Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:38

Жалал-Абат облусунун Сузак районунда бир аял чагылган тийип каза болду


Бул тууралу бүгүн өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынын башкы адиси Абиш Бекилов билдирди. Анын маалыматы боюнча,10-июнда аталган райондун Арал айылынын жашоочусу, 1978-жылы туулган Латипахон Абдикаликова пияз отоп жүргөн жеринде чагылган тийип, ошо жерде каза болгон. Түшкү саат 13-14төр чамасында жааган катуу нөшөрдүн айынан сел жүрүп, айылдагы жети гектар күрүч жана жүгөрү аянтын суу жууп, эки үйдүн жер төлөсүн суу баскан. Райондун Кызыл-Жар айылындагы бир үйгө да суу кирген. (YA)

XS
SM
MD
LG