Орусияда алты улутчулдун соту аяктап, кылмыш тобунун жетекчилери Андрей Почукаев 19 жылга, Данил Тевянский 17 жылга эркинен ажыратылышты. Калган төртөө 7 жарым жылдан 11 жылга чейин түрмөгө кесилди. Алты улутчул такырбаштар 2007-жылы дагестандык эки кишиге кол салышып, алардын бирөө ошол жерден каза тапкан, экинчиси оор жараат алган.