БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссары Антонио Гутеррестин Кыргызстандын качкындарга карата саясатына ичи толбой жаткандыгын бүгүн Бишкектеги БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын өкүлү Ханс Фридрих Шоддер билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары Казакстан менен Тажикстан качкындарга баш паанек берүү жагынан алдыга кетсе, Кыргызстандын көрсөткүчтөрү тескерисинче үч пайызга төмөндөгөн. Шоддердин белгилешинче, Кыргызстан буга дейре жыйырма миндей качкынды баш калкалатып келген менен бүгүнкү күндө 900 чакты качкынга эле баш паанек берип жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте, 18-июнь - Эл аралык качкындар күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтылды. (EK)