Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Ө. Абдуллаева: Жаштар саясаты бүтүндөй коомдун иши


Вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева бүгүн “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери тууралуу” мыйзам боюнча парламенттик угууга катышты. Ал өз сөзүндө, мамлекеттин бул багыттагы саясаты ар бир жаш адамдын жигердүү, өз алдынча инсан катары калыптануусуна багытталышы керектигин айтты. Коом жана мамлекет жаштарды стратегиялык маанилүү ресурс катары кабылдашы зарылдыгын баса белгиледи. Жаштар саясатын жүргүзүү боюнча мыйзам мындан тогуз жыл илгери кабыл алынган, бүгүнкү күндө ал олуттуу толуктоо-өзгөртүүлөргө муктаж, дейт Ө. Абдуллаева. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ырасмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жаштар калктын 48 пайызын түзөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG