Курорт Каспий деңизинин Түркмөнстанга караштуу жээгине жайгашат. Долбоордун бет ачарына арналган салтанат бүгүн чет өлкөлүк коноктор, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Түркмөнбашы шаарында болду. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун салтанатта айтканына караганда, бул долбоор газга бай өлкөнүн экономикасын диверсификациялоого жардам берет. Ал ошондой эле курорттук долбоор өлкөгө инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи.