Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Иранда нааразылык акциялары уланууда


Иранда оппозициянын миңдеген тарапкерлери президенттик шайлоо жыйынтыктарына каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Кабарларга караганда, демонстранттар менен полициянын кагылышуусунан бир адам набыт болуп, бир нече киши жараат алды. Оппозициянын лидери, президенттик шайлоодо утулуп калган Мир Хоссейн Мусави кечээ тарапкерлеринин алдында сүйлөп, жаңы шайлоого катышууга даяр экенин билдирди. Мусави мурдараак эл добушу уурдалып-бурмаланганын айтып, 12-июндагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга үндөгөн. Ирандын Ички иштер министрлиги Махмуд Ахмадинежад кайра президент болуп шайланганына каршылык билдирүү - мыйзамсыз иш-чара, көчөгө чыккандар көтөрүлүш уюштургусу келгендер катары кабылданат деп билдирген.

XS
SM
MD
LG