Бул туурасында өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, «Кыргызгипрозем» институтунун түштүк аймагы боюнча делимитация жана демаркация бөлүмүнүн башчысы Каныбек Ботобаев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, адистер тобу Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунун Өзбекстанга чектеш аймактарын кыдырып бүтүштү. Ноокат тараптан аң казыла элек. Ал эми Кара-Сууда - үч, Араванда – төрт чакырымдай чек ара бойлору коңшу өлкө тарабынан ар кандай тереңдикте чукулган. Өзбек тарап азырынча талаш аймактарга тие элек, бирок андай участокторго кокусунан кирип кетиши да ыктымал. Ошондуктан бул багытта көзөмөлдү күчөтүү жагы айыл өкмөттөрүнө жана акимдерге милдеттендирилди. Анткени менен жергиликтүү серепчилер чек аралар такталып бүтө электе Өзбекстандын бир тараптуу аң казууларын тоготпостук катары баалап, мындай аракет эки мамлекеттин мамилесине кесепетин тийгизет деп кооптонууда. (ATo)