Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Иранда бүгүн да митингдер уланары күтүлүүдө


Иранда президенттик шайлоодо утулуп калган Мир Хоссейин Мусавинин тарапкерлери бүгүн жалпы улуттук жүрүштөрдү өткөргөнгө үндөшүүдө. 13-июнда Мусавинин тарапкерлери президенттикке шайлоодо Махмуд Ахмадинежаддын жеңип чыгышына нааразылыгын билдиришип көчөгө чыгышкан. Реформачыл тарапкерлерге полиция жаш агызма газ колдонду, аларды демонстранттар ташбараңга алышты. Соңку эки күн ичинде Тегеранда реформисттердин 170 тарапкери камалды. Кечээ президент Ахмадинежад Тегеранда миңдеген тарапкерлерине кайрылып, шайлоо жыйынтыгы так болгонун билдирди. Оппозиция лидери Мусави шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну өтүнүп, ислам революциясынын сакчылар кеңешине ырасмий арыз жолдоду. Иран Ички иштер министрлигинин расмий маалымдашынча, учурдагы президент Ахмадинежад үчүн 12-июнда добуш берүүгө катышкандардын 62 пайызы колдоо көрсөткөн, ал эми Мусави болгону 34 пайыз добуш алган.

XS
SM
MD
LG