Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Базар-Коргон районунда сууга агып кеткен бала табыла элек


Райондогу Чарбак айлынын 13 жашар тургуну дале дайынсыз . Мындай маалымат бүгүн Өзгөчө кырдаал министрлигинин облус башкармалыгынан алынды. Маалыматка караганда, ал өспүрүм 10-июнда Кара үңкүр дарыясына түшүп кеткен. Тармактык министрликтин куткаруучуларынын издөө жүргүзгөнү натыйжа берген жок. Баланы издөөнү туугандары менен жергиликтүү тургундар улантууда. Сууга агуу окуясы 4-июнда Сузак районунда да болгон. Анда Кара-Алма айлынан бир тууган эки кыз көпүрөдөн өтүп баратып, аты айылга уйкаш дарыяга түшүп кеткен. 18 жаштагы кыздын денеси ошо күнү табылып, сөөгү жерге коюлган. Анын 3 жашар сиңдисинин табылган-табылбаганы белгисиз. (YA)

XS
SM
MD
LG