Коңшу өлкө чек ара тилкесин казгандан бери райондун Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу жүз гектар жерге суу жетпей жатат. Бул тууралу “Азаттыкка” губернатордун 1- орунбасары Турдуназир Бекбоев билдирди. Анын белгилешинче, эки өлкөнүн жергиликтүү сугат башчылары суу өткөрүүгө макулдашканы менен ага Өзбекстандын чек ара кызматы көнбөй жатат. Өзбекстан чек ара тилкесин чукуй баштагандан бери облус менен кошуна өлкөнүн ортосундагы талаш жайлардын казылганы тууралу маалыматтар ырасталбады. Коңшу өлкөнүн чек ара бекеттери толук ачыла элек. Ноокен районундагы Чек айылында жашаган кыргыз жарандарынын ары-бери каттоосуна тоскоолдук жок. “Алардын айыл Кыргызстанга кайтарылбаса, жөө жүрүшкө чыгабыз» дегени аша чапкандык болот, деген оюн билдирди, чек араларды аныктоочу өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, облус губернаторунун 1-орун басары Т. Бекбоев.(YA)