Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

БШК талапкер А.Айтикеевди каттоодон баш тартты


Бул маселе боюнча БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси Токтогул Султакеев маалымат берип, президенттик кызматка талапкерлиги көрсөтүлгөн Акбаралы Айтикеев мамлекеттик тил сынагынан өткөнүн, ыйгарым укуктуу 12 өкүлү дайындалганын, бирок анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын кол тамгасы 47 миң 521 эле болуп калганын билдирди. Шайлоо Кодексине ылайык президенттикке талапкер шайлоочуларынын 50 миң кол тамгасын чогултуусу керек. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Акбаралы Айтикеев болсо БШКнын мүчөлөрү, жумушчу топтун жетекчиси Токтогул Султакеев жана мүчөсү Жамиля Алымбековалар Шайлоо Кодексинин онунчу жана алтымыш экинчи беренелерин түздөн түз бузууга жол беришкенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, анын штабы шайлоочулардын 74 миң 81 кол тамгасын топтогон, анын ичинен 65 миң 546 кол тамгаларды жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кайра-кайра текшерип, мыйзам түрүндө мөөрүн басып, протоколдорун даярдап, БШКга жөнөтүшкөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG