепке) алуу үчүн "Шайлоо" автоматташтырылган тутумуна маалыматтарды киргизүү жергиликтүү аткаруу бийлик органдары, жарандарды эсепке алуу жана каттоо органдары, аскер бөлүктөрүнүн командирлери, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жетекчилери тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы бекитүүчү шайлоочуларды мамлекеттик каттоого (эсепке) алуу жөнүндө жободо белгиленген тартипте системалык администраторлор тарабынан ишке ашырылат.
5. Шайлоочу өзү жөнүндөгү документтелген маалыматтар (жекече маалыматтар), анын ичинде - машинкага жазып коюлган маалыматтар менен эркин таанышууга, анын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында ага тактоо киргизүүгө укуктуу, ошондой эле ал маалыматтарды ким жана кандай максаттарда пайдаланып жатканын же пайдаланганын билүүгө укугу бар.
6. Жарандарды жашаган жери боюнча жана турган жери боюнча каттоого алган, Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин тастыктаган документтерди берүүнү жана алмаштырууну жүргүзгөн органдар өзү турган жер боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилерине, шаарлардын мэрлерине, райондук администрациялардын башчыларына Кыргыз Республикасынын жаранына паспорт бергендигинин жана алмаштыргандыгынын фактысы, Кыргыз Республикасынын жаранын каттагандыгы жана жашаган жери боюнча каттоодон чыгаргандыгы жөнүндө паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен айына кеминде бир жолу маалымат берип турат.
7. Жеке жактардын жарандык абалынын актыларын каттоону жүргүзгөн органдар өзү турган жер боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилерине, шаарлардын мэрлерине, райондук администрациялардын башчыларына Кыргыз Республикасынын жаранынын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө маалыматтарды айына кеминде бир жолу берип турат.
8. Аскердик каттоого алууну жүргүзгөн органдар, жазык-аткаруу системасынын органдары (мекемелери) тийиштүү түрдө аскердик кызматка чакырылган (контракт боюнча келген) (аскердик кызматтан бошонгон), соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жерлеринде кармалган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган жери боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилерине, шаарлардын мэрлерине, райондук администрациялардын башчыларына үч айда кеминде бир жолу билдирип турат.
9. Ушул берененин алтынчы, жетинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтар айында кеминде бир жолу, ушул берененин сегизинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар үч айда кеминде бир жолу жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилери, шаарлардын мэрлери, райондук администрациялардын башчылары жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери тарабынан шайлоочуларды каттоону калыптандыруу жана жүргүзүү үчүн тиешелүү шайлоо комиссияларына берилет, алар тез арада буларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

V глава
Талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана
алардын ишинин кепилдиги

25-берене. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү

1. Талапкерлерди көрсөтүү укугу саясый партияларга, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
2. Шайлоону дайындоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын каттоо органдарында расмий каттоодон өткөн саясый партиялар ушул Кодекске жана саясый партиялар жөнүндө мыйзамга ылайык шайлоого катышат.
Саясый партияларды каттоо чөйрөсүндөгү функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органы саясый партиялар жөнүндө мыйзамга ылайык катталган жана мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына шайлоого катышууга укугу бар саясый партиялардын тизмесин шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата жана бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен көрсөтүлгөн тизмени ар бир саясый партиянын жетекчисин көрсөтүү менен мамлекеттик мезгилдүү басылмаларга жарыялайт, ошондой эле ушул мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
Шайлоого катышкан саясый партиялар ушул Кодекске ылайык өз өкүлдөрүн - шайлоо комиссияларынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүн, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, байкоочуларды дайындоого укуктуу.
3. Пропорционалдуу система боюнча шайлоодо саясый партия талапкерлердин тизмесинин курамында пропорционалдуу система боюнча бөлүштүрүү үчүн белгиленген мандаттардын санынан кем болбогон сандагы талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.
Көп мандаттуу шайлоо округунда саясый партия ушул шайлоо округу боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди көрсөтө алат.
4. Саясый партия тарабынан Президенттикке, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Саясый партиялар башка саясый партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерлер кылып көрсөтүүгө укуксуз.
5. Бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясый партия көрсөткөн талапкерлердин тизмесин саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү кагазга басылган түрдө, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Борбордук (тиешелүү округдук) шайлоо комиссиясына сунуш кылат.
Саясый партиянын жетекчисинин колу жана саясый партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясый партиянын чечимине ушул Кодекстин талаптарына ылайык талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер толтурган маалыматтардын формалары тиркелүүгө тийиш.
6. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди сунуш кылган жакка бул документтерди алгандыгынын жазуу жүзүндөгү ырастоосун берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн ырастоолор жана маалымкат документтер сунуш кылынгандан кийин дароо берилет.

26-берене. Талапкерлердин, саясый партиялардын ыйгарым укуктуу
өкүлдөрү

1. Талапкерлер, саясый партиялар ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындайт, алар шайлоого катышуу менен байланышкан бардык маселелер, анын ичинде каржылык маселелер боюнча тийиштүү талапкерге, саясый партияга өкүлчүлүк кылышат.
Депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин Администрациясынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүлдөр боло албайт.
2. Талапкердин, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же аны алмаштыруучу документинин сериясын жана номерин жана берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги иштеген же кызмат кылган жерин жана ээлеген кызмат ордун (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болсо - ишин түрүн), телефон номерин, ал эми финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн финансы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат. Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тизмеге саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.
3. Тиешелүү шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде ушул Кодекске ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат. Талапкердин, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн бергенден кийин дайындалды деп эсептелет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
4. Талапкердин, саясый партиянын мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өзүнүн кызматтык же иш абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.
5. Ыйгарым укуктуу өкүл:
талапкерди жактаган шайлоочулардын кол тамгасын чогултууда кол коюу барактарын күбөлөндүрөт, кол тамгаларынын санын эсептейт, кол тамгаларды чогултуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт;
тиешелүү шайлоо комиссиясына талапкерди жактаган кол коюу барактарын, ошондой эле талапкерди каттоо үчүн башка документтерди берет;
шайлоо комиссиясынан кол коюу барактарын жана башка документтерди кабыл алгандык жөнүндөгү кат жүзүндөгү ырастаманы (маалымкатты) алат;
шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзөт, үгүт материалдарын таркатат;
талапкерлерге, саясый партияларга эфирдик убакытты берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары жүргүзгөн чүчүкулак кармоого катышууга укуктуу;
ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясый партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген башка ыйгарым укуктарды, талапкердин, саясый партиянын тапшыруусу боюнча бөлөк ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
6. Талапкер, саясый партия тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлдү каттаган шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирип, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын каалаган учурда токтотуп коюуга укуктуу.
7. Талапкердин, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоо комиссиясы аларды каттаган күндөн тартып башталат жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясый партиянын Президенттикке, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинин курамында көрсөтүлгөн бардык талапкерлердин статусу жоголгон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирбестен аяктайт. Талапкердин, саясый партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн баштап 20 күндөн кийин аяктайт.

27-берене. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо


1. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн округдук шайлоо комиссияларына төмөнкүдөй документтер берилет:
- ушул Кодекстин 25-беренесинде каралган документтер;
- шайлоо күрөөсүн койгондугун ырастаган, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган документ;
- ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган башка документтер.
2. Тийиштүү шайлоо комиссиясы ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө сунуш кылынган документтер ушул Кодекстин талаптарына ылайык келээрин текшерүүгө жана талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
3. Бир эле адамды бир эле шайлоодо бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округунда каттоого жол берилбейт.
4. Саясый партия көрсөткөн талапкерди каттоо учурунда шайлоо комиссиясынын тиешелүү чечиминде тиешелүү партия аны көрсөткөндүгүнүн фактысы белгиленет.
5. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Төмөнкүлөр баш тартууга негиз болот:
1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Кодекске ылайык зарыл болгон документтердин жок болушу, ошондой эле ушул Кодекстин 72-беренесинин талаптарын сактабагандык;
2) ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген талапкерди колдоо боюнча берилген шайлоочулардын анык колтамгаларынын саны жетишсиз болушу;
3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
4) тиешелүү шайлоодо талапкер башка саясый партиянын тизмесинде же башка көп мандаттуу шайлоо округунда катталгандыгынын фактысы болсо;
5) ушул Кодексте белгиленген учурларда талапкер, саясый партия өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
6) талапкер башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги.
Эгерде саясый партиянын талапкери, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди сунуш кылбаса, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча сунуш кылса, шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.
6. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул берененин 1, 3, 4- жана 6-пунктчаларында каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу талапкерлердин бекитилген тизмесинен аларды чыгарып салуу үчүн гана негиз боло алат.
7. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
8. Президенттикке же жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер, ошондой эле талапкерлердин тизмесинде турган талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин үч күндөн кечиктирбестен Борбордук (тиешелүү округдук) шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга акылуу. Саясый партия каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин үч календарлык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алууга жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартууга же Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү жазуу жүзүндөгү арыз берүү менен тийиштүү шайлоо комиссиясы бекиткен тизмеден кээ бир талапкерлерди чыгарып салууга укуктуу. Аталган арыздардын негиздеринде талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук (тиешелүү округдук) шайлоо комиссиясы талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу, талапкерлердин тийиштүү тизмесинен талапкерди чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
9. Эгерде шайлоо округунда катталган талапкерлердин саны мандаттардын белгиленген санынан аз болуп калса, тийиштүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча талапкерлерди кошумча көрсөтүү жана кийинки шайлоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ошол шайлоо округундагы шайлоолор кийинкиге жылдырылат.
10. Тийиштүү шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин бешинчи күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партияга таандыктыгы жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндөгү билдирүүнү басмасөзгө жарыялайт.
11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин бешинчи күндөн кечиктирбестен саясый партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясый партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жашаган жерин көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басмасөзгө жарыялайт.
12. Тиешелүү шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге шайлоо округун жана каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тийиштүү күбөлүгүн берет.

28-берене. Талапкерлердин статусу


1. Бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ жана ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, бирдей милдеттерди аткарат.
2. Саясый жана администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттин (муниципалдын) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген талапкерлер өздөрүнүн кызматтык жана иш абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.
Ушул Кодексте кызматтык же иш абалынын артыкчылыктарын пайдалануу деп буларды түшүнөбүз:
көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөктөшүүчү иштерди аткарууга өзүнө баш ийген же ага бөлөкчө кызматтык көз карандылыкта турган адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды жумуш убагында тартуу;
мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имарат жайларды, башка да талапкерлер аларды ошондой эле шарттарда пайдалана албаса, көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөктөшүүчү иштерди өткөрүү үчүн пайдалануу;
мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешин камсыз кылуучу телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн, маалыматтык кызматтарды, оргтехниканы көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөктөшүүчү иштер үчүн пайдалануу;
мамлекеттик же коммуналдык менчикте турган транспорт каражаттарын көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөктөшүүчү иштер үчүн акысыз же жеңилдетилген шарттарда пайдалануу. Бул жобо аталган транспортту мамлекеттик күзөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык пайдаланган адамдарга, ошондой эле Жогорку Кеңешинин депутаттарына жайылтылбайт;
мамлекеттик кызматчылар же муниципалдык кызмытчылар кызматтык кыдыруунун жүрүшүндө колтамгаларды чогултушу, шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүшү;
колтамга чогултуу же шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын (башка талапкерлерге караганда) артыкчылык менен пайдалануу.
Аталган чектөөлөрдү сактоо шайланылуучу кызмат адамдарына шайлоочулар алдындагы өз милдеттерин аткарышына тоскоол болууга тийиш эмес.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жана башка аткаруу бийлик органдарынын, укук коргоо жана фискалдык органдардын, алардын облустук, райондук түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, уставдык капиталында мамлекеттик жана муниципалдык үлүш 30%дан көбүрөөк болгон ишканалардын жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары, эгерде алар добушка коюлуп жаткан Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округу жогоруда аталган тиешелүү органдардын таасир этүү зонасында жайгашса, ээлеген кызмат орундарынан бошотулууга тийиш.
Бул учурда таасир этүү зонасы болуп жогоруда аталган органдар өз ишин жана кызмат көрсөтүүсүн жайылта турган администрациялык-аймактык бирдик саналат.
Мамлекеттик кызмат ордун, муниципалдык кызмат ордун ээлеген жана жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген катталган талапкерлер катталган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызматтык, эмгектик милдеттерин аткаруудан бошотулууга тийиш же кызматтык же иш ыйгарым укуктарын аткаруу убактылуу токтотулууга тийиш. Бул эреже Президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына жайылтылбайт.
Катталган талапкер иштеген, кызмат кылган мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүгүнүн командири жана башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер кайрылган күндөн баштап үч календардык күндүн ичинде талапкердин арызынын, рапортунун негизинде менчиктин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен орточо өлчөмдөгү эмгек акысын сактоо менен талапкерди кызматтык (эмгектик) милдеттерин аткаруудан бошотууга, болбосо кызматтык ыйгарым укуктарын аткарышын токтото турууга милдеттүү.
Талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо комиссиясына тийиштүү буйруктардын (тескеменин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн катталган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбей берет.
Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы каттоо учурунда талапкерди, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн талапкерде жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар бар экендиги жөнүндө эскертүүгө милдеттүү.
4. Шайлоо өткөрүү учурунда катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен (кызматтан) бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке (кызматка) которулушу мүмкүн эмес.
Каттоодон өткөн талапкердин шайлоого катышкан убактысы ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына кошулат.
5. Катталган талапкер шайлоонун жыйынтыгын шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялаган күнгө чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугу болмоюнча, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, камакка алынышы же сот тартибинде көрүлүүчү административдик жаза чараларына кириптер кылынышы мүмкүн эмес, буга кылмыш жасап жаткан жерде кармалган учурлар кирбейт. Кылмыш ишинин козголушу талапкердин өзүнүн шайлануу укугун ишке ашыруусуна тыюу салуу үчүн негиз болуп саналбайт.
6. Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялаган, ал эми мөөнөтүнөн мурда чыгып калганда - чыгып калган учурдан баштап талапкердин статусу менен байланышкан укуктарын жоготот жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде шайлоо комиссиясы кайрадан добуш берүүнү дайындаса, катталган талапкерлердин ичинен ал боюнча кайрадан добуш берүү өткөрүлбөй турган талапкерлер шайлоо комиссиясы кайрадан добуш берүүнү дайындаган күндөн баштап өз статусун жоготот.
7. Талапкер, саясый партия ушул Кодексте белгиленген тартипте кеңеш берүү добуш укугу бар шайлоо комиссиясынын мүчөсүн, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, байкоочуларды дайындоого укуктуу. Ушул Кодексте каралган учурларда, талапкер, саясый партия өз өкүлдөрүнүн ушул Кодекстин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликте болот.

29-берене. Талапкерлердин, саясый партиялардын ишенимдүү адамдары

1. Талапкер, саясый партиялар ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу.
2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин кат жүзүндөгү арызынын, саясый партиянын сунушунун жана ишенимдүү адам болууга макулдук берүү жөнүндөгү жарандын өз арызынын негизинде дароо жүргүзүлөт. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.
3. Депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин Администрациясынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер кызматчылары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар ишенимдүү адам боло албайт.
4. Ишенимдүү адамдар талапкерлердин, саясый партиялардын аларга берген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет.
5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
мыйзам менен жол берилген ар кандай формада жана мыйзамдуу усулдар менен талапкердин, талапкерлердин тизмесинин шайланышына көмөк болуучу үгүт жана башка иштерди жүргүзүүгө, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуш кылууга;
шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда сөз сүйлөөгө, шайлоо алдындагы талаш-тартыштарга катышууга;
мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан шайлоо алдындагы чогулуштарды жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө зарыл жардам алууга;
шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
добуш берүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда шайлоо участкаларында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде түзүлгөн участкаларда болууга;
шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдор менен таанышууга;
шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга жана даттануулар менен арыздарды кароого катышууга.
6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:
шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;
добуш берүүчү жайда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин алууда кол коюуга, ошондой эле жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинада, жайда же бөлмөдө ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
эгерде ал журналист, чыгармачыл кызматкер же жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын кызмат адамы болуп саналса, теле жана радионун маалыматтык программаларын (берүүлөрүн) алып барууга, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга.
7. Администрация (иш берүүчү) ишенимдүү адамдын өтүнүчү боюнча ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары токтотулган учурга чейин ага акы төлөнбөй турган өргүү берүүгө милдеттүү.
8. Талапкерлер, ишенимдүү адамдарды дайындаган саясый партиялар каалаган убакта шайлоо комиссияларына билдирүү менен аларды кайра чакыртып алууга укуктуу, шайлоо комиссиясы андай ишенимдүү адамдарга берген күбөлүктөрдү жокко чыгарат. Ишенимдүү адам каалаган учурда ага берилген күбөлүктү тийиштүү шайлоо комиссиясына кайтарып берүү жана бул жөнүндө аны дайындаган талапкерге, саясый партияга билдирүү менен өз демилгеси боюнча өз ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
9. Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ушул берененин 8-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же аларды дайындаган катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партия статусун жоготушу менен бирге токтотулат.

VI глава
Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу

30-берене. Шайлоочуларды маалымдар кылуу жана шайлоо алдындагы
үгүт иштерин жүргүзүү


1. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларга маалымдоону жана шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт, жарандардын аңдап-түшүнүү менен эркбилдирүүсүнө, шайлоонун маалымдуулугуна көмөктөшөт.
2. Шайлоочуларга маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар ушул Кодекске жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну объективдүү, ишенимдүү болууга тийиш, талапкерлердин, саясый партиялардын теңдештигин бузууга тийиш эмес, аларда кандайдыр-бир талапкерге, саясый партияга артыкчылык берилүүгө тийиш эмес.
4. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларга маалымдоонун бир түрү болуп саналат.
5. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана уюмдар пикир сурап-билүүнү жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, аны жүргүзүү убактысын, пикири суралгандардын санын (тандамалуу), маалыматты чогултуу ыкмасын, пикир сурап-билүү жүргүзүлгөн регионду, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болгон каталыктарга статистикалык баа берүүнү, пикир сурап-билүүнү жүргүзүүнү буюрган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты (жактарды) көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы беш күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын болжолдорун, шайлоо менен байланышкан башка иликтөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.
7. Коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5-, 6-пункттарынын талаптарын сактабагандык мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөөчү деп таанууга жана колдонулуп жаткан мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясый партияларга шайлоо өткөрүүдө ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүт иштерин эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясый партиялар мыйзам жол берген формада жана мыйзамдуу усулдар менен шайлоого катышуу үчүн үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин шайлоо алдындагы программасын, алардын саясый, ишкердик, жекече сапаттарын эркин жана ар тараптан талкуулоого, чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында каалаган талапкерди, талапкерлердин тизмесин "жактап" же ага "каршы" үгүт ишин жүргүзүүгө укуктуу. Шайлоо комиссиялары аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мындай жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт - аларга имарат-жай берет, жолугушуунун убактысы жана орду жөнүндө алдын ала билдирет жана башка зарыл иш-чараларды жүргүзөт. Шайлоо комиссиялары бардык талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын бир учурда уюштурат.
Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса шайлоо алдындагы үгүт деп, шайлоо кампаниясынын мезгилинде ишке ашырылуучу төмөнкүлөр саналат:
- тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө, болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
- талапкерлердин, саясый партиянын кимдир-бирине карата артыкчылык берүүнү билдирүү, атап айтканда, шайлоочу талапкерлердин кимиси үчүн, талапкерлердин кайсы тизмеси үчүн добуш берет;
- талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болгон натыйжаларын сүрөттөө;
- кандайдыр-бир талапкерлер, саясый партиялар жөнүндө маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган маалыматты таратуу.
Шайлоо кампаниясынын мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоого катышпаган саясый партиялар финансылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүттү талапкерлер, саясый партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
10. Талапкерлерге, саясый партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттары камсыз кылынат.
11. Шайлоо өткөрүүдө үгүт иштери:
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
- массалык иш-чараларды (чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, митинг, демонстрация, жүрүштөрдү, эл алдында дебаттарды жана дискуссияларды) өткөрүү жолу менен;
- басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен;
- мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда жүргүзүлүшү мүмкүн.
12. Талапкер, саясый партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин формасын жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
13. Шайлоолорду өткөрүүдөгү үгүт иштерине шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эларалык байкоочулар, судьялар, кайрымдуулук уюмдарынын мүчөлөрү, диний уюмдардын мүчөлөрү жана өкүлдөрү, укук коргоо, салык, бажы жана финансы органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары катыша алышпайт, анын ичинде ар кандай үгүт материалдарын чыгара жана тарата албайт, буга көрсөтүлгөн адамдар ушул Кодексте каралган учурларда талапкерлер катары, ошондой эле талапкерлердин өкүлдөрү катары катталган учурлар кирбейт. Ошондой эле, жарандар шайлоону өткөрүү учурунда үгүткө 18 жашка толо элек адамдардын, четөлкөлүк жарандардын, чет мамлекеттердин жана уюмдардын, эларалык уюмдардын, жана эларалык коомдук кыймылдардын катышуусуна жол берилбейт.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган адамдар алар кызматтык же иш милдеттерин аткарууда үгүт иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле үгүт ишин жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды пайдаланууга укуксуз.
14. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
15. Эгерде ушул Кодекске ылайык журналисттер, башка чыгармачыл кызматкерлер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын кызмат адамдары талапкерлер же алардын ишенимдүү адамдары болсо, алар маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды алып барууга, ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга укуксуз. Бул эреже ушул Кодекстин 32-беренесинде каралган тартипте талапкерлер мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфирдик убакытты пайдаланган учурда аталган адамдардын үгүт иштерине жайылтылбайт.
16. Уюштуруучулары (уюштуруучуларынын бири) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай түрдө республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык төлөөдө жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына караганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясый партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
17. Ушул берененин 16-пунктуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары келишимдик негизде талапкерлерге, саясый партияларга телерадио уюмдарынын каналдарында эфир убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускоолорго ылайык талапкерлерге, саясый партияларга эфир убактысын, басма аянтын берүүгө укуктуу. Эфир убактысы жана басмасөз беттери үчүн талапкерлер, саясый партиялар тарабынан төлөө бирдей шарттарда талапкерлердин, саясый партиялардын тийиштүү шайлоо фондулары аркылуу гана ишке ашырылууга тийиш. Эфир убактысы жана басмасөз басылмаларында жарыялоо үчүн акынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясый партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.
18. Шайлоолорду өткөрүүдө эфир убактысы жана басмасөз аянты үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тийиштүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана ошол эле мөөнөттө шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык талапкерлерге, саясый партияларга эфир убактысын, басмасөз аянтын берүүгө даяр экендигин билдирүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жана шайлоолорду уюштуруп жаткан шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

31-берене. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөттөрү

1. Шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
2. Кайталап добуш берүүнү өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүт иштери кайталап добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып кайрадан башталат жана кайталап добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
3. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

32-берене. Телекөрсөтүү жана радио аркылуу үгүт иштерин жүргүзүү

1. Талапкерлер, саясый партиялар ушул Кодекстин 30-беренесинин 16-пунктуна аракетине дал келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телеберүүлөрдү, радиоуктурууларды жүргүзгөн телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилген эфирдик убакытты пайдаланууга укуктуу. Аталган эфирдик убакыт теле- жана радио программаларын кыйла сандагы аудитория чогулган убакка, саат 20дан саат 24кө чейинки мезгилге туш келүүгө тийиш.
2. Президентти, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлгөн эфирдик акысыз убакыттын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Аталган эфирдик акысыз убакыт каттоодон өткөн жана берүүгө келген талапкерлердин, ошондой эле талапкерлердин катталган тизмелерин көрсөткөн саясый партиялардын ортосунда теңдеш негиздерде бөлүштүрүлөт.
Талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясый партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн өздөрүнө берилген акысыз эфир убактысын башка талапкерлер үчүн, башка саясый партиялар үчүн пайдаланууга укуксуз.
3. Акысыз бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде үчтөн бири талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясый партияларга дискуссияларды, "тегерек столдорду" жана ушул сыяктуу бөлөк үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана берилет. Эфирдик акысыз убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлер, саясый партиялар теңдеш негиздерде ээ болууга тийиш.
Телерадиоберүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүттүк иш чараларга катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, саясый партиялар ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары аркылуу катыша алышат. Биргелешкен үгүт иш чараларына катышуудан баш тартуу биргелешкен үгүт иш чараларга катышуудан баш тарткан катталган талапкер, саясый партия үчүн берилген акысыз эфир убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт.
Эгерде талапкер, саясый партиянын өкүлү жүйөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калса, анда биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясый партиялар менен бирдей эле өзүнүн эфирдик убактысын пайдаланууну өтүнүүгө укуктуу.
4. Ушул Кодекстин 30-беренесинин 16-пунктуна дал келген телерадио уюмдары шайлоонун деңгээлине жараша талапкерлердин, саясый партиялардын үгүт иштерин жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү эфирдик убакытты сактап коюуга милдеттүү. Аталган эфирдик убакыт келишимдин негизинде тийиштүү талапкердин, саясый партиянын талабы боюнча аларга акы төлөтүү менен берилүүгө тийиш. Сакталып коюлган акы төлөнүүчү эфирдик убакыттын жалпы көлөмү эфирдик акысыз убакыттын жалпы көлөмүнөн кем болбоого тийиш, ошондой эле акынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясый партиялар үчүн бирдей болууга тийиш. Мында ар бир талапкер, саясый партия сакталып коюлган эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнөн бул көлөмдү талапкерлердин, саясый партиялардын жалпы санына бөлгөндө чыккан үлүшүнүн чегиндеги убакытты алууга укуктуу.
5. Талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат.
6. Ушул Кодекстин 30-беренесинин 17-пунктуна аракетине туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясый партияларга эфирдик убакытты берүү тартибин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
7. Менчиктин түрүнө карабастан талапкерлерге, саясый партияларга эфирдик убакыт берген телерадио уюмдары жакынкы эфирдик убакытта ошондой эле шартта (бирдей баада, бирдей эфирге чыгуу убактысында, бирдей убакыттын көлөмүндө жана башка шарттарда) башка талапкерлерге, саясый партияларга эфирдик убакыт берүүгө милдеттүү.
8. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине арналган теле- жана радиоберүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясый партиялардын ортосунда теңдештик талабын сактоо менен бөлүштүрүлөт.

33-берене. Жалпыга маалымдоо басылма каражаттары аркылуу шайлоо
алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү


1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул Кодекстин 30-беренесинин 16-пунктунун аракетине дал келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта таратылуучу мезгилдүү басмасөз басылмалары А 4 форматындагы бир беттен кем болбогон өлчөмдө талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясый партиялар материалдар үчүн акысыз басма аянттарын теңдеш шарттарда берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басмасөз басылмаларына шайлоо кампаниясына кандай гана формада болбосун толук катышпаган учурда кандай гана түрдөгү үгүт материалдары болбосун басуудан баш тартууга жол берилет.
2. Менчигинин түрүнө карабастан талапкерлерге, саясый партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар ошондой эле шарт менен (бирдей баада, бирдей көлөмдө жана башка шартта) башка талапкерлерге, саясый партияларга да басма аянттарын берүүгө милдеттүү.

34-берене. Массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо
алдындагы үгүт


1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясый партияларга, чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, эл алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, массалык ишчараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
2. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоочулар менен жолугушуусун өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имарат-жайды бөлүү жөнүндөгү арыздары алар берилген күнү мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн талапкерге, саясый партияга имарат-жайды берүүдөн баш тартылган учурда мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жүйөөсү көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү чечимди берүүгө милдеттүү.
Эгерде көрсөтүлгөн имарат-жай массалык ишчараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясый партиялардын бирине берилген болсо, ушул эле имарат-жайды башка талапкерге, саясый партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
3. Шайлоо комиссияларынын суроо-талабы боюнча жалпы элдик ишчараларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчикте, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакытка талапкерлердин, саясый партиялардын, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн акысыз берилет. Мында шайлоо комиссиялары талапкерлерге, саясый партияларга массалык ишчараларды өткөрүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

35-берене. Басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын
чыгаруу жана таркатуу


1. Талапкерлер, саясый партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын тоскоолдуксуз чыгарууга жана таркатууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде чыгарууга тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган тиешелүү шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары ал басылма үгүт материалдарын даярдоону заказ кылган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин), алардын тиражы жөнүндө жана алар чыгарылган дата жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле заказды төлөгөн талапкердин, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтууга тийиш. Аталган маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар бир шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн шайлоо дайындалгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде атайын жайларды кароого милдеттүү. Талапкерлер, саясый партиялар мындай материалдарды илүү үчүн бирдей шарт менен камсыз болууга тийиш.
4. Көрсөтүлгөн материалдарды эстеликтерге, обелисктерге, тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жайларына, аларга кире бериш жерлерге жана добуш берүүчү бөлмөлөргө жайгаштырууга тыюу салынат.
5. Жасалма түрдөгү жалган үгүт материалдарын таркатуу же ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатуу жөнүндө кабар алган шайлоо комиссиясы андай ишке бөгөт коюу үчүн чара көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуш менен тийиштүү укук коргоо жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.
6. Талапкерлер, саясый партиялар ушул берененин талаптарына ылайык шайлоо фондунан талапкерлерге, саясый партияларга чыгымдалуучу сумманын чегинде шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын пайдаланууга укуктуу.

36-берене. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянаттык
менен пайдаланууга жол берилбестик


1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат.
2. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги менен кыянаттык кылууга: социалдык, диний, расалык, улуттук жек көрүүнү жана кастыкты козуткан үгүт иштерине, бийликти ээлеп алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга үндөгөн чакырыктарга, согушту пропагандалоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка формаларына жол берилбейт.
3. Талапкерлерге, алардын жакын туугандарына, саясый партияларга, талапкерлердин, саясый укуктуу партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана ишенимдүү адамдарына шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: аларга акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык байлыктарды тапшырууга, товарларды жеңилдетип сатууга, басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди жана башка символиканы кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга, ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.
Талапкер, саясый партия менен аткаруучунун ортосунда талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнгөн эмгек келишимдеринин алкагында уюштуруу жана башка иштерди (шайлоо участкаларындагы кезметчилик, колтамгаларды чогултуу, үгүт жана башка иштер) аткарууга акы төлөө шайлоочуну сатып алуу деп эсептелбейт.
4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкерлердин жана саясый партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде талапкер өзү көрсөтүлгөн шайлоо округунан тышкары жерлерде да жүргүзүүгө укуксуз.
5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясый партиялардын өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы кампанияларга катышууда атайылап жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясый партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер аброюна зыян келтире турган макалаларды жарыялоого укуксуз. Мындай маалымат жарыялоого жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясый партиянын талабы боюнча төгүндөөнү жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмөлөрдү жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө мезгилдүү басылманын кийинки санындагы атайын рубрикада жооп берилип жаткан маалымат басылган ошол эле тилкеде, ошол эле шрифт менен, ал эми телекөрсөтүү же радио аркылуу берилгендерге төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн тартып кийинки чыгарылышта берилет.
6. Талапкерге, саясый партияга шайлоо алдындагы үгүт ишинин мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтире турган маалымат жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясый партиянын кадыр-баркын коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмө жарыялоого мүмкүнчүлүк бербөө, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болот.
7. Талапкер, саясый партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары ушул берененин 2-, 5-пункттарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, округдун шайлоочулары, талапкер, саясый партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка жат үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү жактарды ушул Кодексте жана колдонулуп жаткан мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу.
Укук коргоо органдары укукка жат үгүт ишин токтотуу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына тез арада маалымдоого, ошондой эле шайлоо алдындагы жасалма жана мыйзамсыз басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын жасоону четтетүү жана аларды алып коюу боюнча, көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөгөн булактарды аныктоо боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
8. Талапкер, саясый партия тарабынан ушул Кодекстин 30-36-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда шайлоо комиссиясы талапкерди, саясый партияны эскертүүгө, ал эми талапкер, саясый партия жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды кайталап бузган учурда шайлоо комиссиясы ушул Кодексте белгиленген негиздерде жана тартипте талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндөгү чечимин алып салууга укуктуу.

VII глава
Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби

37-берене. Добуш берүүчү жай


1. Добуш берүүчү жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.
2. Добуш берүүчү жайда жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган, жарык берүү тутуму менен камсыз кылынган жана карандаштан бөлөк жазма буюмдары менен жабдылган кабиналар же башка орундар жайгаштырылат.
Жарык кылуу тутумунда аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы болуу керек. Электр жарыгы өчүп калган учурда добуш берүүлөр кайта (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.
3. Добуш берилүүчү жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт, анда талапкерлер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясый партиялар жөнүндө маалымат материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүттөөчү чакырыктар камтылууга тийиш эмес. Стендде ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын аталышы камтылбайт.
4. Добуш берүү үчүн жай шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, жашыруун добуш берүүчү кабиналар жана жайлар жана бир эле учурда добуш берүүчү ящиктер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабдылууга тийиш.

38-берене. Шайлоодо добуш берүү тизмеден чыгуу күбөлүгү

1. Ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте добуш берүү күнүнө чейин 15-1 күн мурда, өзү шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине киргизилген шайлоо участкасынын добуш берүүчү жайына келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу участкалык шайлоо комиссиясынан шайлоодо добуш берүү тизмесинен чыгуу күбөлүгүн алууга жана добуш берүү күнүндө округдун чегиндеги өзү боло турган жердеги шайлоо участкасында добуш берүүгө катышууга укуктуу.
2. Тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн формасын Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
3. Жоголгон тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн ордуна бөлөк күбөлүк берилүүгө тийиш эмес.

39-берене. Шайлоо бюллетени

1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал өтө жооптуу отчеттук документ болуп саналат, аны сактоо даражасын Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт. Шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,5 пайыздан ашык болууга тийиш эмес.
Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоодо атайын кагаз (жарыкка салганда көрүнүүчү белгилери бар кагаз же түстүү кагаз), же атайын боек колдонулат.
2. Шайлоо бюллетенинин тексти добуш берүү күнүнө чейин кеминде 20 календарлык күн мурда тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир бетинде гана жайгаштырылууга тийиш.
3. Шайлоо бюллетени алфавит тартибинде ар бир талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, негизги иштеген жерин же кызматын (ишинин түрүн) жана ал ким тарабынан көрсөтүлгөндүгүн камтыйт.
Талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүнү өткөргөн учурда шайлоо бюллетенинде саясый партиянын аталышы, ошондой эле саясый партиянын тизмесиндеги алгачкы беш талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, ээлеген кызмат орду (ишинин түрү) Борбордук шайлоо комиссиясынын чүчүкулагы менен аныкталган тартипте катар номурун көрсөтүү менен жайгаштырылат.
4. Ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын, саясый партиялардын аталыштарынын оң тарабына бош квадрат жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмесинин, саясый партиялардын аталыштарынын аягына "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") деген сап жайгаштырылат, анын оң жагында бош квадрат жайгашат.
5. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен кыргыз жана орус тилдеринде басылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү камтууга тийиш.
6. Шайлоо бюллетени шайлоо өткөрүлүүчү органдын аталышын, шайлоо округунун аталышын жана номерин же бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көрсөтүүнү камтыйт.
7. Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин ал шайлоо бюллетендерин заказ кылган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендери берилгенден кийин шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн көзүнчө, басмакананын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакыруу менен жараксыз жана ашыкча шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышып отурган бардык адамдар кол коет.
8. Шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин акт боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларына, анын ичинде участкалык шайлоо комиссияларына берет. Шайлоо бюллетендеринин туура таратылып берилиши үчүн жоопкерчиликти тиешелүү шайлоо комиссияларынын төрагалары тартат.
9. Шайлоо бюллетендери тийиштүү шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен, кайталап добуш берген учурда добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күндөн кечиктирбестен, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 2-1 күн мурда берилет. Участкалык шайлоо комиссиясына берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо бюллетендери берилген күнгө карата шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0,5 пайыздан ашык болбоого тийиш.
Жогору турган (округдук) шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясына актылар боюнча жогору турган (округдук) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын катышуусу менен өткөрүлүп берилүүдө жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлердин, саясый партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу. Шайлоо бюллетендерин алгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү участкалык шайлоо комиссиясынын имарат-жайында талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кайрадан санап чыгышат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага бардык катышып олтурган адамдар кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо бюллетендеринин тиешелүү жерлерине участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрүн басат.
10. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин айрым талапкерлер, талапкерлердин тизмелери чыгып кеткен учурда, участкалык, жогору турган (округдук) шайлоо комиссиялары округдук шайлоо комиссияларынын чечими боюнча шайлоо бюллетендеринен тийиштүү талапкерлер, талапкерлердин тизмелери жөнүндө маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясый партия жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шариктүү калемсап менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлүүгө тийиш. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясый партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысындагы бош квадратты камтышы керек.
11. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) коюлган имарат-жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат.

40-берене. Добуш берүү тартиби

1. Шайлоодо добуш берүү календарлык дем алыш күнү, саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайталап добуш берүүдө - добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү.
Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүн аныктайт:
- жарандарды шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесинде каттоону жүргүзүү;
- шайлоочуларды атайын аралашма менен белгилөө (маркировкалоо) жана шайлоо бюллетендерин берүү;
- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришине, шайлоо бюллетендерин бүктөлгөн түрүндө добуш берүү ящиктерине салышына көзөмөл жүргүзүү;
- ар бир шайлоочуда белгинин (маркировканын) бар экендигин атайын жабдуу менен текшерүү;
- реестрде катталган шайлоочулар үчүн добуш берилүүчү жайлардан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу (участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар экиден кем эмес мүчөсү).
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчүкулакка катышпайт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу астында ичине ушул участканын шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөр басып бекитилген сейфти ачат; сейфтен шайлоочулардын негизги жана, эгерде бар болсо, кошумча тизмесин алып чыгат, тизмеге киргизилген шайлоочулардын санын жарыялайт, катышкан кишилерге аны карап көрүүгө мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берген күнү шайлоочуларды каттоо жана шайлоочулардын тизмесин толтуруу үчүн жоопкерчиликте болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясый партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош добуш берүү ящиктерин көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат). Андан кийин мөөр басып бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы округдун аталышы, шайлоо участкасынын номери, контролдук барактардын ящикке салынган убактысы көрсөтүлгөн жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары жазылган контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ошол адамдар кол коюшат жана алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын жарыя кылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кайрадан санап чыгат жана алардын санын жарыя кылат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы буга катышкан кишилерге аларды карап көрүү үчүн сунуштайт жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдун 2-сабына жана анын чоңойтулган формасына жазат. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча 50-100дөн шайлоо бюллетенин участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө берет, алар алгандыгы жөнүндө кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилиши үчүн жооп беришет.
Добуш берүүчү жайдын кире беришинде участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн бири ар бир шайлоочунун сол колунун баш бармагына атайын зат сүрүлгөндүгүн (маркировкалангандыгын) атайын жабдуу менен текшерет. Сол колунун баш бармагына атайын зат сүртүлбөгөн (маркировкаланбаган) шайлоочу шайлоо бюллетенин алуучу жана добуш берүүчү жайга киргизилет. Эгерде шайлоочунун сол колунун баш бармагына атайын зат сүртүлгөн (маркировкаланган) болсо, анда шайлоочу шайлоо бюллетенин алуучу жана добуш берүүчү жайга жана добуш берүүгө киргизилбейт. Шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар мүчөсү шайлоочунун сол колунун баш бармагын атайын аралашма менен белгилейт (маркировкалайт).
Сол колунун баш бармагы жок болсо маркировкалоо төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат:
- баш бармактан кийинки манжасы - сөөмөйүнөн баштап маркировкаланат;
- сол колунун манжалары жок болсо сол колу үчүн көрсөтүлгөн тартипте оң колунун манжалары маркировкаланат;
- эки колунун тең манжалары жок болсо, шайлоочу ошол эле шайлоолордо добуш берүүгө бир жолу маркировкалануусуз өтүүгө укуктуу.
Шайлоо бюллетендерин берүүдө участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн бири шайлоочуларды каттоону ишке ашырат - шайлоочулардын документтерин текшерет, алардын реквизиттерин тизмеге киргизет, ага шайлоо бюллетендерин алгандыгы үчүн шайлоочулар кол коет, башкасы - шайлоочунун сол колунун баш бармагына атайын зат сүртөт (маркировкалайт) жана шайлоо бюллетендерин берет.
2. Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
3. Шайлоо бюллетендери шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине киргизилген шайлоочуларга паспорту же шайлоочунун ким экендигин тастыктаган документи көрсөтүлгөндө берилет, ал эми, эгерде шайлоочу добуш берүү үчүн тизмеден чыгуу күбөлүгү же соттун чечими боюнча добуш берсе, анда тизмеден чыгуу күбөлүгү же соттун чечими кошо көрсөтүлгөндө берилет.
4. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине шайлоочунун паспортунун же анын ким экендигин тастыктаган документтин сериясы жана номери коюлат. Шайлоочу туура жазылышын текшерет жана шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине кол коет. Бир нече шайлоо бюллетендери боюнча добуш берүүдө шайлоочу ар бир шайлоо бюллетени үчүн кол коет. Тизмеден чыгуу күбөлүгү же соттун чечими боюнча добуш берүүдө шайлоочулардын кошумча тизмесине кошумча белги коюлат.
5. 500дөн ашпаган шайлоочулар жашоочу калктуу конуштарда түзүлгөн шайлоо участкаларында паспорту же ким экендигин тастыктоочу документи жок келген шайлоочу анын ошол шайлоо участкасынын аймагында жашаганын участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар кеминде эки мүчөсү ырастаса жана анын өзү шайлоочулардын негизги тизмесинде болсо, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын уруксаты боюнча добуш берүүгө укуктуу. Документтерсиз добуш берген учурда шайлоочулардын негизги тизмесине тийиштүү белги коюлат жана ага участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, ал шайлоочунун ошол шайлоо участкасынын аймагында жашаганын ырастаган участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү кол коюшат.
6. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка кишинин болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жайда толтурулат. Атайын жабдылган кабина орнотулууга тийиш же атайын жабдылган бөлөк жай шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн өз эркин билдирүү купуялыгын жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүн камсыз кылууну эске алуу менен даярдалууга тийиш.
7. Шайлоочу шайлоо бюллетенинде өзү тандаган талапкерге, талапкерлердин тизмесине тиешелүү квадратта, же "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") деген позицияда тийиштүү белгини коет.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинде өзү тандаган талапкерлерге тиешелүү квадраттарда белги коет. Шайлоочу добуш берүүчү талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш.
8. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсүнө бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен кайрыла алат. Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тийиштүү белги коюу менен жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени жокко чыгарылат, ал жөнүндө акт түзүлөт.
9. Шайлоо бюллетенин алгандыгы тууралуу өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу ал үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясый партиянын өкүлү, байкоочу болбогон башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка кишинин жардамынан пайдаланууга карата өзүнүн ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.
10. Толтурулган жана бүктөлгөн шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүү үчүн мөөр басылып бекитилген (пломба коюлган) ящиктерге салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн бөлмөдөн алып чыгууга тыюу салынат.
11. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартипке салгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын ыйгарым укуктарынын чектеринде, шайлоо кампаниясынын катышуучуларынын укуктарын бузбастан берген буйруктарын добуш берүү жайындагы болгон бардык адамдар аткарууга милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укук берилген башка мүчөсү аткарат.
12. Эгерде участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо комиссиясынын ишине, болбосо Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн купуялыгын бузууга аракет кылса, анда ал шайлоонун ишине катышуудан дароо четтетилет, ал эми байкоочу менен башка адамдар добуш берүүчү жайдан тышка чыгарылат. Бул жөнүндө чечимди участкалык шайлоо комиссиясы жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
13. Талапкерлерге, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнө, ошондой эле ушул аталган адамдардын өтүнүчү же тапшыруусу боюнча аракеттенген жеке жана юридикалык жактарга шайлоочуну добуш берүүгө катышуу үчүн алып келүүгө карата аракеттерди жасоого тыюу салынат.
14. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

41-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби

1. Өзү шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине киргизилген шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка кетип жаткан жаран, ички иштер органдарынын добуш берүү күнү коомдук тартипти камсыз кылуучу кызматкерлери, добуш берүү күнү аскер бөлүгү жайгашкан жерден тышкары жакта кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн мурда Кыргыз Республикасынан сырткары кетип жаткандыгына же ушул Кодексте белгиленген башка негиздерге байланыштуу шайлоо округунун аймагында болбой турганы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тийиштүү документтерди (ишсапар күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, авиабилетти, паспорттогу визаны, ички иштер органдарынын буйругунун көчүрмөлөрүн, аскер бөлүгүнүн командиринин буйругунун көчүрмөсүн, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн күбөлүгүнүн көчүрмөсүн же шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн) көрсөткөн учурда тиешелүү округдук шайлоо комиссиясынын жайында шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.
2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлүүчү, мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесине мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу жөнүндө маалыматтар киргизилет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет, ага кол коет жана шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар кеминде эки мүчөсүнүн катышуусунда добуш берүү үчүн бюллетенди жана таза конвертти алат.
3. Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда толтурат. Шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүнүн купуялыгын камсыз кылуу жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролун камсыз кылууну эске алуу менен атайын жабдылган кабина орнотулууга же атайын орун тандалууга тийиш.
4. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу толтурган шайлоо бюллетени конвертке салынат жана чапталат. Конверттин чапталган жерине округдук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар кеминде эки мүчөсүнүн колу коюлат, алар шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочунун колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
5. Шайлоо бюллетени салынып чапталган конверттер жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси бардык шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берген учурга чейин шайлоо комиссиясынын жайында тийиштүү шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.
6. Добуш берүү күнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, башка адамдардын катышуусу менен добуш берүү башталар алдында мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө билдирет, өз көзү менен көрүп таанышуу үчүн шайлоо бюллетендери салынган, чапталган конверттерди жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген, тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясынын катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин көрсөтөт. Андан соң ал ар бир конвертти кезеги менен ачат жана шайлоочунун эрк билдирүүсүнүн купуялыгын сактоо менен шайлоо бюллетендерин добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящикке салат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны добуш берүү башталар алдында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет, ал эми мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесинде шайлоочунун фамилиясынын тушуна "Мөөнөтүнөн мурда добуш берди" деген белги коюлат.

42-берене. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн
тартиби


1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолук абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө, тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоо изоляторлорунда жүргөн шайлоочулар, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо жайгашкан жерлерде, алыскы жайыт мал чарбачылык участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар, ошондой эле өзгөчө учурларда, тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, добуш берүү күнү калктуу конуштардан обочо, алыс жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашуу орду боюнча кирген шайлоо округунун аймагында туруктуу жашаса, өзү турган жер боюнча добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнү гана жана шайлоочунун добуш берүү жайынан сырткары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же оозеки кайрылуусунун (анын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген) негизинде гана жүргүзүлөт. Арыз (кайрылуу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18ден кечиктирбестен берилүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясы бардык берилген арыздарды (кайрылууларды) атайын тизмеге каттайт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүүчү жайга келе албай тургандыгынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Оозеки кайрылууну каттоодо ал келип түшкөн убакыт көрсөтүлөт жана билдирүүнү кабыл алган комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсүнүн колу коюлат.
3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө ящиктер зарыл санда, бирок үчтөн ашык эмес болууга тийиш. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар кеминде эки мүчөсү жүргүзөт, алар зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала мөөр басылган (пломба коюлган) көчмө ящиктерди кол коюп алышат. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, саясый партиялардын кеминде эки өкүлүнүн же байкоочулардын катышуусу менен жүргүзүлөт.
4. Комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуга келгенде кайрылууну шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызы менен ырастайт. Жазуу жүзүндөгү арызында шайлоочу өз паспортунун же ким экендигин тастыктаган документинин сериясы менен номерин жазат жана шайлоо бюллетенин алгандыгын өз колтамгасы менен ырастайт. Комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү арызга өз колдорун коюу менен шайлоо бюллетенин бергендигинин фактысын тастыктайт.
5. Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын орунда толтурат, ал жерде башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт. Атайын орун шайлоо бюллетенин толтуруп жаткан учурда добуш берүүчүнүн эркбилдирүүсүнүн купуялыгын жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын контролун камсыз кылууну эске алуу менен тандалууга тийиш.
6. Добуш берүү жайынан сырткары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө арыз (кайрылуу) берген шайлоочу шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайына ага участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү үчүн кеткенден кийин келип калган учурда шайлоо комиссиясынын тийиштүү мүчөсү добуш берүү жайынан сырткары жерде добуш берүүнү уюштуруп жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайра келмейинче жана бул шайлоочунун добуш берүү жайынан сырткары жерде добуш бербегендиги аныкталмайынча, ага шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайында шайлоо бюллетенин берүүгө укугу жок.
7. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочунун паспортунун же ким экендигин тастыктаган документинин сериясы жана номери шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине киргизилет жана ошол эле учурда шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү графага "Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берди" деген белги коюлат.

VIII глава
Шайлоонун натыйжаларын аныктоо

43-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо
комиссиясынын протоколу


1. Участкалык шайлоо комиссиясы тийиштүү шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол бирден ашык баракта түзүлгөн болсо ар бир баракка номер коюлууга, участкалык шайлоо комиссиясынын катышып отурган чечүүчү добушка ээ бардык мүчөлөрү кол коюуга, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылууга тийиш.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) нусканын номерин;
б) шайлоолордун деңгээлинин көрсөтүлүшүн;
в) "Протокол" деген сөздү;
г) шайлоо участкасынын номерин көрсөтүү менен шайлоо комиссиясынын аталышын;
д) протоколдун саптарын:
1-сап: добуш берүү аяктаар учурга карата негизги тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны;
1а-сап: кошумча тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны;
2-сап: участкалык шайлоо комиссиясы алган шайлоо бюллетендеринин саны;
3-сап: мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны;
4-сап: добуш берүү күнү добуш берүүчү жайда шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны;
5-сап: добуш берүү күнү добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны;
6-сап: шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны;
7-сап: жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны;
8-сап: добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги шайлоо бюллетендеринин саны;
9-сап: добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктердеги шайлоо бюллетендеринин саны;
10-сап: жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны;
11-сап: жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны;
12-сап: добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы саны;
13-сап: талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү, саясый партиялардын аталыштары (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) жана шайлоочулардын ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн берилген добуштарынын саны;
14-сап: "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") деген позиция үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколго төмөнкүдөй саптар да кошулат:
15-сап: шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясы алган добуш берүү үчүн тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны;
15а-сап: шайлоодо добуш берүү үчүн участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочуларга шайлоо участкасында добуш берүү күнүнө чейин берген тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны;
15б-сап: тизмеден чыгуу күбөлүктөрү боюнча шайлоо участкасында добуш берген шайлоочулардын саны;
15в-сап: шайлоо участкасында пайдаланылбаган (жокко чыгарылган) тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны;
16-сап: жоголгон шайлоо бюллетендеринин саны;
17-сап: алынган шайлоо бюллетендеринин санынан ашып кеткен шайлоо бюллетендеринин саны;
е) протоколго тиркелүүчү даттануулардын (арыздардын), актылардын жана башка документтердин тизмеси, алар боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдери, ошондой эле, эгерде бар болсо, протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлеринин тийиштүү жазуусу;
ж) участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн фамилиялары жана инициалдары, алардын колтамгалары;
з) протоколго кол коюлган дата жана убакыт;
и) участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү.
3. Ушул берененин экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн сандар добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго сан жана жазуу жүзүндө киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол сыя менен гана толтурулат.
4. Бардык жогору турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун саптары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун саптарына, ошондой эле ушул Кодекстин 45-беренесинин 2-пунктунда, 46-беренесинин 2-пунктунда каралган маалыматтарга дал келүүгө тийиш.
5. Тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгы, шайлоонун жыйынтыгы, округдагы шайлоолордун натыйжасы жөнүндө кол менен жазылган шайлоо комиссиясынын протоколунун маалыматтары жана "Шайлоо" автоматташтырылган маалымат тутумун колдонуу менен алынган, кол коюу убактысын жана датасын көрсөтүү менен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгон протоколдун маалыматтары бири-бирине дал келүүгө тийиш.
6. Жогору турган шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын эки нускада жана ар бир талапкер, талапкерлердин тизмесин каттоого көрсөткөн саясый партия үчүн бир нускадан, ошондой эле шайлоо комиссиясынын имаратында жалпыга тааныштыруу үчүн илинип коюлуучу протоколдун чоңойтулган формадагы бир нускасын даярдоону камсыз кылат.

44-берене. Участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн
жыйынтыктарын белгилешинин тартиби

1. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин алып жана добуш бере ала тургандыгы жөнүндө жарыялайт.
2. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө участкалык шайлоо комиссиясынын жыйналышында анын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү тарабынан гана ачык жана маалымдуу жүргүзүлөт, мында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган формасында (шайлоо комиссиясы аныктаган орунга илинип коюлат) шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу иш аракеттердин бардык натыйжалары ырааттуу жарыяланат жана тиешелүү түрдө толтурулат.
Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сүрөткө тартуулары, кино- видеого түшүрүүлөрү мүмкүн.
3. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү жүргүзүлгөн жайда дароо добуш берүү аяктагандан кийин жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн орун ага участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар, ошондой эле кеңеш берүүчү добуш укугу бар бардык мүчөлөрүнүн тоскоолдуксуз кирүү жана иштөө шарты камсыз кылынгыдай түрдө жабдылууга тийиш. Мында эсептөө учурунда катышып олтурган бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн иш-аракетинин толук көрүнүшү камсыз кылынууга тийиш.
Ар кандай деңгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда биринчи кезекте Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, андан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштар эсептелет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды эсептөө учурунда жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.
4. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүү үчүн жооптуу чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендерин эсептеп чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарат (мында катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан квадраттарды бузууга жол берилбейт) жана аларды ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендери ушундай эле жол менен жокко чыгарылат. Бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери эсептелет жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт. Пакетке "жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участкасынын номери көрсөтүлөт.
Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары аныкталган бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар тарабынан кайра кайтарылган шайлоо бюллетендеринин саны жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 7-сабына жазылат.
Андан кийин пайдаланылбаган (жокко чыгарылган) тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны эсептелет жана жарыя кылынат жана бул сан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 15в-сабына жазылат.
5. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине төмөнкүдөй суммалык маалыматтарды жазууга милдеттүү:
а) добуш берүү аяктоо учуруна карата шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны (мында тизмеден чыгуу күбөлүктөрү берилген, ошондой эле башка себептерден улам чыгып кеткен шайлоочулар эсепке алынбайт);
б) добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайда шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны (шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелериндеги шайлоочулардын колунун саны боюнча белгиленет);
в) мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тиешелүү белгилердин саны боюнча белгиленет жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси боюнча текшерилет);
г) добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тиешелүү белгилердин саны боюнча белгиленет);
д) шайлоо участкасында шайлоочуларга берилген тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны (шайлоочулардын тизмесиндеги белгилердин саны боюнча белгиленет);
е) шайлоо участкасында тизмеден чыгуу күбөлүктөрү жана соттун чечими боюнча добуш берген шайлоочулардын саны (шайлоочулардын кошумча тизмесиндеги шайлоочулардын колунун саны боюнча белгиленет жана шайлоочулардан алынган тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны боюнча текшерилет).
Бул маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү кол коет, ал андан соң аларды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды жазат, аларды өз колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт.
Шайлоочулардын тизмеси менен ишти жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга аны менен өзү көрүп таанышууну сунуш кылат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген бардык маалыматтарды жарыя кылат жана аларды добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын тиешелүү саптарына жазат:
а) 1-сапка - добуш берүү аяктоо учуруна карата шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны;
б) 1а-сапка - кошумча тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны;
в) 3-сапка - мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин жалпы саны;
г) 4-сапка - добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайда шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны;
д) 5-сапка - добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны;
е) 6-сапка - шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны (3, 4, 5-саптардагы сандардын суммасы катары белгиленет);
ж) 15-сапка - участкалык шайлоо комиссиясы алган тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны, ал тиешелүү акт боюнча белгиленет;
з) 15а-сапка - шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны;
и) 15б-сапка - шайлоо участкасында тизмеден чыгуу күбөлүктөрү боюнча добуш берген шайлоочулардын саны.
Андан соң шайлоочулардын тизмеси(лери) сейфке салынат.
6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги шайлоо бюллетендерин эсептөөгө киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзгөн чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү пломбалардын жана мөөрлөрдүн сакталгандыгын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө ящиктерди кезек-кезеги менен ачат, андан соң шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн эртең менен шайлоо ящиктерин мөөр басып чаптоо учурунда катышкан адамдардын колдору бар контролдук барактарды алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт.
Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящикти ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө ящикти пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Бардык көчмө ящиктерден алынып чыккан белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 8-сабына жазылат.
Эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экендиги белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана инициалдары көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөр басып чапталат, мында пакетте шайлоо участкасынын номери көрсөтүлөт жана "добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" деген жазуу, ящиктин номери жана шайлоо бюллетендеринин саны жазылат.
7. Добуштарды эсептөө учурунда белгисиз формадагы шайлоо бюллетендери эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) формасы ушул Кодекстин 39-беренесинде каралган тартипте бекитилген шайлоо бюллетенинин текстине жана формасына ылайык келбеген шайлоо бюллетендери белгисиз формадагы шайлоо бюллетендери деп табылат.
8. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө башталгандыгы жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктин мөөрү (пломбасы) бузулбагандыгын көрсөтөт жана аны ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо ящиктерин мөөр басып бекитүү учурунда катышкан башка адамдардын колтамгалары бар контролдук баракты алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук баракты көрсөтөт.
9. Участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган ящиктерден алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин ар бири үчүн, "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") берилген добуштар боюнча сорттойт, ошол эле учурда белгисиз формадагы шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлөт. Шайлоо бюллетендерин сорттоо учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыя кылат жана шайлоо бюллетендерин көзү менен көрүп контролдоо үчүн эсептөө учурунда катышып олтургандардын бардыгына көрсөтөт.
Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо учурунда талапкерлер боюнча шайлоо бюллетендерин сорттоо жүргүзүлбөйт.
10. Сорттолгон шайлоо бюллетендери менен талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн контролдугу астында таанышууга укуктуу.
11. Андан соң белгилүү формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштары ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча жана "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") деген позиция боюнча өз-өзүнчө эсептелет. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө аларды эсептөө учурунда катышып олтурган адамдар угуп же шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрө алгыдай түрдө үнүн чыгаруу менен, бир пачкадан экинчисине которуу жолу менен жүргүзүлөт. Бир эле учурда ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин эсептөөгө жол берилбейт. Алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 13- жана 14-саптарына жазылат. Алар ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгилери (добуштары) боюнча жана "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") деген позиция боюнча аныкталат.
Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо учурунда ар бир шайлоо бюллетени боюнча добуштарды эсептөөнү участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар кеминде эки мүчөсү жүргүзөт.
12. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө эсептелет жана суммаланат. Шайлоочунун эркбилдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкандыгынын фактысы орун алган болсо) жараксыз деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлбөгөн жана башка тийиштүү белгилер коюлбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздарга кирет. Талапкерлердин пайдасына белгилердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашкан, ал эми пропорционалдык система боюнча шайлоодо талапкерлердин тизмесинин пайдасына берилген белгилердин саны бир позициядан ашкан шайлоо бюллетендери жараксыз деп эсептелет.
Шайлоо бюллетенин жараксыз деп табууда шектенүү келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 11-сабына жазылат.
13. Участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү жараксыз шайлоо бюллетендеринин санын эсептейт, жарыя кылат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 10-сабына жазат, ал сан шайлоочулардын эркбилдирүүсүн аныктоого боло турган шайлоочулардын белгилери боюнча аныкталат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 12-сабына добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны жазылат (добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 10- жана 11-саптарындагы сандардын суммасы катары белгиленет).
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 9-сабына добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктеги шайлоо бюллетендеринин саны жазылат.
14. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө учурунда бардык катышып отургандарга участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн көзөмөлдүгү астында шайлоо бюллетендери менен өз көзү менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Талапкердин, саясый партиянын өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча добуштарды кайра эсептөө жүргүзүлөт - шайлоо бюллетендери талапкердин, саясый партиянын өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусу жана алар үчүн өз көздөрү менен көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү астында кайрадан эсептелет. Бул учурда шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет.
15. Андан соң добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук катышын текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде контролдук катыштар дал келбесе, участкалык шайлоо комиссиясы талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун бардык же айрым саптары боюнча кайталап эсептөө жөнүндө чечим кабыл алат. Эгерде кайталап эсептөөнүн натыйжасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 2, 3, 4, 5, 7-саптары боюнча контролдук катыштар кайрадан дал келбесе, участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү акт түзөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана дал келбегендик жөнүндө маалыматтарды добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун атайын саптарына - "Жоголгон шайлоо бюллетендеринин саны" деген 16-сапка жана "Алынган шайлоо бюллетендеринин санынан ашкан шайлоо бюллетендеринин саны" деген 17-сапка жазат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 2-сабында көрсөтүлгөн сан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 3, 4, 5 жана 7-саптарында көрсөтүлгөн сандардын суммасынан көп болсо, 2-сапта көрсөтүлгөн сан менен 3, 4, 5 жана 7-саптарда көрсөтүлгөн сандардын суммасынын ортосундагы айырма 16-сапка жазылат, мында 17-сапка "0" деген цифра коюлат. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 3, 4, 5 жана 7-саптарында көрсөтүлгөн сандардын суммасы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 2-сабында көрсөтүлгөн сандан көп болсо, 3, 4, 5 жана 7-саптарда көрсөтүлгөн сандардын суммасы менен 2-сапта көрсөтүлгөн сандын ортосундагы айырма 17-сапка жазылат, мында 16-сапка "0" деген цифра коюлат.
Эгерде контролдук катыштар дал келсе, 16- жана 17-саптарга "0" деген цифра коюлат.
Эгерде кайталап эсептөөнүн натыйжасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкса, протоколдун жаңы бланкы толтурулат, ал эми анын чоңойтулган формасына тиешелүү оңдоолор киргизилет. Мында протоколдун эски бланкына "Ката" деген белги коюлат.
16. Добуштарды эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналышты өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурундагы эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттануулар (арыздар) каралат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечимдер кабыл алынат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин сорттолгон шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участкасынын номери жана шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөр басып чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол коет жана өзүнчө мүшөккө же коробкага салынат. Мүшөктө же коробкада шайлоо участкасынын номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же коробка участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колтамгасын койдуруу менен чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же коробкага салуу талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда жүргүзүлөт, аларга мүшөккө же коробкага өзүнүн колун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же коробка жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.
17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада, ошондой эле ар бир талапкер, талапкерлерди көрсөткөн саясый партия үчүн бирден нускада түзүлөт жана ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрү кол коет, мында ага кол коюлган дата жана убакыт (сааты, минутасы) жазылат. Эгерде протоколго участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгү кол койсо, ал жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү өзгөчө пикирин протоколго тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
18. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын тез арада участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн, талапкердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын алдында жарыя кылат.
19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасын шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар менен бирдикте тез арада участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн бири талапкерлердин, саясый партиялардын эсептөөгө катышкан өкүлдөрүнүн коштоосунда жогору турган шайлоо комиссиясына жеткирет.
20. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартат.
21. Протоколдордун бөлөк нускалары талапкерлердин, талапкерлерди каттаган саясый партиялардын өкүлдөрүнө кол койдуртулуп берилет.
22. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
23. Ар кандай кызыкдар адамдын талабы боюнча участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн көрсөтүлгөн адамдарга берүүгө же көчүрмөсүн жасоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө, ошондой эле аны күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

45-берене. Жогору турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн
жыйынтыктарын чыгаруу тартиби


1. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун биринчи нускалары ушул Кодекстин 44-беренесинин 19-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо документтери менен бирдикте аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин тез арада акт боюнча жогору турган шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет, ал тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Шайлоонун жүрүшүндө автоматташтырылган маалымат тутуму пайдаланылган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдору алдынала текшерилгенден жана маалыматтар "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган тутумуна киргизилгенден кийин "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган тутумуна киргизилген маалыматтар участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун биринчи нускаларынын маалыматтарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө акт түзүлөт, ага добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколун жеткирген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы, автоматташтырылган тутумду пайдаланууга көзөмөл кылуу боюнча топтун мүчөлөрү жана маалыматты киргизүү үчүн жооптуу адам кол коет, мында акт түзүлгөн дата жана убакыт көрсөтүлөт. Актынын көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына (мүчөсүнө) берилет.
2. Тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгы ушул Кодекс менен укук берилген шайлоо комиссиясы тарабынан түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун негизинде алардагы маалыматтарды кошуу жолу менен чыгарат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдынала текшергенден кийин шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймакта шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча тийиштүү шайлоо комиссиясы жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага участкалык шайлоо комиссияларынын саны, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол негизделип түзүлө турган келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун саптары боюнча жалпы маалыматтар жазылат.
Тиешелүү аймакта шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коер алдында шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналышты өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат, андан соң шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коет.
3. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдор шайлоо комиссиялары тарабынан эки нускада, ошондой эле ар бир талапкер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясый партия үчүн бирден нускада түзүлөт жана аларга шайлоо комиссиясынын катышып олтурган бардык мүчөлөрү кол коет. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.
4. Шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин тез арада жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте жогору турган шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
5. Протоколдун экинчи нускасын бардык шайлоо документтери менен бирдикте көрсөтүлгөн комиссиянын катчысы кайтарылуучу жайда алар архивге берилгенге чейин сактайт.
6. Протоколдордун башка нускалары шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусу менен талапкерлердин, талапкерлердин катталган тизмесин каттаган саясый партиялардын өкүлдөрүнө кол койдуртуп берилет.
7. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн тийиштүү шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
8. Эгерде шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана (же) жыйынды таблицага кол коюлгандан жана алардын биринчи нускалары жогору турган шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөндөн кийин протоколду, жыйынды таблицаны жөнөткөн шайлоо комиссиясы алардан так эместикти тапса, ал өзүнүн жыйналышында протоколго жана (же) жыйынды таблицага тактоолорду киргизүү жөнүндө маселени кароого укуктуу. Кабыл алынган чечим жөнүндө комиссия милдеттүү тартипте өзүнүн мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана мурда бекитилген протоколду түзүү учурунда катышкан башка адамдарга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымдайт. Мындай учурда шайлоо комиссиясы протокол түзөт, анда "Кайталоо" деген белги коюлат. Көрсөтүлгөн протокол тез арада жогору турган шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
9. Төмөн турган шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, дал келбестиктер табылганда жана (же) протоколдор туура түзүлгөндүгү жагынан шектенүү келип чыкканда жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөөнү шайлоо комиссиясы жүргүзүшү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайталап эсептөө жогору турган шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн), комиссиянын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайталап эсептөөгө талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, анда "Добуштарды кайталап эсептөө" деген белги коюлат. Протокол тез арада жогору турган шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
10. Тийиштүү жогору турган (округдук) шайлоо комиссиясы шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгын төмөнкү учурда анык эмес деп тааныйт:
а) эгерде добуш берүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу учурунда шайлоочулардын добуштарынын жыйынтыгын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген ушул Кодексти бузуулар орун алса;
б) эгерде добуш берүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу учурунда шайлоочулардын эркбилдирүүсүнө таасир тийгизген ушул Кодексти бузуулар орун алса;
в) ушул Кодекс менен белгиленген негиздерде жана тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
г) ушул Кодекс менен белгиленген негиздерде жана тартипте соттун чечими боюнча.
11. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга катышкан талапкер, талапкердин, саясый партиянын өкүлдөрү, байкоочулар добуш берүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүү, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу процесси боюнча эч кандай дооматы жок болсо, ал тийиштүү шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколунда белгиленип жана алардын колтамгалары менен ырасталса, бирок, кийин жогоруда аталган негиздер боюнча арыз жана (же) даттануу беришсе, анда алардын арыздары жана даттануулары добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу үчүн негиз боло албайт.

46-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби

1. Шайлоонун натыйжаларын ушул Кодексте аныктоо укугу берилген тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен аныктайт. Муну менен бирге шайлоонун натыйжасын аныктаган округдук шайлоо комиссиясы ушул Кодекстин 45-беренесинде белгиленген талаптарын жетекчиликке алат.
Тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтыктоочу жыйналышты өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.
2. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы протокол түзөт, ага шайлоонун натыйжалары негизделип аныктала турган келип түшкөн протоколдордун маалыматтары, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы маалыматтары боюнча жыйынды таблицаны түзөт.
3. Тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолор төмөнкүдөй учурларда болбой калды деп табылат:
эгерде добуш берүүгө ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленгенден аз сандагы шайлоочулар катышса;
эгерде башка талапкерге (башка талапкерлерге) караганда алда канча көп сандагы добуштарды алган талапкер (талапкерлер) үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны бардык талапкерлерге каршы берилген шайлоочулардын добуштарынын санынан аз болсо. Мындай учурда кайталап шайлоо жүргүзүлөт, анда мурдагы талапкерлер шайлануучу кызмат орундарына талапкерликке көрсөтүлө албайт;
эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса;
эгерде талапкерлердин башка тизмесине карата добуштардын кыйла көп санын алган талапкерлердин тизмесин жактаган шайлоочулардын добуштарынын саны бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген шайлоочулардын добуштарынын санынан аз болсо. Мындай болгон учурда кайталап шайлоо өткөрүлөт, ага шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин аталган тизмесине киргизилген мурдагы талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
Шайлоого катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелериндеги шайлоо бюллетендерин алгандыгы жөнүндө шайлоочулардын колтамгаларынын саны боюнча аныкталат.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны добуш берүү үчүн ящиктерден алынып чыккан белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин саны боюнча аныкталат.
4. Тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын төмөнкүдөй учурларда жараксыз деп табат:
а) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу учурундагы ушул Кодексти бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербесе;
б) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу учурундагы ушул Кодексти бузуулар шайлоочулардын эркбилдирүүсүнө таасир эткен болсо;
в) ушул Кодексте белгиленген негизде жана тартипте жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
г) ушул Кодексте белгиленген негизде жана тартипте соттун чечими боюнча.
Эгерде шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылса шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжалары калган шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Ошол шайлоо участкасы (участкалары) боюнча шайлоонун натыйжасына таасир эткен шайлоо участкасында (участкаларында) добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда тийиштүү шайлоо участкасында кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү жүргүзүлөт.
5. Шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп, шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген ушул Кодекстин жоболорун бузуулар түшүнүлөт.
Шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир эткен эреже бузуулар деп, шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эркин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт ишин жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, талапкерлер, талапкердин жакын туугандары, талапкерлердин, саясый партиянын өкүлдөрү шайлоочуларды шайлоо участкасына транспорт каражаттары менен жеткирүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан ушул Кодекстин жоболорун бузуулар түшүнүлөт.
6. Тиешелүү шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй учурларда шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табат:
а) эгерде шайлоочулардын тизмелерине киргизилген катталган шайлоочулардын жалпы санынан шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын камтыган шайлоо участкаларынын бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылса;
б) ушул Кодексте белгиленген негизинде жана тартипте жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
в) ушул Кодексте белгиленген негизде жана тартипте соттун чечими боюнча.
7. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга, шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга жана шайлоонун натыйжасын аныктоого катышып жаткан талапкер, талапкердин, саясый партиянын өкүлдөрү, байкоочулар добуш берүү, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана шайлоонун натыйжасын аныктоо, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө жана натыйжалары жөнүндө протокол түзүү процесси боюнча эч кандай дооматтары жок болсо, ал тийиштүү шайлоо комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколунда белгиленип жана алардын колтамгалары менен ырасталса, бирок, кийин жогоруда аталган аракеттер боюнча арыз жана даттануу беришсе, анда алардын арыздары жана даттануулары добуш берүүнүн жыйынтыктарын, шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу үчүн негиз боло албайт.

47-берене. Кайталап шайлоо


1. Эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер шайланбай калса, кайталап шайлоо дайындалат. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кайталап шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдын ичинде дайындайт жана тиешелүү шайлоо комиссиялары өткөрөт. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо, шайлоо боюнча башка аракеттер, анын ичинде шайлоо аракеттеринин мөөнөтү ушул Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайталап шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
2. Кайра шайлоо өткөрүүдө аракеттери шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер шайлануучу кызмат орундарына талапкер болуп кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
3. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) шайлоолордун жыйынтыгын жана (же) натыйжаларын жараксыз деп табышы үчүн негиз болгон учурда кайталап шайлоо шайлоолорго катышкан жана кайталап шайлоого катышууну каалагандыгын билдирген талапкерлердин, саясый партиялардын арасында жүргүзүлөт.

48-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун
натыйжаларын жарыялоо

1. Аймагында шайлоо комиссиясынын иши жайылтылган ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн, шайлоонун жыйынтыктары, шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасы тиешелүү шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө таанышуу үчүн шайлоочуларга, талапкерлерге, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эларалык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алардын талабы боюнча берилет.
2. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиялары шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин бир сутканын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.
3. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле талапкерлердин, талапкерлердин тизмесинин ар бири алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык талапкерлерге, талапкерлердин бардык тизмесине каршы берилген добуштардын саны жөнүндө маалыматтарды расмий жарыялоону тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырат.
4. Тиешелүү шайлоо комиссиясы түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана алардын негизинде тиешелүү шайлоо комиссияларындагы шайлоонун натыйжалары аныкталган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

49-берене. "Шайлоо" автоматташтырылган маалымат тутумун пайдалануу

1. Шайлоонун жүрүшүндө автоматташтырылган маалымат тутумун пайдаланган учурда, шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ичинен автоматташтырылган маалымат тутумунун пайдаланылышына контролдук кылуучу топту түзөт. Шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү, талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилген жана андан чыгарылган ар кандай маалымат менен таанышууга укуктуу.
Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын өкүлдөрү автоматташтырылган маалымат тутумунун жана анын программалык камсыздалышынын тактыгына жана шайма-шай экендигине ынана алышат.
2. Добуш берүү башталган учурдан тартып протоколго кол коюлганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан автоматташтырылган маалымат тутуму маалыматтарды төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына берүү жолу менен добуш берүүнүн жүрүшүнө жана натыйжасына байкоо жүргүзүү үчүн гана пайдаланылат.
3. Бул убакыттын ичинде жогору турган шайлоо комиссияларынын маалымат борборлорунан төмөн турган шайлоо комиссияларынын маалымат борборлоруна маалымат алынгандыгын ырастаган сигналдарды кошпогондо, кандайдыр-бир маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.
4. Автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу алынган добуш берүүнүн жүрүшү жана натыйжасы жөнүндө маалыматтар алдын ала маалымат болуп саналат, ал юридикалык мааниге ээ эмес.
5. Шайлоо комиссиясынын катчысында сакталган шайлоо комиссиясынын протоколуна автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилген маалыматтарды камтыган компьютерден басылып чыккан текст тиркелүүгө тийиш. Компьютерден басылып чыккан текст түп нуска экендиги, автоматташтырылган маалымат тутумунун пайдаланылышына контролдук кылуу боюнча топтун мүчөлөрүнүн жана маалыматты киргизүү үчүн жооптуу адамдын колтамгасы менен ырасталат.

IX глава
Шайлоону финансылоо

50-берене. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан
камсыз кылуу


1. Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин жана шайлоо комиссияларынын атайын фонддорунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Чет мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, эларалык уюмдар, Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар кандай гана формада болбосун шайлоону каржылоого жол берилбейт, буга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, маалыматтык, билим берүү, илим-изилдөө программаларын, шайлоону техникалык жактан даярдоону, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатууну финансылоо кирбейт.
2. Кезектеги шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө каражат бөлүү кезектеги финансы жылына республикалык бюджетте өзүнчө сапта каралат. Шайлоону өткөрүүгө каражаттар шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирбестен шайлоо комиссияларынын карамагына келип түшөт жана алар тарабынан төмөн турган шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.
3. Эгерде шайлоону финансылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлбөсө, ошондой эле тиешелүү шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишине жетекчилик кылуу жүктөлгөн шайлоо комиссиясына каражаттар өз учурунда которулбаса, бул чыгымдар банктардын кредиттеринин эсебинен төлөнөт, алар шайлоо комиссиясына конкурстук негизде берилет. Мында каражаттардын жол берилген көлөмү тиешелүү деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн эң аз өлчөмүнүн өзгөрүшүн эске алуу менен мурдагы ушундай шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда каражаттарды чыгымдашы жөнүндө отчетунда камтылган суммадан ашууга тийиш эмес.
4. Алынган кредиттердин, анын ичинде аларга кошулуп эсептелген пайыздардын орду мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан толтурулат, ал үчүн бул кредиттер карыз милдеттенмеси болуп саналат жана эки жылдан ашпаган мөөнөттө кайра кайтарылууга тийиш. Шайлоону өткөрүү жылынан кийинки жылга республикалык бюджетти кабыл алуу учурунда бюджетте бул кредиттерди өзүнчө сап менен төлөө каралат. Кредиттерди кайра кайтаруу ушул Кодекстен улам кепилдик берүү жөнүндө чечим кабыл албастан бюджет менен кепилдикке алынат.
5. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен шайлоо комиссияларынын төмөнкүдөй чыгымдары финансыланат:
1) шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө, шайлоо комиссияларынын аппараттарынын кызматкерлерине эмгек акы (сыйлык акы) төлөөгө, шайлоо комиссияларынын бухгалтерлеринин эмгегине акы төлөө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча комиссияларда иштөөгө тартылган жарандарга акы төлөөгө;
2) басылма продукциясын даярдоого жана басма ишин жүзөгө ашырууга;
3) шайлоону жана шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жабдууну (анын ичинде технологиялык жабдууну), башка материалдык байлыктарды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга;
4) шайлоо комиссиялары менен (телефондук, факсимилдик, почталык, электрондук) байланышты, шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан транспорт чыгымдарын камсыз кылууга;
5) шайлоо документтерин жеткирүүгө, сактоого, аларды архивге өткөрүп берүүгө, даярдоого же жок кылууга;
6) шайлоо участкаларынын, шайлоо округдарынын тизмесин, алардын чегараларын, даректерин, участкалык шайлоо комиссияларынын курамын көрсөтүү менен жарыялоого;
7) шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш чараларды камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн иш сапарларына жана жол жүрүү боюнча чыгымдарынын ордун толтурууга;
8) талапкерлерге, талапкерлерди көрсөткөн саясый партияларга акысыз эфир убактысын, акысыз басылма аянтын берүүгө;
9) шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
10) шайлоо күнүнөн мурунку күнү, ошондой эле шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө суткалык акы төлөөгө;
11) шайлоо күнү шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамга суткалык акынын өлчөмүндө тамак-ашты уюштурууга;
12) шайлоону өткөрүү, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылуу менен байланышкан башка максаттарга.
Шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттарды чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын чектеринде чыгымдайт. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын турмушка ашырууда көмөк көрсөтүүгө, атап айтканда, зарыл жабдууну жана телефондоштурулган жайларды акысыз берүүгө, анын ичинде аталган документацияны жогору турган шайлоо комиссияларына же архивге өткөрүп бергенге чейин ал документацияларды сактоого; берилген жайларды жана көрсөтүлгөн документтерди акысыз сактоону камсыз кылууга, ошондой эле транспорт каражаттарын, байланыш каражаттарын, техникалык жабдууларды акысыз берүүгө милдеттүү.
6. Тийиштүү шайлоо комиссиясы жогору турган (округдук) шайлоо комиссиясына бул шайлоо комиссиясына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө отчетту шайлоодон кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен берет. Тийиштүү шайлоо комиссиялары бул комиссияга бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоодон кийин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен берет.
Шайлоого республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчеттору тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилет.
7. Шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескейт жана финансылык документтер шайлоо комиссияларынын финансылык маселелер боюнча чечимдерине ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.

51-берене. Шайлоо фонддору

1. Талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тартып жарандар каттоо үчүн документтерди сунуш кылганга чейин шайлоо алдындагы кампанияны финансылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялар өздөрүнүн шайлоо кампаниясын финансылоо үчүн алардын финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Кодекстин 26-беренесинде каралган тартипте шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин беш календарлык күндүн ичинде шайлоо фонддорун түзөт. Талапкер, талапкерлердин тизмеси катталбаган учурда шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар аларды берген жана которгон уюмдарга жана адамдарга кайра кайтарылат.
Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялар округдук шайлоо комиссиялары аларды каттагандан кийин шайлоо алдындагы үгүт иштерин финансылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачылган эсебин жүргүзүүнү улантат.
Талапкерлердин тизмесинин курамында добушка коюлган талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер эгерде алар үгүт ишин жүргүзүүдө телекөрсөтүүнү, радиону, мезгилдүү басылмаларды акы төлөө негизинде пайдаланбаса жана басылма үгүт материалдарын чыгарбаса, ошондой эле алар белгилүү материалдык чыгымдарды (финансылоону) талап кылган жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланбаса, шайлоо фонддорун түзбөй коюуга укуктуу.
2. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүдөй каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин, саясый партиянын өз каражаттарынан;
- ушул берененин 3-пунктунда саналган жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.
3. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу берүүлөрүнө жол берилбейт:
- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактардын;
- жарандыгы жок адамдардын;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
- уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү болгон, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
- аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
- укук коргоо органдарынын, соттордун;
- кайрымдуулук уюмдарынын;
- диний уюмдардын;
- анонимдүү тартуу кылууларга.
Талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондуна бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар юридикалык жактардын, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик кылган жеке жактардын акча каражаттарын кошушуна жол берилбейт. Талапкер, саясый партия көрсөтүлгөн юридикалык, жеке жактар шайлоо фондуна акча каражаттарын которгон учурда жоопкерчилик тартпайт. Талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондуна жеке жана юридикалык жактар которгон акча каражаттары келип түшкөн учурда шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча банк же башка мекемелер ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү.
4. Талапкердин, саясый партиянын өз каражаттарынын, талапкерге саясый партия бөлгөн каражаттардын, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу берген каражатынын шайлоо фондуна чегерилүүчү эң жогорку өлчөмү, ошондой эле шайлоо фонддорунун каражаттарын чыгымдоонун эң жогорку өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгү менен белгиленет. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген эмгек акы төлөөнүн эсептик көрсөткүчү менен эсептелет. Белгиленген өлчөмдөн ашыкча келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фонддоруна кошулбайт жана жарандар менен уюмдарга кайра кайтарылат. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдардын орду аларды кошкон жарандар менен уюмдардын эсебинен толтурулат.
Кайталап добуш берүү жүргүзүлгөн учурда ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгү менен белгиленген шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин бардык чыгымдарынын суммасынын жалпы чеги бир жарым эсеге көбөйүшү мүмкүн.
5. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсепти тиешелүү шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясый партия ачат. Шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.
6. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
7. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясый партияларга, финансы маселелери боюнча алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.
8. Шайлоо фонддорунун каражаттары атайын максатка жумшалат. Алар шайлоо кампаниясын жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
9. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
- уюштуруу-техникалык чараларды, анын ичинде талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган чараларды финансылоого;
- шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө;
- шайлоо кампаниясын өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан иштерди (кызмат көрсөтүүнү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү)үчүн жарандарга эмгек акы төлөөгө;
- шайлоо алдындагы кампанияны өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан жайларды, жабдууларды арендалоого, транспорттук чыгымдарга, ишсапардык чыгымдарга, байланыш кызматына акы төлөөгө, канцеляриялык товарларды сатып алууга жана башка чыгымдарга.
10. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү ишке шайлоо фонддору аркылуу гана финансылык (материалдык) жактан колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү, ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары жеке жактардын иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз аткарышына же негизсиз төмөндөтүлгөн баа боюнча аткарышына, шайлоого тике же кыйыр түрдө байланышкан товарларды сатышына тыюу салынат.
11. Талапкерлерге, саясый партияларга шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу боюнча иштерге, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо алдындагы башка аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн акы төлөөдө алардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары башка акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
12. Банк же башка мекемелер тийиштүү шайлоо комиссиясынын талабы боюнча 24 сааттын ичинде талапкердин, саясый партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты талапкерди каттаган шайлоо комиссиясына жума сайын билдирип турууга милдеттүү.
13. Шайлоо фонддору түзүлгөн учурдан тартып, добуш берүү күнүнө чейин талапкерди каттаган тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды контролдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына мезгил-мезгили менен жиберип турат.
14. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясый партия талапкерлердин тизмесин кайра чакырткан же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо алып салынган (жокко чыгарылган) учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары, аларды берген жарандар менен уюмдарга кечиктирбестен кайра кайтарылат. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдардын орду аларды кошкон жарандар менен уюмдардын эсебинен толтурулат.
15. Талапкердин шайлоо кампаниясы менен байланышкан белгилүү иш аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдерди (макулдашууларды) талапкер жеке өзү же анын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясый партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү түзөт. Талапкерлердин, саясый партиялардын атайын эсептеринен төлөө боюнча контракттар же келишимдер шайлоо күнүнөн мурдагы күндөн кеч түзүлбөйт.
Бардык финансылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү шайлоо күнүнөн мурдагы күнү саат 18де токтотулат. Талапкерлердин (саясый партиялардын) жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр акча которуу жолу менен гана жүргүзүлөт.
16. Кайталап добуш берүү өткөрүүдө кайталап добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкердин атайын эсеби боюнча финансылык операциялар кайталап добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайталап добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат.
17. Талапкерлер, саясый партиялар шайлоодон кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүүнүн бардык булактары жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту берет. Шайлоо күрөөсү зарыл сандагы добуштарды алган талапкерлерге, саясый партияларга алар өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүүнүн бардык булактары жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту тиешелүү шайлоо комиссиясына бергенден кийин кайра кайтарылат.
18. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктарын талапкерлер, саясый партиялар кошкон каражаттарына пропорциялуу түрдө аларды берген, болбосо которгон уюмдардын же адамдардын эсептерине которууга милдеттүү. Талапкердин, саясый партиянын атайын эсебинде калган башка акча каражаттарын шайлоодон 20 календарлык күн өткөндөн кийин шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча банк республикалык бюджеттин кирешесине которууга милдеттүү.
19. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго берилген ыктыярдуу каражаттарга жана чегерүүлөргө салык салуунун, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

52-берене. Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын,
талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун
каражаттарынын чыгымдалышына контролдук кылуу


1. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу, ошондой эле талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн булактарына, туура эсептелишине жана пайдаланылышына контролдук кылуу үчүн, талапкерлердин, саясый партиялардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 адамдан кем эмес контролдук-текшерүү тобу түзүлөт. Контролдук-текшерүү тобун уюштуруунун жана анын ишинин тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
3. Контролдук-текшерүү тобуна төмөнкүлөр кирет: контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орунбасары, контролдук-текшерүү тобуна дайындалган тиешелүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер, суроо-талап боюнча шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календарлык күндөн кечиктирбестен адистерди тиешелүү Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагына жиберүүгө милдеттүү.
4. Тартылган адистер контролдук-текшерүү тобунда иштеп жаткан убакытка негизги ишинен бошотулат, аларга иштеген орду (кызмат орду), белгиленген кызматтык айлык акысы жана негизги иштеген жери боюнча башка төлөмдөр сакталат. Ишке тартылган бул адистерге ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйлык акы төлөнүшү мүмкүн.
5. Контролдук-текшерүү тобунун ишин уюштурууну, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну тиешелүү Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.
6. Контролдук-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:
1) талапкерлердин, саясый партиялардын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет;
2) өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды талапкерлерден, саясый партиялардан, шайлоо комиссияларынан суратат жана алат;
3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнү финансылоонун, талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо кампаниясын жүргүзүү менен түздөн-түз байланышкан башка ишчараларды жүзөгө ашыруунун белгиленген тартиби сакталышына контролдук кылат;
4) контролдук-текшерүү тобунун карамагына кирген бардык маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле жарандарга кайрылат, шайлоону финансылык жактан камсыз кылуу менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды суратат. Контролдук-текшерүү тобунун кайрылууларына жооптор жана ал сураткан материалдар - үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө чейин беш жана андан аз күн калганда жана добуш берүү күнү - дароо берилет;
5) шайлоону финансылоо учурундагы финансылык эреже бузуулар жөнүндө документтерди түзөт;
6) талапкерлердин шайлоо кампаниясын финансылоодо талапкерлер, саясый партия, ошондой эле жарандар жана юридикалык жактар жол берген эреже бузуулар үчүн аларга карата жоопкерчилик чарасын колдонуу жөнүндө маселени тиешелүү шайлоо комиссиясына коет;
7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды даярдоого жана эксперттик баа берүүгө эксперттерди тартат.
7. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда контролдук-текшерүү тобу "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган маалымат тутумун пайдалана алат.

Х глава
Шайлоо эркиндигинин кепилдиктери

53-берене. Шайлоо эркиндигин камсыз кылуу боюнча шайлоо
комиссияларынын, мамлекеттик органдардын иши


1. Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Кодекстин жана мыйзамдардын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.
2. Добуш берүү күнү жана андан мурунку күн соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары, ошондой эле турак-жай фондун пайдалануу боюнча уюмдар үчүн жумуш күнү болуп саналат. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлеген банк же башка мекемелер үчүн добуш берүү күнүнөн мурдагы күн жумушчу күн болуп саналат.
3. Ички иштер органдары жана турак-жай фондун пайдалануу боюнча уюмдар шайлоо комиссиялары талап кылган төмөнкү маселелер боюнча жардам көрсөтүүгө милдеттүү:
1) шайлоо участкасынын аймагында, ошондой эле добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнү өткөрүү учурунда коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча;
2) шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча;
3) шайлоо комиссияларынын ишинде добуш берүү күнү пайда болгон башка маселелер боюнча.
4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Кодекстин талаптарын, шайлоого тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) прокуратура органдарына, ички иштер органдарына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Тийиштүү округдун шайлоочулары, талапкерлер, саясый партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз же даттануу жүйөлүү болуп жана ал негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
5. Тийиштүү округдун шайлоочуларынын, талапкерлердин, саясый партиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары же даттануулары прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз же даттануу келип түшкөн учурдан баштап эки күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн мурунку күнү түшсө - дароо каралууга тийиш. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда же даттанууларда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кыла турган болсо, алар боюнча чечим үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Арыз же даттануу боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн прокуратура органдары, ички иштер органдары тийиштүү шайлоо комиссиясына дароо жөнөтөт.
6. Арызды же даттанууларды кароодон баш тартылган учурда, прокуратура органдары, ички иштер органдары бир сутканын ичинде баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдин көчүрмөсүн берет.

54-берене. Шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же)
аракеттерине (аракетсиздиктерине) администрациялык
тартипте даттануу


1. Жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузган шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.
2. Тийиштүү округдун шайлоочулары, талапкерлер, саясый партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар, ошондой эле шайлоо комиссиялары жарандардын шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануулар менен кайрыла алышат. Даттануу жүйөлүү болуп жана ал негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
Шайлоо комиссиясынын атынан даттануу шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берилет, ал комиссиянын жыйналышында кабыл алынат, ага төрага кол коет жана шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, даттанууга тиркелет.
3. Шайлоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттануулар шайлоо комиссиялары тарабынан даттануу келип түшкөндөн тартып үч күндүк мөөнөттө каралышы керек, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн мурунку күнү түшсө - дароо каралууга тийиш. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттанууларда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кыла турган болсо, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.
4. Шайлоо комиссияларынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөрдө жогору турган шайлоо комиссияларына даттанылышы мүмкүн.
Добуш берүүнүн жыйынтыгына анын жыйынтыктары чыгаргандан кийин 3 календарлык күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Шайлоонун натыйжасына анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин 3 календарлык күндүн ичинде даттанылдышы мүмкүн. Даттануу берүүнүн мөөнөтү узартылбайт жана кайра жаңыртылбайт. Бул мөөнөт бүтүп калса, даттануу кабыл алынбайт.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимине даттануу боюнча жогору турган шайлоо комиссиясы даттануу берилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен чечим кабыл алууга милдеттүү. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаргандан кийин келип түшкөн арыздарда жана даттанууларда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кыла турган болсо, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
5. Даттанууларды (арыздарды) карап чыгуу учурунда, ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар тууралуу маселелер каралган башка учурларда кызыкдар тараптар, аракеттери же (аракетсиздиктери) даттанылып жаткан адамдар же алардын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын жыйналышынын өткөрүлүүчү күнү жана орду тууралуу маалымдалат. Көрсөтүлгөн адамдар түшүнүк берүүгө жана каралып жаткан маселенин маңызы боюнча далилдерди берүүгө укугу бар. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууга жана даттануунун маңызы боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
6. Жогору турган шайлоо комиссиясына алдын-ала кайрылуу участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерин даттануу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат. Жогору турган шайлоо комиссиянын (округдук) чечими Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

55-берене. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат
адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын
чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздиктерине)
даттануунун соттук тартиби

1. Жарандардын шайлоо укуктарын бузган мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги), шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги), ошондой эле ушул Кодекстин талаптарын бузган талапкерлердин, саясый партиялардын, алардын өкүлдөрүнүн аракеттери ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Соттор, прокуратура жана ички иштер органдары өз ишин даттанууларды өз убагында кароону камсыз кылгыдай кылып (анын ичинде дем алыш күндөрү) уюштурууга милдеттүү.
3. Жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Кодекстин талаптарын бузган чечимдерге жана (же) аракеттерге (аракетсиздиктерге) даттануулар менен тийиштүү округдун шайлоочулары, талапкерлери, талапкерлердин өкүлдөрү, саясый партиялардын өкүлдөрү, коммерциялык эмес уюмдар, байкоочулар, ошондой эле шайлоо комиссиялары кайрыла алат. Ал жактар даттанууну так баяндап жана даттануу негизделген далилдерди жана күбөлүктөрдү тапшырууга же көрсөтүүгө тийиш.
Шайлоо комиссиясынын атынан даттануу шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берилет, ал комиссиянын жыйналышында кабыл алынат жана даттанууга тиркелет, ага шайлоо комиссиясынын төрагасы кол коет жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
4. Даттанууну сот карап чыгууга кабыл алган жана жаран же шайлоо процессинин башка катышуучусу ушундай даттануу менен шайлоо комиссиясына кайрылган учурда шайлоо комиссиясы соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин даттанууну карап чыгууну токто турат. Сот келип түшкөн даттануу жөнүндө тийиштүү шайлоо комиссиясына кабарлайт.
5. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттануулар сот тарабынан даттануу түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө, бирок добуш берүү күнүнөн мурунку күндөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн кийинки күнү - дароо каралууга тийиш. Эгерде даттанууда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.
6. Соттун жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө так кабарландырылган арыз ээсинин, жоопкердин, алардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле тиешелүү шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, башка таламдаш адамдардын сотко келбей калышы ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
7. Добуш берүүнүн жыйынтыгы сотко шайлоонун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин үч календарлык күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Бул мөөнөт өткөндөн кийин даттануу кабыл алынбайт.
Шайлоонун натыйжасына анын натыйжасы аныкталгандан кийин үч календарлык күндүн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн. Даттануу берүү мөөнөтү узартылбайт же кайра башталбайт. Бул мөөнөт өткөндөн кийин даттануу кабыл алынбайт.
8. Ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда сот тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимин алып сала алат.
Эгерде шайлоо комиссиясынын чечими сот тарабынан жокко чыгарылган болсо, чечими жокко чыгарылган шайлоо комиссиясы же жогору турган шайлоо комиссиясы соттун чечиминин негизинде маселенин маңызы боюнча жаңы чечим кабыл алат.
9. Соттун чечими ал чыгарылган учурдан баштап күчүнө кирет жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн милдеттүү.
Сот кабыл алган чечим дароо арыз ээсине, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле тийиштүү шайлоо комиссияларына берилет.
Көзөмөлдүк даттанууну берүү ушул Кодекс менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө биринчи инстанциядагы соттун чечимин шайлоо комиссиясы тарабынан аткарылышын убактылуу токтотот.
10. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу соттун чечими чыгарылгандан учурдан тартып үч күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
11. Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими даттануу түшкөн күндөн баштап 5 календарлык күндүн ичинде көзөмөл тартибинде каралат.
Көзөмөлдүк даттануу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет, ал милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн чакыртат.
Соттун чечимине көзөмөлдүк даттануу чечим чыгарган тийиштүү сот аркылуу берилет. Даттанууну тикелей көзөмөл инстанциясына берүү даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтому ал чыгарылган учурдан баштап мыйзамдуу күчүнө кирет, биротоло чечим болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

56-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону алып
салуу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун
жыйынтыктары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин алып
салуу үчүн негиздер


1. Талапкерди каттоо тийиштүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер анда пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы ырасталганда, анын ичинде талапкерде мыйзамда белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын, талапкерге карата соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же жоготкондугу жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзам менен белгиленген башка анын пассивдүү шайлоо укугу жок экендигинин негиздери болгондо, ошондой эле талапкер каза болгон учурда жүргүзүлөт.
Талапкерди каттоону алып салуу тийиштүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан төмөнкү учурларда добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт:
а) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз берсе;
б) саясый партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоолордо талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда;
в) өзүнүн шайлоо кампаниясын финансылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын чек коюлган суммасынын белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;
г) эгерде тийиштүү даттануу талапкерди каттагандан кийин беш күндүн аралыгында берилген болсо, ушул Кодекстин 27- жана 28-беренелеринде аныкталган эрежелер бузулганда;
д) талапкердин, талапкердин өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу фактысы же болбосо талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин катыштыгы бар экендигинин фактысы ырасталса;
е) талапкердин, талапкердин өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катыштыгынын фактысы ырасталса;
ж) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алгандыгынын же алардын шайлоочуларды сатып алууга катыштыгынын фактысы ырасталса.
2. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан төмөнкү учурларда добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт:
а) саясый партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартканда;
б) өзүнүн шайлоо кампаниясын финансылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары саясый партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо саясый партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды саясый партиянын шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын чек коюлган суммасынын белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;
в) эгерде тийиштүү даттануу талапкерди каттагандан кийин 5 күндүн ичинде берилген болсо, ушул Кодекстин 27- жана 28-беренелеринде аныкталган талапкерлердин тизмесин каттоонун эрежелерин бузганда;
г) саясый партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматтык же иш абалынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясый партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматтык же иш абалынын артыкчылыгын пайдаланууга катыштыгынын фактысы ырасталганда;
д) саясый партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз катыштыгынын фактысы ырасталганда;
е) саясый партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алгандыгынын же алардын шайлоочуларды сатып алууга катыштыгы бар экендигинин фактысы ырасталганда.
3. Тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун жыйынтыгын аныктоодон кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ал талапкерде анын пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу, анын ичинде талапкерде мыйзам менен белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбагандыгы же жоюлбагандыгы, талапкерге карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же токтотулгандыгы жөнүндө, жарандын башка мамлекетке таандыктыгы жөнүндө, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоолордун жыйынтыктары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечими жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан алып салынат жана шайлоолор анык эмес деп таанылат. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктагандан кийин жана талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган талапкерге мандат берилгенге чейин талапкерде көрсөтүлгөн маалыматтар ырасталса, шайлоолордун жыйынтыктары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан алып салынат жана шайлоолор анык эмес деп таанылат. Мындай учурда мандат ал саясый партиянын талапкерлеринин тизмесинен кийинки талапкерге берилет.
4. Катталган шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыган, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкалары жагында добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерин алып салуу шайлоо округунда шайлоону жараксыз деп табууга алып келет.
5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону алып салуу, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоо жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжасы жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин алып салуу үчүн акыркы болуп саналат.

57-берене. Жарандардын шайлоо укуктарын бузгандык үчүн
жоопкерчилик


Төмөнкүлөр:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо жана шайлануу укугун жүзөгө ашырышына күч колдонуу, алдоо, коркутуу, будамайлоо менен менен башкача ыкма менен тоскоолдук кылган, же добуш берүүнүн купуялыгын бузган, шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга жарандардын укугун бузган, болбосо талапкерди колдоп кол коюуга жарандарды мажбурлаган же аларга тоскоолдук кылган, ошондой эле кол коюу маалыматтарын оңдоого катышкан, болбосо шайлоочуларды сатып алган адамдар;
2) шайлануу максатында өзүнүн кызматтык же ээлеген абалынын артыкчылыктарын пайдаланган; болбосо катталган шайлоочулар (шайлоочулардын тизмеси) жөнүндө маалыматтарды өз учурунда түзбөгөн жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү шайлоо комиссияларына жөнөтөөр алдында аларды тактабаган; же шайлоону финансылоо эрежелерин бузган, анын ичинде шайлоо комиссияларына каражаттарды которууну создуктурган, болбосо жарандарга шайлоо бюллетендерин башка адамдар үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн берген, же шайлоо документтерин оңдоп салган, билип туруп жалган документтерди түзгөн жана берген, билип туруп добуштарды туура эмес эсептеген же добуш берүүнүн жыйынтыгын, шайлоонун жыйынтыгын билип туруп туура эмес чыгарган, шайлоонун натыйжаларын туура эмес аныктаган, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге карабастан добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды бербеген же жарыялабаган адамдар;
3) талапкерлер, саясый партиялар жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таркаткан, болбосо талапкерлердин, алардын жакын туугандарынын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясый партиялардын жана алардын өкүлдөрүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген башка иштерди жасаган, же шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, эларалык байкоочулардын, талапкерлердин, саясый партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укугун, анын ичинде маалыматтарды жана шайлоо документтеринин көчүрмөлөрүн өз учурунда алуу укугун бузган, байкоочуларды, эларалык байкоочуларды, талапкерлерди, талапкерлердин, саясый партиялардын тизмесин, талапкерлердин жана саясый партиялардын өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн каттоодон негизсиз баш тартышкан, шайлоо участкаларында шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылышкан, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузган, анын ичинде добуш берүү күнүнөн мурунку күнү жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзгөн, шайлоо комиссиялары өз милдеттерин аткарышына байланышкан алардын ишине тоскоолдук кылган же ага мыйзамга жат түрдө кийлигишкен, добуш берүү үчүн жайдан шайлоо бюллетендерин алып чыккан, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду, талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык отчетторун жана шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторун бербеген же жарыялабаган жактар, ошондой эле шайлоого катышуу үчүн мыйзамда каралган өргүү берүүдөн баш тарткан иш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, администрациялык, болбосо башка жоопкерчилик тартат.

II. ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

XI глава
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо

58-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо


1. Кыргыз Республикасынын Президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Бир эле адам удаасы менен эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт.
3. Президент болуп курагы 35 жашка толгон жана 65 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген, республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
4. Президентти шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо күнүнө чейин кеминде төрт ай мурда дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү аяктап жаткан айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт.
5. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген учурларда жана тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат жана Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш. Мында Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч ай аяктаар алдындагы акыркы жекшемби шайлоо күнү болуп саналат. Бул учурда, ушул Кодексте белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөтү төрттөн бирге кыскарат.
6. Президентти шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому, ал кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.
7. Эгерде Жогорку Кеңеш Президентти шайлоону ушул берененин 4, 5-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө дайындабаса, Президентти шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы Президентти шайлоону өткөрүү датасын 2 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялайт жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө шайлоону өткөрөт.

59-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу

Президентти шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:
- Борбордук шайлоо комиссиясы;
- облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары;
- райондук, шаардык шайлоо комиссиялары;
- участкалык шайлоо комиссиялары.

60-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна
талапкерди көрсөтүү


1. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 65 календарлык күн калганда аяктайт.
2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу шайлоо дайындалган күнгө карата юстиция органдарында расмий каттоодон өткөн саясый партияларга, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
3. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү саясый партиянын Уставында каралган тартипте жана ушул Кодекстин 25-беренесинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Саясый партиялар Президенттин кызмат ордуна бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
5. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү Борбордук шайлоо комиссиясына Президенттин кызмат ордуна талапкер болуп добушка коюлууга ниеттенгени жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

61-берене. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин
мамлекеттик тилди билиши


1. Мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат.
2. Мамлекеттик тилди билүү мамлекеттик тилде окуй билүү, жаза билүү, өз оюн баяндай билүү менен аныкталат.
3. Талапкерди мамлекеттик тилди билбейт деп таануу үчүн төмөнкүлөр гана негиз боло алат:
- талапкердин мамлекеттик тилди билишин текшерүүгө катышпагандыгы;
- мамлекеттик тилде окуй билбегендиги, жаза билбегендиги жана өз оюн баяндай билбегендиги.
Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билишин белгилөө Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы Президентти шайлоо дайындалаар күндөн 20 календарлык күн мурда Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө Тил боюнча комиссиянын курамын сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Борбордук шайлоо комиссиясы сунуш кылган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө Тил боюнча комиссиянын курамын бекитет. Эгер Жогорку Кеңеш ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө Тил боюнча комиссиянын курамын бекитпесе, Тил боюнча комиссиянын курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.
Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билишин текшерүү үчүн талапкер:
а) өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын көлөмүн үч беттен ашырбастан жазуу жүзүндө баяндоого;
б) өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун баяндоо менен кеминде 15 минута оозеки сүйлөөгө;
в) көлөмү үч беттен ашпаган басылма текстти окуп берүүгө тийиш.
Тил боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү талапкердин мамлекеттик тилди билиши жөнүндө төмөнкүдөй шкала менен ар бир пункт боюнча өзүнчө үн чыгарып корутунду жасайт:
- билет;
- билбейт.
Тил боюнча комиссиянын чечимдери комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Тил боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйналышында катышкандардын эч кимисинин добуш бербей коюуга укугу жок. Тил боюнча комиссия чечим кабыл алып жаткан учурда, эгерде жактаган же каршы добуштардын саны бирдей болсо, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билишин текшерүү талапкерлер үчүн бирдей шартты сактоо менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик телекөрсөтүү талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо жолжобосун түз эфирден көрсөтүүгө милдеттүү.

62-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна
талапкерди колдогон колтамгаларды чогултуу


1. Президенттин кызматына талапкер кеминде 50 миң шайлоочунун колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында талап кылынган жалпы сандагы кол тамганын кеминде 3 пайызы ар бир облуска, Бишкек жана Ош шаарларына туура келүүгө тийиш.
2. Колтамгаларды чогултуу Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү күнүнөн тартып башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат.
3. Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн саны 50 адамдан ашпоого тийиш.
4. Колтамгалар активдүү шайлоо укугу бар шайлоочулардын арасынан гана чогултулушу мүмкүн. Шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу алар иштеген, кызмат кылган, окуган, жашаган жерлерде, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле ушул Кодекс менен үгүт ишине жана колтамга чогултууга тыюу салынбаган жерлерде жүргүзүлөт. Юридикалык жактардын же алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн администрацияларынын колтамга чогултууга катышуусуна, ошондой эле колтамга чогултуу процессинде мажбурлоого жана кол койгондугу же колтамгаларды чогултууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн шайлоочуларды сыйлоого жол берилбейт. Эмгек акы, пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү берүү учурунда жана ал берилип жаткан жерлерде колтамга чогултууга тыюу салынат. Мындай тыюу салууну одоно жана бир нече ирет бузуу тийиштүү шайлоо комиссиясынын, болбосо соттун чогулган колтамгаларды жараксыз деп табышына жана (же) талапкерди каттоондон баш тартууга негиз болушу мүмкүн.
5. Шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын эрезеге жеткен иш-аракетке жөндөмдүү жаранына таандык.
6. Талапкерди жактап берилген ар бир колтамга коюу баракчасында талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган убактысы, иштеген жери, ээлеген кызматы (кылган иши) көрсөтүлүүгө тийиш.
7. Шайлоочу колтамга коюу баракчасына колтамгасын коюп жатып, өз колу менен төмөнкүдөй маалыматтарды: өз фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жеринин дарегин, туулган жылын (18 жаштагылар үчүн - күнүн, айын), кол койгон күнүн көрсөтөт. Шайлоочулар ар башка талапкерлерди, бирок бир гана жолу тигил же бул талапкерди жактап колтамга коюуга укуктуу.
8. Ар бир колтамга коюу баракчасына бул адам колтамгаларды жеке өзү чогулткандыгы жана ал так жана туура экендиги жөнүндө маалымат кошулууга тийиш, ошондой эле колтамга чогулткан адамдын фамилиясы, аты-жөнү, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери, өз колтамгасы, анан дагы колтамга чогултулган калктуу конуштун аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
9. Кол коюу баракчалары Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген формага ылайык даярдалат.
10. Президенттикке талапкерди колдоп колтамга чогултуу боюнча толтурулган кол коюу баракчалары көктөлгөн жана номерленген түрдө ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 күндөн кечиктирбестен облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларына берилет, алар беш күндүк мөөнөттө каттоо кызматынын кызматкерлерин тартуу менен колтамгалардын аныктыгын текшерет. Кол коюу баракчаларын кабыл алууда облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссиялары ар бир кол коюу баракчасын шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт жана кол коюу баракчалары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону берет, мында шайлоочулардын колтамгаларынын саны, кабыл алуу датасы жана убактысы көрсөтүлөт. Коюлган бардык колтамгалар же жөнөкөй иргеп алуу (чүчүкулак) аркылуу текшерүүгө тандап алынган колтамгалардын бир бөлүгү текшерилиши мүмкүн.
11. Текшерилген ар бир учур жөнүндө каттоо үчүн колтамгаларды сунуш кылган талапкерлердин бардыгы маалымдар кылынууга тийиш. Колтамгаларды, анын ичинде текшерүү үчүн иргеп алган колтамгаларды да текшерүүдө белгиленген санда колтамгаларды сунуш кылган талапкерлердин бардыгы же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууга укуктуу. Кол коюу баракчалары шайлоо комиссиясына берилгенге чейин талапкер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан чыгарып салынган (сызып коюлган), бирок кол коюу баракчасында турган колтамгалар, эгер алар аны атайын белгилесе, текшерилбейт жана эсепке алынбайт. Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кол коюу баракчалары аларды Борбордук шайлоо комиссиясына берүү үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайра кайтарылат.
12. Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссиялары тийиштүү протокол толтурат жана аны Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
13. Кол коюу баракчалары ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса жараксыз деп эсептелет.

63-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна
талапкерлерди каттоо


1. Каттоо үчүн Президенттин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, ошондой эле талапкер шайлоо күрөөсүн койгондугун тастыктаган документти берет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календарлык күндүн ичинде Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартиби Конституциянын жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык келер-келбесин текшерет жана Президенттике талапкерди каттайт, болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди чыгарат.
3. Президенттикке талапкер каттоого чейин жана сунуш кылынган документтер текшерилгенден кийин жеке каражаттарынан же өз шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн коет. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 15 пайызы талапкерди жактап добуш берсе, коюлган шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин талапкерге кайра кайтарылат. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө тийиш эмес, ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан атайын максатка - шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө пайдаланылат.
4. Шайлоо күнүнө чейин 35 календарлык күн калганда Президенттикке талапкерлерди каттоо аяктайт.
5. Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга билдирет. Бул чечим беш күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

64-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна
талапкердин шайлоо фонду


1. Президенттин кызмат ордуна талапкер өзү көрсөтүлгөндөн кийин беш күндүн ичинде шайлоо алдындагы кампанияны финансылоо үчүн ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзөт.
2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алына турган үгүт-маалымат мүнөзүндөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
а) талапкердин өз каражаты, ал эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашпайт;
б) талапкерге саясый партиядан бөлүнгөн каражаттар жана алар эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашпайт;
в) жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрү, алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 50 эседен ашпайт;
г) юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрү, алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпайт.
Талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдардын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашпайт.

65-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун
жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо


1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде райондук, шаардык шайлоо комиссиялары өз жыйналыштарында өз аймагында шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана аны тез арада облустук, Бишкек шайлоо комиссиясына берет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде шайлоо күнүнөн кийин, беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжасын аныктайт жана аны кароо жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жиберет.
3. Эгерде шайлоого шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларынын элүү пайызынан көбү катышса Президентти шайлоо болду эсептелет. Добуш берүүнүн биринчи турунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган Президенттин кызмат ордун талапкер шайланды деп эсептелет.
4. Эгерде сот шайлоочулардын алда канча көп добушун топтогон талапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган болсо жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин иш боюнча тиешелүү соттук актыны чыгарбаган болсо, шайлоо комиссиясы кылмыш иши боюнча соттук чечим чыгарылганга чейин шайлоонун натыйжаларын аныктоону токтотот.

66-берене. Кайрадан добуш берүү

1. Эгерде шайлоо бюллетенине Президенттин кызмат ордуна экиден ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири да шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын кыйла көп добушун алган эки талапкер боюнча Президентти шайлоо боюнча кайрадан добуш берүүнү дайындайт.
2. Кайрадан добуш берүү шайлоонун натыйжасы аныкталган күндөн
тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен, ушул Кодекстин талаптарын сактоо менен өткөрүлөт. Кайрадан добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 3 календарлык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
3. Эгерде кайрадан добуш берүүнү өткөргөнгө чейин Президенттин кызмат ордуна талапкердин бири чыгып кетсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жалпы шайлоодо алгачкы жолу кайрадан добуш берүү дайындалган талапкерлерден кийин шайлоочулардын кыйла көп сандагы добушун топтогон талапкер кайрадан добуш берүүнү өткөрүү үчүн экинчи талапкер деп табылат. Эгерде бөлөк талапкер калбаса, бир талапкер боюнча шайлоо өткөрүлөт.
4. Кайрадан добуш берүүдө, эгер добуш берүүгө бардык шайлоочулардын 50 пайыздан кем эмеси катышса, добуштардын теңинен көбүн алган талапкер шайланды деп эсептелет.

67-берене. Кайталап шайлоо

Шайлоо болбой калды, жараксыз деп табылган учурда, ошондой эле шайлоо бюллетенине эки талапкер киргизилип жана алардын бири да шайланбай калса, же кайрадан добуш берүүдө бир да талапкер шайланбаса, Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде Президентти кайрадан шайлоону дайындайт.
Кайрадан шайлоо ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрүлөт.
Кайрадан шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин үч календарлык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

68-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна
киришүүсү


1. Президентти шайлоонун натыйжалары шайлоо аяктагандан тартып 7 күндөн кечиктирбестен Конституциялык Сот тарабынан ырасталууга тийиш. Конституциялык Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна негизделген шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндөгү чечимин карап чыгат жана Президентти шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет.
2. Конституциялык Соттун Президентти шайлоонун конституциялуулугу жөнүндөгү корутундусу Конституциялык Соттун Төрагасы тарабынан жарыяланат жана шайланган Президент 30 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстандын элине ант берет. Президентти шайлоонун натыйжасын расмий жарыялоону Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарына Президенттин шайлангандыгынын конституциялуулугу жөнүндө Конституциялык Сот корутунду бергенден кийин үч күндүн ичинде жарыялайт.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайланган Президентти каттайт жана Президент кызматына киришип жатканда ага Президент болуп шайлангандыгы тууралуу күбөлүктү, айырмалоо белгилерин - Президенттин төшбелгисин жана фамилиясы, аты-жөнү, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн даталары чегилип жазылган Штандартын (желегин) тапшырат.
4. Шайланган Президент белгиленген мөөнөттө ант бербеген учурда Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматка киришүүсүнүн жол-жоболорун уюштурат.

XII глава
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарын шайлоо


69-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын
шайлоону дайындоо

1. Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
2. Жогорку Кеңештин депутаты бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдуу система боюнча беш жылга шайланат.
3. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор шайлоо күнүнө чейин 75 календарлык күндөн эрте эмес жана 60 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө Президент тарабынан дайындалат жана мурдагы шайланган Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктап жаткан айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт.
4. Конституцияда каралган башка учурларда да жана тартипте Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жаңы шайланган Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи жыйналышына мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо күнүнөн тартып 60 жумушчу күндөн кечиктирбестен чогулушу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун учурунда ушул Кодексте белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.
5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы Президент кол койгон күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.
6. Эгерде Президент ушул берененин 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындабаса, анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү датасын расмий жарыялайт жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө шайлоону өткөрөт.

70-берене. Бирдиктүү шайлоо округу

Жогорку Кеңештин 90 депутаты бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясый партиялар көрсөткөн депутаттыкка талапкерлердин тизмеси үчүн берилген добуштардын санына пропорциялуу санда шайланат.
Бирдиктүү шайлоо округу өзүнө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыйт.

71-берене. Шайлоо комиссиялары

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:
- Борбордук шайлоо комиссиясы;
- облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары;
- райондук, шаардык шайлоо комиссиялары;
- участкалык шайлоо комиссиялары.

72-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоого чейин 45 календарлык күн калганда аяктайт.
2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугу юстиция органдарынан расмий каттоодон өткөн саясый партияларга таандык. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясый партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Талапкерлердин тизмесине талапкерлерди киргизүү тартиби жана жашыруун добуш өткөрүү тартиби саясый партия тарабынан аныкталат.
3. Талапкерлердин тизмесине киргизүү үчүн саясый партиялардан талапкерлерди көрсөтүү ушул берененин талаптарын эске алуу менен, ошондой эле ушул Кодекстин 25, 26-беренелеринде каралган жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Тизме боюнча саясый партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 100 талапкерден ашпашы керек.
Саясый партиялар талапкерлердин тизмесине башка саясый партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды киргизүүгө укуктары жок.
Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясый партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:
- бир жыныстагы адамдар жетимиш пайыздан ашык эмес, мында саясый партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүүсүнүн айырма үч позициядан ашпашы керек;
- 35 жаштан ашпаган адамдар он беш пайыздан кем эмес;
- ар кандай улуттардан өкүлчүлүк кылган жарандар он беш пайыздан кем эмес.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоодон кийин беш календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясый партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмени саясый партиянын финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аталышын жана маалыматтарын, ошондой эле ушул Кодекске ылайык саясый партиядан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу укугу бар шайлоо боюнча саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматтарын көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүүгө милдеттүү. Саясый партиянын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү билдирмеге саясый партиянын жетекчиси кол коюп жана саясый партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Саясый партия, эгерде документтеринде пайдаланылган кыскача аталыш жана эмблема уставда камтылган аталыштан жана эмблемадан сыпатталышы боюнча айырмаланса, аны Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясый партиянын аталышы жана эмблемасы Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо процесси аяктаганга чейин өзгөртүүгө жол берилбейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы саясый партияга ошол билдирмени алгандыгын жазуу жүзүндө ырастоону жана саясый партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымкатты дароо берүүгө милдеттүү.
5. Саясый партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш кылынат.
Талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш кылгандан кийин анын курамы жана аларда талапкерлерди жайгаштыруу тартиби талапкерлердин чыгып калышын пайда кылгандан тышкары учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Андай болгондо чыгып калган талапкердин ордун ушул берененин 3-пунктунун талаптарын эске алуу менен саясый партиянын башка мүчөсү ээлейт.

73-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, ошондой эле шайлоо күрөөсүн койгондугун ырастаган документти берет.
2. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүшкөн саясый партиялар катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн коет.
Коюлган шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын беш жана андан ашык пайызын алган саясый партияларга кайра кайтарылат.
3. Борбордук шайлоо комиссия документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби ушул Кодекстин талаптарына ылайык келип-келбешин текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.
4. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт.
5. Эгерде бирдиктүү шайлоо округу боюнча ушул беренеде белгиленген мөөнөттө бир дагы талапкерлердин тизмеси катталбаса же талапкерлердин бир гана тизмеси катталса, анда шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жасоо үчүн 25 календарлык күнгө кийинкиге жылдырылат.

74-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиянын
шайлоо фонду

1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партия шайлоо алдындагы кампанияны финансылоо үчүн ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзөт.
2. Шайлоо фонддору төмөнкүдөй акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы эске ала турган үгүт-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
а) тизмеге киргизилген талапкердин өз каражаты, ал эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпайт;
б) саясый партиянын өз каражаттарынан, ал эсептик көрсөткүчтөн 200000 эседен ашпайт;
в) жеке жактын ыктыярдуу берүүлөрү, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпайт;
г) юридикалык жактын ыктыярдуу берүүлөрү анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпоого тийиш.
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиянын шайлоо фондунун каражатынын эсебинен чыгымдарынын эң жогорку суммасы эсептик көрсөткүчтөн 1000000 эседен ашпоого тийиш.

75-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде райондук, шаардык шайлоо комиссиялары өзүнүн жыйналышында тийиштүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт жана аларды дароо облустук, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына сунуш кылат.
2. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде андагы камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген шайлоочулардын добуштарын эсептейт.

76-берене. Кайталап шайлоо


1. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бардык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлбөй калды деп тапса, эгерде бардык саясый партиялар ушул Кодекстин 77-беренесинин 2- жана 6-пункттарына ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча кайталап шайлоону дайындайт.
2. Кайталап шайлоо ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт. Мында шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Кайталап шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү Борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү чечим кабыл алгандан 2 календарлык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

77-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде анда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен бирдиктүү шайлоо округдары боюнча ар бир тизме үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептейт.
2. Талапкерлеринин тизмеси:
- бүтүндөй алганда республика боюнча шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 5 пайыздан азын;
- ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча, шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 0,5 пайыздан азын алган саясый партиялар бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылат.
Талапкерлеринин тизмеси добуш берүүгө киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясый партиялар депутаттык мандаттарды алат, алардын саны ушул берененин 3-пунктунда каралган ыкма боюнча аныкталат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын беш жана андан ашык пайызын алган саясый партиялардын талапкерлеринин тизмеси үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептейт. Шайлоочулардын добуштарынын бул суммасы 90го - бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи шайлоо натыйжасы болуп саналат (бир мандатты алуу үчүн квота).
Андан соң депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмесинен алынган добуштардын саны биринчи шайлоо натыйжасына бөлүнөт. Санды бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк депутаттык мандаттардын саны болот, аны талапкерлердин тиешелүү тизмеси алат.
Эгерде ушул пункттун экинчи бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды кайрадан бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул пункттун экинчи бөлүгүнө ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын алда канча көп бөлчөктүк бөлүгү (калдыгы) бар талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөктүк бөлүктөр тең болгон учурда артыкчылык шайлоочулардын көп добушу берилген талапкерлердин тизмесине берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгон учурда артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет.
4. Саясый партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени Борбордук шайлоо комиссиясында каттоо учурунда белгиленген бул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык жүргүзүлөт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды саясый партиялардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө протоколду ушул Кодекстин 43-беренесинде белгиленген протоколдун саптарына ылайык түзөт. Протоколго кошумча түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кирген саясый партиялардын аталыштары;
- талапкерлердин ар бир тизмесиндеги шайланган депутаттардын фамилиясы, аты-жөнү.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы, эгерде бардык саясый партиялар ушул берененин экинчи пунктуна ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылса, бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык бардык мандаттар бөлүштүрүлбөй калды деп табат. Мындай учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча кайталап шайлоону дайындайт.
7. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырат.
8. Эгерде сот шайланган талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган болсо жана шайлоонун натыйжаларын аныктаганга чейин иш боюнча тиешелүү соттук актыны чыгарбаса, Борбордук шайлоо комиссиясы кылмыш иши боюнча соттук чечим чыгарылганга чейин шайланган талапкерди депутат деп каттоону токтото турат.

78-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын
каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө


1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул жөнүндө депутаттыкка шайланган талапкерге кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө билдирүүсүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына үч күндүк мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
Эгерде талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө талапты үч күндүк мөөнөттө аткарбаса, анын депутаттык мандаты ошол эле тизмедеги талапкерге бул тизмедеги анын кезектүүлүгүнө ылайык берилет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды алып салгандыгы жөнүндө билдирүү алынгандан кийин шайланган депутаттарды үч күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерин тапшырат.
3. Эгерде саясый партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды талапкерлердин тизмелери боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда чыгып калса, анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги шайланган кийинки талапкерге берилет.
Ушул берененин маңызында депутаттын мөөнөтүнөн мурда чыгып калышы деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
а) өз ыйгарым укуктарын жыйыштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын берүү;
б) сот аны аракетке жөндөмсүз деп табышы;
в) депутаттын кайтыш болушу;
г) аны дайынсыз жок же кайтыш болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кириши;
д) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кириши;
е) ал депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүшү же андай ишти таштабагандыгы;
ж) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка туруктуу жашоого кетиши;
з) жарандыктан чыгышы, жарандыкты жоготушу же башка жарандыкка ээ болушу;
и) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себеп болбостон 30 жана андан ашык жумушчу күнү болбогондугу;
к) шайлоолор жараксыз деп табылышы;
л) ушул Кодекске ылайык депутат шайланган саясый партиядан чыкканда же чыгарылганда;
м) ушул Кодекске ылайык депутат шайланган саясый партия ишин токтоткондо.
4. Эгерде саясый партиянын тизмесинде талапкерлер калбаса, мандат Жогорку Кеңешке кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

XIII глава
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
кеңештеринин депутаттарын шайлоо


79-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо

Жашы 20 жашка жеткен жана тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлана алат.

80-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону Президент шайлоо күнүнө чейин кеминде 60 календарлык күн калганда дайындайт. Жергиликтүү кеңештер шайланган мөөнөт аяктаар алдындагы биринчи жекшемби шайлоо күнү болуп саналат.
2. Жергиликтүү кеңештер таркатылган учурда Президент муну менен бирге эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындайт. Мындай учурда жергиликтүү кеңештерди таркатуу күнүнөн тартып 45 календарлык күн өтөөр алдындагы акыркы жекшемби шайлоо күнү болуп саналат. Бул учурда ушул Кодексте белгиленген шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөтү төрттөн бирге кыскарат.

81-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруу

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:
- Борбордук шайлоо комиссиясы;
- округдук шайлоо комиссиялары;
- участкалык шайлоо комиссиялары.

82-берене. Шайлоо округдары

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт. Көп мандаттуу округдардын саны жана алардын ар бириндеги мандаттардын саны мыйзамдын талаптарына ылайык тиешелүү округдук шайлоо комиссиялары тарабынан аныкталат.
Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка болжол менен бирдей сандагы шайлоочулар туура келгидей эсеп менен түзүлөт.

83-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди
көрсөтүү


1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.
2. Жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугу саясый партияларга, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
3. Саясый партиялар ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу, алардын саны ошол округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан көп болбоого тийиш. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Шайлоо комиссияларына документтерди тапшырууда саясый партиялар ушул Кодекстин 25, 26-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарды жетекчиликке алат.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер саясый партиянын съездинде (конференциясында), анын аймактык бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) көрсөтүлөт. Саясый партиянын съездине (конференциясына), анын аймактык бөлүмүнүн чогулушуна (конференциясына) округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катышууга укуктуу.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү талапкер болуп добушка коюлуу ниети жөнүндө арызды округдук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүргүзүлөт.
4. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протокол тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына сунуш кылынат.
5. Эч ким бир эле шайлоолордо бирден ашык шайлоо округунда талапкер болуп көрсөтүлбөйт.
6. Эгерде көрсөтүлгөн талапкерлердин саны тийиштүү шайлоо округунда белгиленген сандагы мандаттардан аз болуп калса, болбосо бардык көрсөтүлгөн талапкерлер алар катталганга чейин өз талапкерлигин алып салса же чыгып калса, тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтүн 20 календарлык күндөн ашпаган убакытка узартат.
7. Каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин депутаттыкка бардык талапкерлер чыгып калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча өзүнүн токтому менен шайлоонун мөөнөтүн 40 күндөн ашпаган убакытка узартат.

84-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди
каттоо


1. Каттоо үчүн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди округдук шайлоо комиссиясына шайлоо күнүнө чейин кеминде 25 календарлык күн мурда берет.
2. Округдук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү тартиби ушул Кодекстин талаптарына ылайык келер-келбесин текшерет жана депутаттыкка талапкерди каттоо жөнүндө чечим, болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календарлык күн мурда аяктайт.
4. Катталган депутаттыкка талапкерлер жөнүндө маалыматтарды округдук шайлоо комиссиясы 3 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

85-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо
фонду


1. Ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер шайлоо алдындагы кампанияны финансылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзүүгө укуктуу.
2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
а) талапкердин өз каражаты, ал эсептик көрсөткүчтөн 100 эседен ашпайт;
б) талапкерге саясый партиядан бөлүнгөн каражаттар, алар эсептик көрсөткүчтөн 200 эседен ашпайт;
в) талапкердин шайлоо фондуна жеке жактын ыктыярдуу берүүсү, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 200 эседен ашпайт;
г) талапкердин шайлоо фондуна юридикалык жактын ыктыярдуу берүүсү, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 400 эседен ашпайт.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын эң жогорку суммасы эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпайт.

86-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун
жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо


1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана тез арада аларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет, анын натыйжасын бүткүл республика боюнча аныктайт.
2. Тиешелүү шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочуларынын эң көп сандагы добушун алган талапкерлер (мандаттын санына ылайык) шайланды деп табылат. Талапкерлер алган добуштар тең болуп калган учурда мурда катталган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күнү катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжасы округдук шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжасы аныкталган күндөн тартып он күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
4. Округдук шайлоо комиссиялары тиешелүү аймакта шайлоонун натыйжалары жарыялангандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды токтотуу жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды үч күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга шайлангандыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет.
5. Эгерде сот шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун топтогон талапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган болсо жана шайлоонун натыйжаларын аныктаганга чейин иш боюнча тиешелүү соттук актыны чыгарбаса, шайлоо комиссиясы кылмыш иши боюнча соттук чечим чыгарылганга чейин шайланган талапкерди депутат деп каттоону токтото турат.

87-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош мандатын ээлөө

1. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда чыгып калса, анын мандаты облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын токтому менен шайланган депутаттардан кийинки, тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкерге берилет.
2. Эгерде талапкерлер калбай калса мандат кийинки шайлоого чейин бош кала берет.".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте референдум же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.

3-берене.

Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-ноябрындагы N 124 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-ноябрындагы N 127 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-декабрындагы N 144 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы N 59 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 25-июлундагы N 64 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 4-октябрындагы N 84 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 76-беренесинин 1-пунктун расмий талкуулоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 16-ноябрындагы N 86 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-октябрындагы N 87 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 76-беренесинин 1-пунктун расмий талкуулоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 1-апрелиндеги N 47 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы N 7 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 30-апрелиндеги N 56 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-октябрындагы N 183 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-октябрындагы N 184 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 25-октябрындагы N 185 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 18-декабрындагы N 193 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске жана Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик тууралуу Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 23-декабрындагы N 194 Мыйзамынын 1-беренеси;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы N 195 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-январындагы N 5 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 21-январындагы N 9 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 30-июнундагы N 83 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-октябрындагы N 154 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы N 10 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы N 12 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин айрым статьяларын расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы N 54 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы N 141 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы N 142 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы N 143 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 1-июнундагы N 76 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы N 79 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-июнундагы N 84 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы N 89 Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине алты айлык мөөнөттө киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2007-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын
референдумунда (бүткүл элдик
добуш берүүсүндө) кабыл алынган

"Эркинтоо" 2007-жылдын 24-октябры N 83 жарыяланган.

XS
SM
MD
LG