Ага ылайык, бул экономика быйыл мурда болжонгондой 6.5 эмес, 7.2 пайызга өсөт. Жаңы кварталдык отчетунда банк быйыл азырга чейин Кытайда кабелтең өсүш болгондугун белгиледи. Жылыш кытай өкмөтүнүн 580 миллиард доллардык колдоо планынын аркасы менен мүмкүн болду. Ошол эле мезгилде Дүйнөлүк Банк Кытай оңолуунун даңгыр жолу түштү деп айтыш али эрте экендигин эскертти. Экономикасы АКШ менен Жапониядан кийин эле үчүнчү орунду ээлеген Кытайда чет элдик суроо-талаптын түшүп кетишинен өсүш жайлап калды.