Өз тынчсыздануусун билдирген кайрылууну “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы президент Курманбек Бакиевге жолдоду. Кайрылууда “Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө” мыйзам Конституцияга каршы келип, жарандардын өз мүлкүн коргоо, турак жайына кол тийбестик, жеке менчик укуктарын, жеке жашоо эркиндигин бузат деп айтылат. Кайрылууда айтылганга караганда мыйзамда жарандардын мүлкүн пайдалануу, анын чыгымдарын төлөп берүү жагы так берилген эмес. Коррупция өнүккөн аскер түзүмдөрүндө, тартип коргоо кызматтарында бул пайда табуу булагы катары пайдаланылышын да уюм жокко чыгарбайт. Ошондуктан “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы мыйзамга вето коюуга президент Курманбек Бакиевди чакырган.
“Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңештин сессиясы 11-июнда 69 добуш менен кабыл алган. Мыйзамдын 18-беренесинин 3-пунктунда өкмөт белгилеген тартипте мамлекеттик органдардын талабы боюнча Улуттук коопсуздукту коргоону камсыз кылуу максатында жарандар имараттарды, курулуштарды, транспорт каражаттарын жана өздөрүнүн менчигинде болгон башка мүлктөрдү кийин компенсациялоо жолу менен беришери жазылган. (BuS)