Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкели алынды


Бүгүн түштө Ала-Тоо аянтында 1-июнда коюлган Манас эпосундагы каармандардын ичинен кытай-манжулардын ханы Нескаранын айкели Бишкек мэриясынын алдындагы Курулуш жана оңдоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алынды. Алардын айтымында, Нескаранын айкели реконструкцияланат. Түндө айкелдердин катарындагы Жолой менен Шыпшайдардын айкели алынган. Маалыматтарга караганда, буга коомчулук нааразы болуп, Манас баатырдын түбүнө жеткен душмандарынын айкелдери борбордук Ала-Тоо аянтында коюлбаш керек деген пикирлери себеп болгон. Мэриянын кызматкерлеринин айтымында, Манас эпосундагы айкелдерди Сүрөт Академиясынын айкелчилери жасаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG