Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Түндүк Корея өзөктүк курал программасын кеңейтээрин билдирди


Андан тышкары расмий Пхеньян бардык плутонийди бомба чыгарууга багыттамакчы. Мындай чечимди Пхеньян Бириккен Улуттар уюмунун санкцияларына жооп иретинде кабыл алды. Түндүк Корея бийлиги АКШ жана анын союздаштары өлкөнү эл аралык чөйрөдө обочодо калтыруу аракетин көрсө, аскерий чара баштаарын эскертти. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши жума күнү Түндүк Кореяга каршы киргизилген санкцияларды жана соода, курал эмбаргосун узартуу чечимин бир добуштан колдогон. Мындай чара Пхеньяндын 25-майда өткөргөн өзөктүк (ядролук) сыноосуна байланыштуу көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG