Ырчылык жолу 1960-жылдары башталган “чех булбулу” атыккан Карел Готт андан бери 100дөн ашуун альбом жаздырып, алар миллиондогон нускада сатылып, ырчы ондогон сыйлыктарга татыды. Айрыкча ал мурдагы Советтер Союзу менен Германияда өтө популярдуу ырчы саналат.