НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Брюсселдеги жыйында Ооганстан жана Косово маселелерин талкуулап, Косоводо кырдаал турукташуу жагында экенин макулдашышты. АКШ талиптер баш көтөрүп жаткан ооган аймактарына кошумча 21 миң аскер жөнөтүүгө сөз берген. Германия Ооганстандагы контингентин 10 миң адамга чейин кыскартуу планын караштырууда.