Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:05

Кыргыз-өзбек чегарасындагы казууларды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн алдындагы регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчы Саламат Аламанов билдирди. Өзбекстан чек араны бойлой үч метрге чейинки тереңдикте аңдарды казып жаткандыгы кабарланууда. Бул аралыкта “Азаттыктын” өзбек кызматы Риштан жана Кадамжай райондорунун чектешкен аймагында жети метр бийиктиктеги бетон дубалдар курула баштагандыгын билдирди. Адистердин айтымында тараптар чек аралар делимитацияланып, демаркацияланып бүткөнгө чейин бир тараптуу аракеттерди жасабай турууну макулдашкан. Учурда эки өлкө ортосунда 60ка жакын талаштуу аймак бар экендиги айтылып келатат. Кыргыз-өзбек чегарасын тактоо боюнча биргелешкен комиссиянын иши убактылуу токтоп турат. (BuS)

XS
SM
MD
LG