Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Аксыда БЭКтин өкүлү шайлоо комиссияларынын ишине бийлик кийлигишип жатканын билдирди


Райондо курамына казыналык мекеме кызматкерлери кирген участкалык шайлоо комиссиялары күн мурунтан түзүлгөн. Бул тууралу БЭКтин Аксыдагы өкүлү Кубанычбек Маткеримов билдирди. Анын айтымында, «шайлоокомдорго К. Бакиев үчүн 80-90 пайыз добушту камсыз кыласыңар» деген көрсөтмө берилген. Президент менен 20-июнда Аксыда болчу жолугушууга келүүгө жалаң аны колдогон адамдардын тизмеси даярдалган. Расмий мөөнөтү боло электигинен участкалык шайлоо комиссияларынын курамы ачыкка чыгарылбай, жашырылып турат. Бирок мындай билдирүүнү райондук шайлоокомиссиясынын төрагасы Добулбек Алиев төгүнгө чыгарды. Анын белгилешинче, президенттин Аксыга сапары тууралуу азырынча маалымат жок жана Бакиев үчүн добуш бересиңер деген сөз ойдон чыгарылган ушак . Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 13-июнда башталат. “БЭКтин райондогу төрт өкүлү акча бергендердин сөзүн сүйлөй беришет”,- деп айтты Добулбек Алиев. (YA)

XS
SM
MD
LG