Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

Бишкекте Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдыгына арналган марафон өтүүдө

Кыргызстандын алгачкы мамлекет башчысы Орозбек Абдыкадыровдун 120 жылдыгына арналган марафон борбордогу Мамлекеттик тарых музейинде өтүп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы, депутаттар, президенттик администрациянын жетекчиси, коомчулук жана Кадамжай районун бийлиги, айыл өкмөт башчылары катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков Кыргызстандын азыркы картасы Абдыкадыр Орозбековдун тушунда калыптанганын, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан менен административдик чек араны аныктоо боюнча алгачкы паритеттик комиссиянын түзүүчүсү Орозбеков болгонун белгиледи.Марафонго Абдыкадыр Орозбековдун 82 жаштагы жалгыз уулу Өзгөрүш, кыздары, небере-чеберелери катышты.Орозбековдун 120 жылдыгына арналган расмий иш-чаралар быйыл ноябрь айында өткөрүлөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG