Өлкөнүн улуттук командасы 1966-жылдан бери биринчи жолу ушул бийиктикке көтөрүлдү. Ал кечээ Риядда Саударавия менен беттешип, оюндан 0-0 эсебинде чыкты. Келерки жылы Түштүк Африкада өтө турган мелдешке Азиядан дагы Түштүк Корея, Жапония, Австралия да катыша тургандыгы аныкталган. Шаршембиде Иран Түштүк Кореяга утулуп, ат салыштан чыгып калды.