Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Депутат Д.Молдошева чек ара маселеси боюнча бийлик өкүлүнө кайрылды


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынан депутат Динара Молдошева интернетке чыккан маалыматтарга таянып Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу менен чектешкен жерлерде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация, демаркация боло электе өзбек тарап аң казып, Ош облусу тарапта 7 метрлик бетон дубалдарды куруп жатканына тынчсызданганын билдирди. Д.Молдошева бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги элчилик аркылуу Өзбек бийлигине нота жөнөтүп көзөмөлгө алуусун өтүнүп парламенттеги президенттин жана өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылды. Ал ошондой эле цементтин баасы өтө кымбаттап кеткенин айтып, бул маселени жөнгө келтирүү үчүн өкмөттүн тиешелүү органдарына тапшырууну сунуштады. (AJ)

XS
SM
MD
LG