Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдардын ролу талкууланды


Борбор калаадагы “Урмат ордо” кеңсесинде “Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүндөгү өкмөттүк эмес уюмдардын ролу” деген темада талкуу уюштурулуп, анда Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын иши, алардын проблемаларына байланыштуу маселелер талкууланды. Жыйында өкмөттүк эмес уюмдардын проблемалары катары митинг, пикеттердин чектелиши, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети, “Коомдук көзөмөл жөнүндө” мыйзамдын жоктугу жана чечимдерди кабыл алууга жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусунун чектелиши, сөз эркиндигинин кысымга алынышы аталды. (AiT)

XS
SM
MD
LG