Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Социал-демократтар фракциясы энергетикалык ишканалардын менчикке чыгарылышына каршы


Социал-демократтар фракциясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай өкмөт Бишкек ТЭЦин, “Бишкек жылуулук тармактары” жана “Түндүкэлектро” ишканаларынын мамлекетке тиешелүү акцияларын өз-өзүнчө сатууга аракет кылууда. Аталган фракциянын депуттаттары мындай болгон учурда “Түндүк электро” ишканасы жалгыз гана сатылып, ал эми кирешесинен чыгашасы көп “Бишкек ТЭЦ” менен “Бишкек жылуулук тармактары” ишканалары кала берет. Ал эми “Түндүк электронун” сатылышы электр энергия баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келет, деп эсептешет. Фракция жалпысынан азыркы кризис учурунда мамлекеттик маанилүү ишканаларды сатуудан пайда жоктугун белгилешүүдө. Ошондой эле социал-демократтар “КыргызГаз” ишканасынын Орусиянын “ГазПром” компаниясы тарабынан менчикке алынышынан жаратылыш газынын баасы арзандашына да күмөн санап жатышат. Кыргыз өкмөтү мындан мамлекет утуш гана аларын, Орусиялык ишкана өлкөнүн 70% газ менен камсыздоо милдетин алууга даяр экендигин билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG