Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Аламүдүн райакиминин орун басары: Ак-Жар - мыйзамсыз конуш


Бул тууралуу “Азаттыкка” Аламүдүн районунун акиминин орун басары Марат Кутанов билдирди. Бишкек шаарындагы “Дордой” базарынын асты жагында орун алган Ак-Жар конушу учурда ишкер Арсланбек Малиевке таандык. Малиев аталган конуш орун алган 128 гектар жерди өздөштүрүп, 1999-жылы менчикке өткөргөн. 2005-жылы бул жерди базарда иштеген адамдар басып алуу жолу менен ээлеп алышкан. 2008-жылы Аламүдүн райондук акимчилиги сотко кайрылып, Арсланбек Малиевден Ак-Жар конушу турган жерди кайтарып алуу аракетин көрүшкөн. Район аралык сот былтыр бул ишти карап, Малиевдин пайдасына чечип берген. Учурда Аламүдүн райондук акимчилиги менчикке өтүп кеткен жерди кайтарып алуу үчүн Жогорку Сотко аппеляциялык арыз менен кайрылганы жатат.
Бүгүн Ак-Жар конушунун 100дөн ашуун тургуну Ташкент-Алматы кан жолун тосуу аракетин көрүшкөн. Алардын талабы жаңы конушту электр жарыгы, суу менен камсыздап, турак үйлөрдү каттоо иштерин иретке келтирүү болгон. Ак-Жар конушун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн 30дай милициясы кайтарууга алып турат. (SA)

XS
SM
MD
LG