Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулар кеңеши ИИМ кызматкерлерине семинар өтүштү


Аталган кеңеш менен “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун уюштуруусунда түштүктөгү милиция кызматкерлерине кыйноолор боюнча окуу-семинар өткөрүлүп жатат. Кечээ аталган иш-чара Өзгөндө болуп, ага 60тан ашуун милиционер катышты. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча ушул эле күнү Өзгөн РИИБнүн убактылуу абагын текшерген учурда 13-июндан бери анда денеси көгала болуп жаткан Бектур Токторбаев РИИБнүн кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сабалганы аныкталды. Укук коргоочу Акыйкатчы институту менен чогуу бул иш боюнча райондук прокурорго жана Башкы прокурордун орун басарына кайрылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG