Бул тууралу Жалал-Абад обулусунун губернаторунун 1-орунбасары жана мамлекеттик чек араларды аныктоочу өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Турдуназир Бекбоев « Азаттыктын» облустагы кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, азыр Өзбекстан өз чек ара тилкелеринде аң казып жатат.
“Ага бир мисал: Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн сыртынан аң казуунун натыйжасында кыргыз тарапка жүз гектар жерге суу тартыш болуп калды. Ал маселе боюнча эки тараптуу сугат тармактарынын жергиликтүү башчылары сүйлөшүү жүргүзүшүп, бир макулдашууга келишти. Бирок, ага Өзбекстандын чек ара кызматы уруксат бербей атат. Аң казуу учурунда биз тарапка кирип кетти деген факты аныкталган жок. Алар бир тараптуу казууда.Бирок эки мамлекеттин ортосундагы чек араны аныктоочу комиссиялардын келишимдерине ылайык чек аралар ратификация болмоюнча, алардын аң казууга укугу жок эле.
Аң казууларды 25-майда Канабат шаарында болгон окуялардан кийин коопсуздук маселесин күчөтүү максатында көрүлүп жаткан чаралар деп түшүндүрүшүүдө. Райондордун жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары Өзбекстандын коңшу жайгашкан жергиликтүү администрация башчылары менен сүйлөшүүдө”,-деди Т.Бекбоев. Ал ошондой эле өзбек тарап чек араларда аң казуу иштери Баткен, Ош облустарында да улантылганын белгиледи. (AJ)