Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Токтогул районунда президенттикке талапкер А. Атамбаевдин алгачкы жолугушуусу өттү


Мындай маалымат бүгүн өлкө башчылыгына талапкер А. Атамбаевдин маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаевден алынды. Анын билдиришинче, жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын тоскоолдугуна карабай, Токтогул районундагы жолугушууга 500дөн ашык адам катышты. Анда президенттикке талапкер А. Атамбаев жана БЭКтин өкүлдөрү А. Бекназаров жана Т. Тургуналиев өлкөдөгү бийлик кетирген кемчиликтер, экономикалык- каржылык маселелер, электр жарыгы жана ГЭСтердин курулушу тууралу маселе көтөрүштү. Ошондой эле алар аталган көйгөйлөрдү оңдоонун жол-жоболору тууралуу пикирлерин ортого салышты. (YA)

XS
SM
MD
LG