Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

Нарын областында жарандык алты уюм биргелешип шайлоодо 150 участкага байкоо жүргүзөт


Мындай маалыматты «Демократия жана жарандык коом коалициясынын» Нарын облусу боюнча өкүлү Эркин Асаналиев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында учурда облус боюнча алты узак мөөнөттүү байкоочу ишке киришти. Алар «Шайлоочулардын укугу үчүн жарандык уюмдар» бирикмеси аркылуу 300 кыска мөөнөттүү байкоочуларды кийинчерээк окута башташат. Учурда бирикме тарабынан Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорундагы айылдарда жөнөкөй шайлоочулар арасында жолугушуулар өткөрүлө баштады. «Ар бир жолугушууда отуздан кем эмес шайлоочуларга алардын шайлоо боюнча укуктары тууралуу маалыматтар берилүүдө»,-дейт Эркин Асаналиев. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиева быйыл облуста эки шайлоо участкасы кошулуп, жалпысы 164 участкада шайлоо өткөрүлөөрүн билдирди. (KUs).

XS
SM
MD
LG