Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Кытай лидери Орусиядагы сапарын улантууда


Ху Цзиньтао бүгүн Москванын чет жакасындагы Ново –Огареводо орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолукту. Ху Цзиньтаонун бул жолугушууда айтканына караганда, Орусия менен алака Кытай үчүн ар убак “приоритеттүү” деп эсептелинет. Кытай лидери Москвага Екатеринбургда өткөн эки саммиттен кийин келди. Ал жерде кечээ Шанхай Кызматташтык жана Орусия, Кытай, Бразилия, Индия кирген БРИК уюмунун жогорку деңгээлдеги жыйындары болду. Кытай лидери орус президент Дмитрий Медведев менен ошол саммиттердин учурунда кездешкен эле. Алар өз ара сүйлөшүүлөрдү бүгүн да өткөрөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG