Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Бүгүн Игорь Чудиновдун Казакстанга расмий сапары башталды


Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн Астанага расмий сапар менен жөнөп кетти. Ал бүгүн Казакстан өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселелерин талкуулайт. Андан сырткары эки өкмөт башчы Кыргызстан-Казакстан өкмөттөрүнүн Кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрөт. Кыргызстан өкмөттүк делегациясынын курамында каржы министри Марат Султанов, өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев бар. 17-июнда Игорь Чудиновду казак президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алышы күтүлүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG