Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

“Ала-Тоо” аянтындагы айкелдер үчүн мэр орун басарлары сөгүш алды


Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев “Ала-Тоо” аянтын оңдоп-түзөө иштери сапатсыз жасалгандыгы үчүн орун басарлары Элмира Иманалиева менен Алексей Филатовго сөгүш берди. Мэрдин чечимине ылайык, алар шаар казнасына келтирилген чыгымдарды үч айдын ичинде төлөп бериши керек. Чыгым 520 миң сом деп бааланууда. Шаардык мэриядан билдиргендей, аянттагы “Манас” эпосуна арналган айкелдер сапаты начар бетондон жасалган. Долбоорго ылайык алар таштан жасалышы керек болчу. Эми айкелдердин баары алынып, ордуна таш эстеликтер коюлмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG