Бүгүн “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюму коомдук көзөмөл жана андагы бейөкмөт уюмдардын ролуна арналган жыйын өткөрдү. Анда мындай көзөмөлдүн максаты, системасы, шарттары, ошондой эле формалары тууралуу сөз болду. Кыргызстанда коомдук көзөмөл жүргүзүүдөгү башкы проблемалар белгиленди. Жарандык көзөмөлгө алуудагы башкы тоскоолдуктар катары, бул жаатта атайын мыйзамдын жоктугу, маанилүү талкууларга жана чечимдерди кабыл алуу жараяндарына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кошпоо, маалымат алуудагы тоскоолдуктар, сот системасынын көз карандылыгы, сөз эркиндигинин чектелиши, бийликтин жарандык коом өкүлдөрү менен кызматташууга кызыкпагандыгы белгиленди. (EBM)