Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Жыл башынан бери кулчулуктан 70 адам кайтарылды


Алардын отузу - аял, кыркы –эркек. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Уюмдун билдирүүсүнө таянсак, кыргыз жарандары ириде Орусия менен Казакстанга кулчулукка көп сатылып кетүүдө. Алардын көбү кара жумушка мажбурланып тартылса, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына иш издеп кеткен кыздар сойкулукка кириптер болуп калууда. Кулчулук курмандыктары көбүнчө жумушсуздук айынан сыртка агылып чыккандар менен чет жерге турмушка чыгууну көздөгөндөрдөн турат. (EK)

XS
SM
MD
LG