Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

«Ата мекен» партиясынын Жалал-Абат облусундагы төрагасы автокырсыкка учурады


Партиянын облустагы төрагасы Садир Эргешов бүгүн айдоочусу менен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев билдирди. Анын маалыматы боюнча, автокырсык «Базар-Коргон – Арстанбап» унаа жолунун Кеңеш айылынын аймагында болгон. С. Эргешов шайлоо иши менен бараткан автоунааны белгисиз автоунаа сүзүп алган. Натыйжада анын буту сынып, айдоочусу да жабыр тарткан. Экөө райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Кырсык болгон жерде МАИ кызматкерлери жүрүшөт. "С. Эргешов жүргөн автоунааны сүзгөн машинанын ээси мас экени айтылууда", деп билдирди А. Текебаев. (YA)

XS
SM
MD
LG