КР чек ара кызматынын маалымат катчысы Досназар Абдулазизовдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча өзбек чек арачылары тарабынан кармалган кыргызстандык жарандарды кайтарып алуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын айтуусунда өзбек тарап кыргызстандык эки жаранга карата кылмыш иши козголгондугун, маселе соттун чечимине жараша чечилерин билдирүүдө. Эске сала кетсек, Айдаркен чек ара отрядынын кызматкери Закир Акбаров 26-майда жанында өзүн күбөлөндүрүүчү документи жок чек араны кесип өтүп, мыйзам бузууга жол берген, деген айып менен камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Ал эми өзбек чек арачылары 2-июнда кармап кеткен Өзгөн районун 31 жаштагы тургуну Убайдылла Миталипов Анжиян абагында жаткандыгы кабарланууда.(ZKo)