Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

Сот Акбаралы Айтикеевдин арызын канааттандырган жок


Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкер болуп катталбай калган Акбаралы Айтикеевдин арызын карады. А. Айтикеев арызында аны талапкер кылып каттабай койгон БШК чечимин жокко чыгарууну талап кылган. Сотто маалымдалгандай Акбаралы Айтикеев жергиликтүү комиссияларга өзүн колдогон 74 миң 81 адамдын колун тапшырган. Жергиликтүү комиссиялардын текшерүүсүнөн кийин БШКга жарактуу деп 65 миң 546 кишинин койгон колу түшкөн. Төрт региондо топтолгон колду кайрадан текшерген учурда алардын 27,5 пайызы жараксыз деп табылып, БШК Айтикеевди талапкер деп каттоого эки жарым миңге жакын кол жетпейт деген чечимге келген. Биринчи Май райондук соту БШКнын бул аракетинде мыйзам бузуу жок, деп тапты.
А. Айтикеев Биринчи Май райондук сотунун чечимин буздуруу өтүнүчү менен жогорку сот бутактарына кайрыларын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG