Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

3-март Мамлекеттик туунун жыл сайын белгиленүүчү күнү деп жарыяланды


Президент Курманбек Бакиев “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндө” жарлыгына кол койду. Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык Кыргызстандын жарандарын патриотизм жана өлкөнүн мамлекеттик символдоруна урматтоо менен мамиле кылуу рухунда тарбиялоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан бекитилгендигин эске алып, ошондой эле 2009-жылдын 11-июнунда Мамлекеттик тууну Ала-Тоо аянтында атайын орнотулган флагштокто салтанаттуу көтөрүүгө байланыштуу 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жыл сайын белгиленүүчү күнү деп жарыяланды.

Ошондой эле, Мыйзам менен жөнгө салынганга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Улуттук гвардиянын ардактуу кароолдо турушун камсыз кылуу менен республиканын Ала-Тоо аянтында атайын орнотулган флагштокт, Ош шаарынын борбордук аянтында атайын орнотулган флагштокто дайыма көтөрүлө тургандыгы белгиленди. Бул жарлыктан келип чыккан чараларды көрүү жана ченемдик укуктук актыларын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгууну үч айлык мөөнөт менен өкмөткө тапшырды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG