УТРКнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровго жана коррупция менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттиктин комиссары Садыр Жапаровго жооп кылып жазган билдирүүсү мына ушинтип аталат. Анда айтылгандай кечээ Коррупция менен күрөшүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун Улуттук телеканал коррупциянын өнүгүшүнө жол берип жатат, деп айткандары суу кечпейт. Билдирүү ээси мурда улуттук телеканалдан көрсөтүлүп келген “Комиссар эскертет” берүүсүнүн авторлору өздөрү коррупцияланышып, программага тартылган адамдардан акча алып жүргөнү белгилүү болгондугун, алардан келген арыз каттар менен көрсөтүп берген. Ошондой эле анда бул каттарга байланыштуу УТРК тартип коргоо органдарына кайрылгандыгы, бир жыйынтык чыккыча берүүнү токтото турууну чечкендиги айтылат. Мындан тышкары аталган көрсөтүү журналистиканын стандарттарына жооп бербегендиги, журналисттик этиканы сактабагандыгы тууралуу сын-пикирлер буга чейин Улуттук телеканалдын жетекчилиги, көркөм кеңеш тарабынан программанын авторлоруна бир нече ирет айтылып, эскертилгендиги белгиленген. “Комиссар эскертет” көрсөтүүсү боюнча УТРК менен Садыр Жапаров жетектеген агенттиктин ортосунда эч кандай келишим болгон эмес. УТРК маалымат каражаты катары коррупция менен күрөшүүгө багытталган программаларды, өлкөнүн коомдук турмушун обьективдүү чагылдырууну уланта берет, деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ коррупция менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттиктин комиссары Садыр Жапаров Коррупция менен күрөшүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында УТРК “Комиссар эскертет” берүүсүн обого чыгарбай аткандыгын белгилеп, муну менен коррупциянын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатат, деп билдирген.(ZKo)