Учурда камакта отурган “Болуш” уюмунун башчысы Сапар Аргымбаев Беловодск милициясы кармап кеткендердин арасында болгон. Акыркы маалыматтарга караганда анын кан басымы жогорулап, догдурга жеткирилди. Аны бүгүн баласын бошотууну талап кылып нааразылык акциясына чыккандардын катарында жүргөн жеринен милиция алып кеткен. Бул тууралуу “Азаттыктын” Чүйдөгү кабарчысы маалымдады. (BuS)