14-июнда президент Курманбек Бакиев Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык Коопсуздук кеңешинин (ЖКУ) Москва шаарында өтө турган саммитине катышат. Саммиттин жүрүшүндө эларалык саясаттын актуалдуу маселелери, Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланышты андан ары чыңдоо жолдору талкууга алынмакчы. Саммиттин жыйынтыгы боюнча ЖККУ натыйжалуулугун арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
15—16-июнунда өлкө башчысы ШКУга (ШОС) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин Екатеринбург шаарында өтө турган саммитине катышмакчы. Саммит учурунда ШКУга мүчө мамлекет башчылары регионалдык жана эларалык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, глобалдык финансы кризисинин кесепеттери жана анын ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикасына тийгизген таасирин азайтуунун мүмкүн болгон жолдору талкууга алынмакчы. Ошондой эле ШКУга Россия Федерациясы төрагалык кылган мезгилдин ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылмакчы.
Саммиттин жыйынтыгында Екатеринбург декларациясына кол коюлуп, биргелешкен коммюнике кабыл алынышы күтүлүүдө.
Андан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара алака-катышын активдештирүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Мамлекет башчысы ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү пландаштырылып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)