Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

БШК: Кыргызстанда 2 млн. 700 миң шайлоочу бар


Бүгүн БШК төрагасы Дамир Лисовский президенттик шайлоого камылгалар тууралуу журналисттерге маалымат берди. Төраганын маалыматына караганда Кыргызстанда президенттик шайлоо укугуна ээ 2 млн. 700 миң шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсү үчүн 2333 шайлоо участогу даярдалып жатат, бул иш чара 20-июнга чейин аяктайт. Аларда иштей турган 23 миңден ашык комиссия мүчөлөрү атайын окуулардан өтөт.
Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын добуш берүүсү үчүн 49 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлүп жатат. Шайлоого чет өлкөдөн 800дөн 1000ге чейин байкоочу катышаары болжолдонууда. Ал эми жергиликтүү байкоочулардын саны такталып бүтө элек. БШК төрагасы Дамир Лисовский ошондой эле 18-июндан баштап Кыргызстанда үгүт иштери башталгандыгын тастыктады. Президенттикке алты талапкер катталган. (BuS)

XS
SM
MD
LG