Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

БШК бүгүн кезектеги талапкерди каттайт


Ал оппозициянын өкүлү Алмазбек Атамбаев болушу ыктымал. БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча президенттикке ат салышуу үчүн арыз берген үч талапкер: Алмазбек Атамбаевдин, Токтайым Үмөталиеванын жана Нурлан Мотуевдин документтерин жумушчу топ текшерип жатат. Булардын кимисиники даяр болсо, ошону карайбыз, дейт БШК мүчөсү.
Буга чейин президенттикке талапкер болуп азыркы мамлекет башчы Курманбек Бакиев, Жеңишбек Назаралиев жана “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев катталган. Ал эми Акбаралы Айтикеев талапкерлигин колдоо үчүн чогултулган кол 50 миңге жетпей калган, деген жүйөө менен президенттик сынакка катышуудан четтетилди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG