Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Москва районунда кайрадан нааразылык акциясы өтөт


Бул туурасында бүгүн Сапар Аргынбаевдин туугандары “Азаттыкка” маалымат беришти. 16- июнга болжонгон акция уюштуруу иштерине байланыштуу 17- июнга жылдырылды. Петровкадагы башаламандыктын уюштуруучулары катары камакка алынышкан “Болуш” бирикмесинин жетекчиси С. Аргынбаев жана “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаевдин жакындары эртең Москва райондук акимчиликтин алдында мөөнөтсүз нааразылык акциясын башташат. Алардын негизги талабы саясий куугунтукту токтотуу болууда. Буга чейин “камалгандардын жакындары тиешелүү тараптан кечирим суроо жолун тандап алса болмок”,- деп эскертип келген район акими К. Сыйданов болсо акимчиликтин алдына чыгууга уруксат жок экенин “Азаттыкка” билдирди. Камалгандардын туугандары өткөн май айында бир катар нааразылык акциясын өткөрүшкөн. (JJ)

XS
SM
MD
LG