Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

“Садыркулов” иши облустук сотто каралары күтүлүүдө


Буга негиз боло турган арызды президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун жубайынын адвокаты Леонид Лужанский Чүй облустук сотуна берип, ишти кайра кароону сураган. Адвокат тергөө толук жүрбөй калган деп эсептеп жатат.

13-мартта Бишкек-Аламүдүн капчыгайы автожолунда күйүп кеткен “Лексус” автоунаасынан Медет Садыркулов менен кошо президенттин карамагындагы Стратегиялык изилдөө институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченконун жана айдоочу Кубат Сулаймановдун сөөгү табылган. Бул факт боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду Аламүдүн райондук соту айыпкер деп таап, аны 12 жыл эркинен ажыраткан. Адвокаттын “Азаттыкка” билдиргенине караганда анын кайрылуусу ишти толугу менен кайра кароого негиз бере алат. Мунун жообун сот болжол менен бир ай ичинде бериши керек. (BuS)

XS
SM
MD
LG