Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, бүгүн саат 14:00 БШКнын жыйыны болуп, анда Бириккен Элдик Кыймылдан президенттике бирдиктүү талапкер болуп көрсөтүлгөн Алмазбек Атамбаевди каттоо маселеси каралат. Атамбаевдин ыйгарым-укуктуу өкүлдөрү жарым миллиондой жарандын кол тамгасын топтоп ташырышканы маалымдалган. Алмазбек Атамбаевге чейин БШК президенттике талапкер деп Курманбек Бакиев, Жеңиш Назаралиев жана Темир Сариевди каттоого алган.(AiT)