Орусия грузин-абхаз жаңжалы орун алган аймакта Бириккен Улуттар уюмунун миссиясынын иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу резолюцияга вето койду. Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркиндин айтымында, резолюцияда “Грузиянын аймактык бүтүндүгү тастыкталып, ал эми Абхазия эгемен өлкө катары каралган эмес”. Маалым болгондой, Орусия Абхазия менен Түштүк Осетиянын Грузиядан көз карандысыздыгын тааныган. БУУнун Грузиядагы миссиясы 1993-жылдан бери иштеп келаткан.