Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Иранда оппозиция жактоочулары кайрадан демонстрацияга чыкты


12-июндагы президенттик шайлоодо жеңилди деп табылган талапкер Мир Хоссейин Мусаванин жактоочулары Тегерандагы бүгүнкү демонстрацияга өлкөнүн ички иштер министрлиги тыюу салганына карабай чыгышты. Мурдагы премьер- министр жана реформачыл багыттагы саясатчы катары эсептелген Мусави жактоочулары алдында автоунаанын үстүнө чыгып алып сүйлөгөн сөзүндө ал жаңы шайлоого катышууга даяр экенин билдирди. Анын атаандашы учурдагы президент Махмуд Ахмадинежад болсо шайлоодогу жеңишин адилет жана чыныгы деп атаган.

Рейтер агенттиги бүгүнкү демонстрация учурунда Мусавинин жана шайлодо Ахмадинежаддын жактоочуларынын тобу мушташа кеткенин маалымады.

Бүгүнкү демонстрациянын алдында Ирандын жогорку жолбашчысы Аятолла Али Хаменейи өлкөнүн шайлоого көзөмөл салган органына Мусавинин арыз- даттананууларын териштирүүгө көрсөтмө бергени кабарланды.

Бул аралыкта Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембурдагы жыйында демонстранттарга карата күч колдонулуусуна тынчыздануусун билдирип, Иран бийликтерин шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG