Бул маселени эл аралык уюмдар козгоп, доолбас кагып жатышат. Бишкектеги БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын өкүлү Ханс Фридрих Шоддердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан качкындарга баш паанек берүү жагынан артка кеткен. Ал эми Эл аралык Хьюман райтс Уотч уюму кыргыз бийлиги өзбек бийлигинин кысымы алдында айрым Өзбекстандык качкындарды кайра мекенине кайтарып берип жаткандыгына тынчсызданган. Уюмдун маалыматы боюнча 2005-жылдан бери беш өзбекстандык качкын кыргызстандык күч органдары тарабынан кайра мекенине кайтарылган.
Калкты эмгек менен камсыз кылуу жана миграция боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Айгүл Рыскулова Кыргызстан качкындар үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө аракеттенип жаткандыгын билдирүүдө. Учурда өлкө аймагындагы 600дөн ашуун качкын укуктук жана коопсуздук жактан толук камсыз болушкан, дейт Айгүл Рыскулова. Анын айтуусунда акыркы жылдары качкындардын саны азайды, 1990-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш учурунда Кыргызстанга 20 миңден ашуун качкын баш калкалап келишкен.(ZKo)